Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл аймагында акыркы 20 жылда мындай аба-ырайы катталган эмес дешет Терек-Суу айылынын улуу курактагы тургундары.
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2018-жылда аткарган иштери боюнча элдик чогулуш болду. Чогулуш 21-ноябрь күнү Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Майорбек Сатымкулов жана райондук мекеме жетекчилеринин катышуусунда жүрдү.
Нарын облусунун Куланак айылында айрым айымдар өз колунан жасалган таттуу азыктарды айыл тургундарына сатышууда. Бул жумуш менен алектенген айымдарды кепке тарттык. Куланак айылында көптөгөн айымдар жумуш орду менен камсыз болушкан …
Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунда Тогуз-Торонун ар тарабынан бириккен «Тогуз-Торо жаштар биримдиги» жана Отор Чопиев атындагы Тогуз-Торо райондук балдар өспүрүмдөр спорт мектеби менен биргеликте «Спорт тынчтыктын жарчысы» деген аталыштагы спорттук …
Сары-Булуң айыл аймагындагы №7 Таштемир Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде «Чыңгыз Айтматов 90 жашта» деген аталыштагы фестиваль болуп өттү.
17-ноябрда Бейшеналиев атындагы орто мектебинде «Аракет» фонду тарабынан кыргыз тили, англис тили, математика сабактары боюнча олимпиада болуп өттү. Олимпиадага райондун 18 мектебинен келген 4-11-класска чейинки окуучулар катышууга мүмкүнчүлүк алышты.
Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылынын Калмурат атындагы маданият үйүндө манасчы, төкмө акын Сейнелов Рыскулдун эскерүү кечеси болду. Эскерүүгө анын замандаштары жана айылдын ак сакалдары келип катышышты.
15-ноябрда Куртка айылында 1987-жылкы мырзалар арасындагы кезектеги шерине волейбол оюну болуп өттү. Аталган оюнга Жогорку-Май, Тоголок-Молдо, Куртка (Жаңы-Талап), Ак-Кыя айылдарынан 4 команда күч сынашышты.
15-ноябрда Султангазиев атындагы маданият үйүндө маданият күнү белгиленди. Райондун акими Н.Молдокадыров 2-ноябрь маданият күнү Баетов айылынын 90 жылдык мааракесине туш келип калгандыгына байланыштуу майрам 15-ноябрда өткөрүлүп жаткандыгын белгилеп, майрамдык салтанатты …
Талас шаарындагы №90 лицейиндеги студенттер Талас районуна барып, чачты кыркуу боюнча практикага барышты Талас шаарындагы №90 лицейдин студенттери Талас районуна караштуу Жон-Арык айылындагы А.Нуржанов атындагы орто мектебиндеги окуучулардын чачын алуу …
Баткен шаарындагы «Ай-Көл» ресторанында ишкерлердин облустук форуму болуп өттү. Форумду Кыргыз Республикасынын экономика министри бир катар донордук уюмдар менен шериктеш болуп уюштурган.
Бейшеналиев атындагы орто мектебинде окуучулар арасында спорттук мелдеш болуп өттү. Аталган спорттук мелдешти «Ак-Талаа жаштар коому» бирикмеси окуучулардын ден-соолугун чыңдоо, убактысын туура пайдаланууга жана сергек жашоого үндөө, кылмыштуулуктан арылтуу, ошондой …
Бүгүн, 15-ноябрда Нарын районуна караштуу Учкун айылында Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын утурлай «Чыңгыз Айтматов ааламга адамдын мыкты белеги» аталышындагы мугалимдер арасында конкурс болуп өттү. Аталган конкурска беш айылдын …
Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүнө танк алынып келинди. Максаты согушка катышкандардын элеси унутулуп кетпеши үчүн атайын Бишкектен алынып келинди.
Жалал-Абад областына караштуу Тогуз-Торо районунда Тилектеш Эл Коомдук Бирикмеси жана райондук администрациясы менен биргеликте 10-ноябрь «Жаштар күнүнө» карата «Тогуз-Торо районунун өсүп- өнүгүүсүндөгү жаштардын ролу» деген аталышта тегерек стол өткөрүлдү. Бул …
Тогуз-Торо районунда 7-ноябрь түшүм майрамы белгиленип, ат майданында эркин күрөш, кунан чабыш, жорго жарыш, эр эңиш, күлүк, көк бөрү оюндары өткөрүлдү.
Куланак айылынын борбордук көчөсүнүн жөө жүргүнчүлөрдүн жолу талапка жооп бербейт. Ошол себептен айыл тургундары автоунаалар өтүүчү жол менен басууга туура келүүдө. Аталган айылдын тургуну Кызылгүл Жолбуновага тротуарлар «талапка жооп береби»деген суроону …
Тогуз-Торо районунун сыймыктуу атуулу, оор атлетика боюнча 2013-жылдын дуйнө жана Азия чемпиону,СССР спорт чебери Азиз Куйкеев Тогуз-Торо районунун 4 мектебин кыдырып окуучулар менен жолугушту.
Нарын районуна караштуу Куланак айылында жаңы күпкөнүн ишке берилгенине 1 айдын жүзү болуп калды. Бул айдын ичинде күпкөгө төрт миңге чукул кой салынды.
Кытай эл республикасынын Сиань ассоцациясынын колдоосу менен Бишкекте кытай-кыргыз сʏрɵтканасы ачылды.