2014-жылдын декабрь айында жергиликтүү депутаттар жана мурунку айыл өкмөту Батырбеков Өмурзак Жалиловичтин жардамы менен Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Ак-Дөбө айылында «Гулзар» аттуу балдар бакчасы ачылган.
Клооптун 2016-жылы уюштурган «Жай-1» жана «Жай-2» журналистика мектебинин тренерлери өз айылдаштарына алган билимин бөлүшүп, жаңылык жазуунун негиздерин үйрөтүшкөн. Тренерлердин сабактарына катышкан ыктыярчы-кабарчылар алты ай (сентябрь — февраль) аралыгында сынак үчүн өз …
Якутск шаарында иштеп жаткан келиним Манапбаева Динараны 2-март туулган күнү менен үй-бүлɵбүздүн атынан куттуктайбыз.
Ата-Мекенди коргоо күнүнɵ карата Сокулук районунун Кызыл-Туу айылынын С.Абдылдаева атындагы орто мектебинде «Ата-Мекенди коргоо биздин милдетибиз» атту кече болуп ɵттү. Иш-чарага Ооган согушунун ардагерлери, айыл тургундары, мугалимдер жана окуучулар катышты.
“Ак эмгек майды чайнатат” дегендей, бизнес аркылуу акча табуунун ар түрдүү жолу бар. “Алма, быш, оозума түш” деп отура берсең, базар экономикасынын агымынан четке сүрүлүп каларың бышык. Даамдуу тамактардын катарын …
24-февралда Суусамыр айылында 5 айылдын (Тунук, МЖС, Май,Кожомкул, Кызыл-Ой ) арасында өткөрүлүп жаткан “Суусамыр айыл таланттары” деген темадагы ыр-кесе болуп өттү.
Суусамыр өрөөнүндөгү 5 орто мектептин маданият жана маалымат министрлери Суусамыр радиосунун түз эфиринде күч сынашып, ’’Эн мыкты маданият жана маалымат министр’’ наамын Кожомкул айылынын Сапарбек Мырзакматов атындагы орто мектебинин маданият …
Токтогул районунун Мазар-Суу айылында №14 Жоомарт атындагы мектеби жаңы салынууда. Бул туралуу аталган мектептин директору Дамира Иметкулова менен маек курдук.
Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев мектебинде 2-мартта боло турган облустук семинарга даярдыктар көрүлүп, ар бир окуу бөлмөсүнө эмеректер, окуу куралдары, усулдук бурчтар ата-энелердин демөөрчүлүгү менен жаңыланды.
Макалабыздин бул санында Учкундун кулуну туңгуч кыргыз эстрада ансамблин уюштуруучу, көркөм жетекчиси, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, «Эсртаданын карлыгачы» аталган Кожомжаров Чоро тууралуу сөз кылабыз.
Кѳп жылдан бери Якутск шаарында Федералдык кызмат тармагында үзүрлүрлүү эмгектенип жаткан Орозбаков Алибек Күмүшбековичти 1-март туулган күнү менен куттуктайбыз.
2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында гендердик тенчиликке жетишүү боюнча иш-аракеттердин улуттук планын аткаруу.Жашы жете элетер менен никеге туруу:кылмыш жоопкерчилигин киргизүү жана калыкты маалымдоо тегерек столу өттү. Талас облусунда бүгүн «Байбол» ресторанында Аялдарды …
Азыркы илим менен техника кеңири кулач жайган учурда китептен маалымат алууга караганда интернеттен маалымат алуу актуалдуу болуп калды. «Акыркы мезгилдерде окуучулардын китепке болгон кызыгуусу кандай?» деген суроонун айланасында Лейлек районуна караштуу …
Түп районуна караштуу Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов орто мектебинде «Математика — бул поэзия, математика — бул жашоо» аттуу тарбиялык саат өттү. Ага 9-класстын окуучулары катышты.
Түп районуна караштуу Токтоян айылынын таланттуу окуучуларынын бири -бул манасчы кыз Айсырга Шаршеева. Мугалимдердин айтуусуна караганда, Айсырга «Манасты» мыкты айткан өзүнүн таланты бар.
Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинин окуучулары жылда өтүүчү “Жаш таланттар” сынагына даярданып жатышат. Даярдыктар кандай жүрүп жаткандыгы тууралуу мектептин музыка мугалими Жумагүл Өмүровага кайрылдык.
Куланак айылында мүмкүнчүлүгү чектелген канча адам каттодо турат, аларга жергиликтүү бийлик тарабынан кандай жеңилдиктер каралган? Бул суроого Нарын районуна караштуу Куланак айылынын социалдык кызматкери Алмагүл Бейшеналиевадан жооп алдык.
Йога — Индиянын байыркы тилинен которгондо «көнүгүү», «гармония» дегенди түшүндүрөт. Йога адамдын ачыла элек мүмкүнчүлүктөрүн ачууну көздөп, адамдын өзүнө ишенүүсүн күчөтөт.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкүмөтүнүн Манас атындагы орто мектебинде 25-февраль күнү спорттун теннис жана кол күрөш түрү боюнча зоналык спартакиада болуп өттү. Буга чейин спорттун волейбол, шахмат, тогуз коргоол …
Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинин «Нур баян» тобу өрөөндүк «Манас таануу» сынагынан өтүп, райондук сынактан биринчи орунга татыктуу болду. Райондук таймаш Он-Арча айылында өткөрүлгөн. «Нур баян» тобун 5 окуучу кыз …