Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылында көк бөрү боюнча мелдеш болуп өттү. Ага үч айылдын алты улакчылар тобу катышып, Ичке-Суунун командасы баш байгени алды.
Түп районунун Чоң-Тогузбай айылында сулуулар сынагы болуп, ага беш кыз катышты. Сынакта 9-классынын окуучусу Назми Социалова жеңишке жетти.
Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын тургуну Эмилбек Сыдыков ооган согушуна 1987-жылы барган. Ал согуштан 1988-жылы июль айларында мекенине кайтып келген.
Сокулук районуна караштуу Жал айылындагы Рүстөмбек Мамыралиев гимназия орто мектебине Бишкектеги «Балдардын укуктарын коргоочулардын лигасы» коомдук бирикмесинин клиникалык психологдору келип, окуучуларга интернет сайттары боюнча түшүндүрмө берди.
Ак-Талаа районундагы Конорчок айылындагы Н. Жыргалбекова атындагы орто мектебинде 7-11-класстын жалпы окуучулары үчүн укук коргоо кызматкерлери, мугалимдердин катышуусунда жыйын болуп, анда учурдагы кооптуу жагдайды жаратып жаткан интернет оюндары тууралуу маалымат …
Ак-Талаа районуна караштуу Жаңы-Талап айылындагы Байымбет орто мектебинде ата-энелер менен бирге окуучулардын спорттук мелдеш өткөрулдү. Аталган иш-чара мектептин социалдык педагогу Мээрим Кулманбетованын демилгеси менен уюштурулган.
Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №5 “Кызгалдак” балдар бакчасынын оңдоо иштери аяктады. “Арис” программасынын долбоору менен жылуулук системалары орнотулуп, мындан кийин кышкысын дагы иш алып баруу алдында турушат.
Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылынын №12 Курама уулу Турусбек мектебинин 10-классынын окуучусу Жоодар Асылбеков пульт менен иштеген оюнчук машина жасады. Атасынын жолун жолдогон жаш уста Жоодардын өнөрканасына баш багып келдик.
Лейлек районуна караштуу Искра айылындагы Манас орто мектебинде 14-февраль күнү Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) даярдануу жана кантип көп упай алса болот деген темада лекция өтүлдү. Лекцияны Лейлек районундагы 3-гимназиянын 11-классынын окуучусу …
“Ак-Талаа жаштары” коомдук бирикмеси Ак-Талаа районунун аймагындагы социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк жардамдарын беришти.
Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын Кубанычбек Мамытов мектебинде Жумабек Осмоновдун “Ызылдак” көрсөтүүсү болуп өттү. Аны Каракол шаарындагы драма театрынын актёрлору коюп беришти.
Акыркы убакта интернет китептен көп колдонулуп жатат. Бул жөнүндө Нарын районундагы Куланак айылынын мугалимдери менен окуучуларынан сурап көрдүк.
23-февраль мекенди коргоочулар күнүнө карата Кызыл-Кыя шаарында согуштун ардагери Алмамат Шамшиевдин элесине арналган эскерүү кечеси болуп өттү.
Токтогул районунун Терек-Суу айылындагы мектеп мугалими Айгүл Ормонбекова өз кесибинен сырткары чач тарач, визажист, кол өнөрчүлүк менен да алектенет. Ар тараптуу айым менен маек курдук.
Афган согушунун жоокерлери Сокулук районундагы Жал айылында жайгашкан Рүстөмбек Мамыралиев гимназия мектебинин ачык сабагына катышты.
Азыркы тапта, Кыргызстан боюнча белгилүү болуп жаткан “Синий Кит” оюну өзгөчө талкууга алынууда. Бул оюн социалдык тармакта жаш өспүрүмдөр арасында коркунуч жаратат.
Түп районуна караштуу Токтоян айылында көп жылдык бак-дарактар бар. Алардын арасында бир жарым кылымдык дарак да бар.
Түп районундагы Токтоян айылынын Коёнкөзов мектебинде физика, география сабактары боюнча жумалык жарыяланды. Бул жумалыктын негизги максаты — физика жана география сабагынан окуучуларга тереңдетип билим берүү.
Түп районуна караштуу Токтоян айылындагы Коёнкөзов мектебинин 10-классынын окуучулары айылдык усталарга барып, алардын жасаган иштери менен кенен таанышып келишти.
Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө айылынын тургундарынын ден соолугун мындан он жылдай мурун салынган ФАП (Фельдшердик-акушердик пункту) көзөмөлдөйт.