Токтогул районунун Терек-Суу айылында «Terek-Suu Revolution» деп аталган интернет-клуб ачылды. Балдарга жаңы оюн залы кызык болгону менен ата-энелер каршы болууда.
Ысык-Көл облустунун Түп районуна караштуу Асан Сопиев мектебинин терезесинин абалы учурда канаттандырарлык эмес. Кыш келгенде жылуулоо иштери жүрөт, бирок ага карабастан мектеп муздак бойдон калууда.
Тасма айылынын төрт узун жолдорунун бири Тынтай көчөсүндө оңдоп-түзөө иштери жүрдү. Жол көчөнүн жашоочулары жана айыл өкмөтүнүн жардамы менен оңдолду.
Акыркы мезгилде анемия дарты менен ооругандардын саны күн санап көбөйүүдө. Бул ооруу адамдардын организмине керектүү азык-заттардын жетишсиздиги жана адамдардын туура эмес тамактануусунун негизинде келип чыгат.
Сумбула айыл округунун Маданият үйүндө ыр кесе өттү. Анда айылдык жаш жана кары таланттардын шыгын элге көрсөтүлүп, маданият үйлөрүнүн отчёттук концерти белгиленди.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында Аваз Дүйшөбаев 1978-жылы 12-декабрда жарык дүйнөгө келген. Айылдагы көчөлөрдүн бири анын аты берилген жана мектептеги окуучулардын уюму да анын атын алып жүрөт.
Учурда Кыргызстан аймагында жер титирөөлөр болуп жатканына байланыштуу Ысык-Көл облусунун Тасма айылындагы Сопиев атындагы мектебинде окуучулары жер титирөөгө байланыштуу иш чара болуп өттү. Бул иш чара жыл сайын, кээде ай …
Ысык-Көл облустунун Түп районуна караштуу Асан Сопиев мектебинде 9-10-11-класстар үчүн окуу болуп өттү. Бул окууну Германиянын DW Akademie Eurasia уюму каржылап, Жааматтык жалпыга маалымдоо каражаттарынын ассоцациясы (АОСМИ) уюштурду.
Тренинг 14-ноябрда Барскоон айылындагы Э.Кендирбаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектепбинде өттү. Бул тренингдин негизги темасы кесипти тура тандоо болду.
Нарын районунун Учкун айылында «Дастан» тигүү цехинин ачылганына беш жыл болду. Учурда бул мекеме беш аялды жумуш менен камсыздайт.
Куланактагы улакчы жаштар жергиликтүү бийликке ат оюндарды мелдештерди уюштурууга жана көнүл бурууга чакырат. Буга чейин айылда көп эле жолу улак тартыш оюну болуп келген.
Нарын районунун Учкун айылына Америкадан ыктыярчы келгенине бир жыл болду. «Мен кыргызча жашашым керек» деген Дениел Гроссо өзүнүн бир күндүк жашоосун айтып берди.
Кыргыздын улуттук оюндарынын бири улак тартыш оюну Учкунда 2-3 жылдан бери ойнолбой калган эле. Буга кайдыгер карабаган айылдык жаштар улак тартыш оюнун кайрадан жандандыра баштады.
Баетов айылынын тургуну Света эже бир канча жылдан бери үйүндө лимон, мандарин жана болгар калемпирин өстүрүп, түшүмүн алып келет.
Быйылкы окуу жылдын башталышында Токсобаев орто мектебине көрк берүү үчүн жана окуучулардын талантын ачуу максатында “Мекеним Кыргызстан” сүрөт сынагы уюштурулду. Сынак үчүн сүрөттөр мектептин короосундагы дубалга тартылды.
Нарын районунун Эчки-Башы айылына 10 командадан түзүлгөн грек-рим күрөшү боюнча беттеште Куланак айылынын жаштары командалык биринчиликти багындырып келишти. Райондук беттеш 14-ноябрда болуп өттү.
Баткен шаарында жаштардын жаркын окуясы «ЖаштарКемп 2015» 14-ноябрда белгиленди. Аталган иш чарага 350 жаш активисттер катышты.
Түп районундагы Тасма айылынын тургуну Бурулуш Асаналиева кол өнөрчүлүк менен алектенет. Ал кездемелерден курак курап, оюу салып, жер төшөк жана жаздыкчаларды жасайт.
Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылындагы мектепти 2003-жылы бүтүргөн тургундары 10 жылдык майрамдык кечеден баш тартышкан. Анын ордуна айылдашынын эскилиги жеткен үйүнүн жанына жаңы там салып берүүнү чечишкен. Канай Эшенкулов Кыргызстан айылындагы …
Түп районундагы Тасма айылынын тургуну Гүлзат Чекирова үйдө жөн олтурбастан токуу иштери менен алек. Ал баш кийим, жакет жана кичине балдар үчүн жиптен кийимдерди токуйт.