Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Чолпон

Чолпон айылында сугат суунун тартыштыгы дыйкандарды түйшөлтүүдө

Жазгы талаа иштери кызуу башталганы менен, сугат суунун жоктугу дыйкандарды түйшүккө салууда. Жер айдап бүткөндөр көп болсо да, суу жетпеген жерлерде себүү иштери токтоп турат.

30 Апрель 2026 жыл 9:11

Чолпон айылында футбол аянтчасы курулууда

Кочкор районундагы Чолпон айылында жаңы спорт аянтчасынын курулушу кызуу жүрүүдө. Президенттин демилгеси менен башталган бул долбоор айыл жаштарынын спортко болгон кызыгуусун арттырып, заманбап шарттарда машыгууга жол ачат.

23 Апрель 2026 жыл 9:21

Мектеп окуучулары экологиялык долбоорго катышууда

Кочкор районундагы Корчубек Акназаров атындагы мектептин окуучулары Сон-Көл экосистемасын сактап калуу жана жаратылыш ресурстарын туура пайдаланууну үйрөнүшүүдө. «ИСУР» коомдук уюму тарабынан уюштурулган «Жаратылышты коргоочулар» курсу жаш муундардын лидерлик сапаттарын өнүктүрүп, …

19 Апрель 2026 жыл 17:42

Жыпар Исакованын ырлары «Эргүү» жыйнагына кирди

Балалыктагы аңгемелерден башталган чыгармачылык жол узак тынчтыктан кийин кайрадан жанданды. Бүгүнкү каарманыбыз Чолпон айылынын тургуну Жыпар Исакова узак тыныгуудан соң поэзия айдыңына жаңы дем менен кадам таштады. Анын калемине таандык …

10 Апрель 2026 жыл 10:19

Чолпон айылындагы мектепте жашылдандыруу иштери жүрүүдө

Нарын облусунун Кочкор районундагы Чолпон айылындагы мектепте көрктөндүрүү иштеринин пландык этабы уланууда. Агартуу министрлигинин №5-3/843 сандуу катынын негизинде, өлкө аймагында жарыяланган эки айлык ишембиликтин алкагында мектепте жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери …

5 Апрель 2026 жыл 17:56

Койлорду кралинге салып дарылоо өнөктүгү кызуу жүрүп жатат

Койлорду купкага кралин эритмесине салып дарылоо — малдын ден соолугун сактоодо эң натыйжалуу ыкмалардын бири. Бул ыкма ар кандай жугуштуу жана териге байланыштуу оорулардын, анын ичинде котур жана бит сыяктуу …

4 Апрель 2026 жыл 16:27

2-апрель — Эл аралык балдар китептери күнү: Кочкордогу айыл китепканасында окурмандардын саны өсүүдө

Эл аралык балдар китептери күнүнө карата Кочкор районунун Чолпон айылындагы №3 китепканада өзгөчө жандуулук байкалууда. Алты жылдан бери бул китепкананы жетектеп келе жаткан Динара Кадырованын айтымында, санарип дооруна карабай, айылдык …

2 Апрель 2026 жыл 20:17

Жергиликтүү жамааттын демилгеси менен Чолпон айылында мүрзө тосулду

2025-жылдын жай айлары Нарын облусунун Чолпон айылынын тургундары үчүн өзгөчө биримдиктин жана ынтымактын мезгили болду. Жергиликтүү элдин демилгеси жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен айылдагы мүрзөнү тосуу иштери жыйынтыкталды. Бул саамалык айыл …

28 Март 2026 жыл 8:51

Чолпон айылында чебер айымдардын кол өнөрчүлүк көргөзмөсү өттү

26-мартта Чолпон айылында жергиликтүү айымдардын кол өнөрчүлүк көргөзмөсү өтүп, анда салттуу өнөрдү туристтик багытка айландыруу демилгеси көтөрүлдү. Райондук жана облустук жетекчилер катышкан иш-чарада айылдык ишкер айымдардын бизнес долбоорлорун колдоо маселеси …

27 Март 2026 жыл 8:57

Шамшы айылында декадалык жөнгө салуу бассейнинин курулушу 80% аяктады

Кочкор районунун Шамшы айылында декадалык жөнгө салуу бассейни (БДР) курулуп жатат. Учурда курулуш иштери 80 пайызга аткарылып, объектте иштер кызуу жүрүүдө.Бул ирригациялык объект пайдаланууга берилгенден кийин Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу …

24 Март 2026 жыл 21:27

Чолпон айылында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди

Кочкор районунун Чолпон айылында 22-мартта Нооруз майрамы  салтанаттуу белгиленип, айыл тургундарынын кеңири катышуусунда шаңдуу иш-чара уюштурулду. Улуттук каада-салттарды даңазалаган бул майрам элдин ынтымагын бекемдеп, жаздын келишин, жаңыланууну жана жакшылыкка болгон …

23 Март 2026 жыл 20:35

«Клетка өлкөсүнө саякат» жана «Акыл Ордо» мектепте билимге арналган иш-чара болуп өттү

Нарын облусунун, Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы жалпы билим берүү мектебинде окуучулардын билимге болгон кызыгуусун арттыруу максатында илимий жана интеллектуалдык иш-чаралар уюштурулду.

14 Март 2026 жыл 14:55

Чолпон айыл аймагында шарп оорусу катталууда

Февраль айынын башынан Чолпон айыл аймагындагы айылдарда ири мүйүздүү мал арасында шарп оорусу каттала баштады. Айыл тургундарынын айтымында, бул илдет уй, торпок, бука жана кунаажындардын дээрлик баарына жайылып, мал ээлерин …

7 Март 2026 жыл 13:33

Чолпон айыл аймагында жергиликтүү көйгөйлөр жана инвестициялык пландар талкууланды

5-март күнү Чолпон айыл аймагында Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоорунун алкагында коомдук талкуу болуп өттү. Иш-чарада онлайн платформа аркылуу аныкталган айылдардын негизги көйгөйлөрү тааныштырылып, инвестициялык пландар жана коомдук мониторинг тобун …

6 Март 2026 жыл 13:45

Сапаттуу үрөндү 30% арзан алууга болот

Кочкор районунун дыйкандары үчүн 2026-жылдын жазгы талаа иштерине карата мамлекеттик колдоо уланууда. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, дыйкан-фермерлер сертификацияланган үрөндөрдү 30 пайыздык дотация менен жеңилдетилген баада сатып ала алышат. …

2 Март 2026 жыл 22:24

Чолпон аймагында эркектердин саламаттыгы текшерилди

Февраль айында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан жарыяланган “Жооптуу бол!” бир айлыгынын алкагында 18 жаштан жогорку эркектер жугуштуу эмес ооруларды аныктоо максатында акысыз медициналык текшерүүдөн өтүштү. Чолпон айыл аймагында …

28 Февраль 2026 жыл 12:57

Чолпон: Жасалма интеллект кургак учукту аныктоого көмөктөшүүдө

Нарын облусунун Чолпон айыл аймагында тургундарды кургак учукка каршы алдын ала текшерүү иштери жүрүүдө. Быйылкы профилактикалык иш-чаранын башкы өзгөчөлүгү — оорунун белгилерин аныктоодо жасалма интеллект технологиясы колдонулууда.

22 Февраль 2026 жыл 9:39

Касымбек Жунушовдун жаркын элесине арналган волейбол турнири өттү

18-февраль күнү Кочкор районундагы Корчубек Акназаров атындагы жалпы билим берүү мектебинде мугалимдер үчүн өзгөчө маанай тартуулаган спорттук иш-чара болуп өттү. Волейбол боюнча MIX форматында өткөн бул мелдеш агайлар менен эжейлерди …

20 Февраль 2026 жыл 16:16

Кочкордогу «Согум» фестивалы – унутулуп бараткан салттын жанданышы

Кочкор районундагы Ормон хан этно-комплексинде кыргыз элинин кышка кам көрүү салтын даңазалаган «Согум» аттуу этно-фестиваль болуп өттү. Иш-чарага Россия, Кытай жана коңшу Өзбекстан, Казакстан сыяктуу өлкөлөрдөн, ошондой эле башка мамлекеттерден …

15 Февраль 2026 жыл 11:04

Чолпон айылында «Бейиш апама кат» тасмасы көрсөтүлдү

2026-жылдын 8-февралында Кочкор районунун Чолпон айылынын клубунда «Бейиш апама кат» аттуу тарбиялык мааниси чоң көркөм тасма көрсөтүлдү. Айыл тургундары бул иш-чараны жылуу кабыл алышты. Тасма эне менен баланын ортосундагы ыйык …

11 Февраль 2026 жыл 15:53

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...