Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Чолпон

Берекелүү Нооруз майрамы

Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айылында 21-март күнү берекелүү Нооруз майрамы белгиленди.

22 Март 2023 жыл 8:41

Ууздун жасалышын билесизби?

Азыркы мезгилде Кочкордун Чолпон айылында көпчүлүк уйлардын төлдөп жаткан учуру. Уй жаңы төлдөгөндө  уй баласына кандай кам көрүү керек жана ууз кантип жасалат?

17 Март 2023 жыл 14:41

Бишкек шаарына 3 күндүк саякат

Кочкор районунун окуучулары арасында Кочкор райондук «Прогресс» коомдук фонду уюштурган китеп сынагынан финалга чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жолдомо алган окуучулар 3 күндүк экскурсияга барып келишти.

16 Март 2023 жыл 14:58

Породалуу тоокту багуунун артыкчылыгы бар

Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын тургуну Кенже Кожомуратова тоокторду багып баштаганына 3 жыл болду. Жергиликтүү тооктор киреше алып келбегендиктен эт багытындагы тоокторду багып баштаган. Жөжөлөрдү инкубатордон бастырып чыгарат жана чоңойгуча …

16 Март 2023 жыл 13:53

Кочкор: «Билим кенч, эмгек анын ачкычы»

3-март күнү Молдо-Кылыч айылындагы Убайдылда Малтабаров мектебинде «Улуттук нарк-дүйнө жаны менен бир» деген темада интеллектуалдык оюну өттү.

6 Март 2023 жыл 12:07

Кочкордо «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы өттү

Нарын облусунун Кочкор районундагы Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу Туз айылынын Сайнап Жунушалы кызы атындагы орто мектебинде райондук деңгээлде интеллектуалдык «Манас таануу» таймашы жана Жаш манасчылар арасындагы кароо-сынагы болуп өттү.

4 Март 2023 жыл 11:39

Жайыт акынын минималдык баасы бекитилди

Жайыттар мал чарбасы үчүн тоюттун булагы болуп саналат. Азыркы учурда малдын санынын өсүшү жана жайыттарды рационалдуу эмес башкаруу жайыттардын азайышына, өсүмдүктөрдүн деградациясына себепкер болду. Жайыт жерлеринин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу, жайыттарды сактоо …

27 Февраль 2023 жыл 15:34

Коомдук ишмер окуучуларды келечекке тарбиялоону колго алууда

Кочкор районундагы Чолпон айылынын тургуну Максат Кубанчбеков Корчубек Акназаров орто мектебине келип балдарга тарбиялык мааниде 9-11-класстардын окуучуларына сабак өттү. Коомдук ишмер балдардын кийинки жашоосунда мамлекетке пайдасын тийгизген жаштардан болуп өсүүсүн …

27 Февраль 2023 жыл 15:27

Бозого суроо – талап кышында көп болот

Бозо – кыргыздын улуттук суусундугу. Ал дан өсүмдүктөрүнөн, таруу, жүгөрү, буудайдан өндүрүлгөн угуттан даярдалат. Айыл жеринде мурдагыга караганда бозо салгандар азайды. Бирок кардарлар көп болгондуктан, бозонун баасы кымбаттаган.

17 Февраль 2023 жыл 14:22

Кочкор районунун акими менен Чолпон эли менен жолукту

Кочкор районуна караштуу Чолпон айыл өкмөтүнүн эли менен райондук администрация башчысы менен жолугушуусу болуп өттү. Жыйында аким элдин көйгөйүн, жүрүп жаткан долбоорлорду өз көзөмөлгө аларын баса белгиледи.

17 Февраль 2023 жыл 14:17

Чолпон айылындагы оорукана кайрадан жаңыланды

16-февраль күнү Чолпон айылындагы оорукана жаңыланып, ишке кирди. Оорукана 20 жылдан бери эски абалда турган. Ошол себептүү дарыгерлердин кубанычында чек жок.

17 Февраль 2023 жыл 12:51

Китеп окуу маданияты үй- бүлөдөн башталат

Мектеп менен ата-эненин байланышын күчөтүү максатында Кочкор районундагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин 7- классынын окуучулары жана ата — энелери менен тарбиялык ачык сабак өтүлдү. Бул сабакты класс жетекчи жана …

16 Февраль 2023 жыл 21:12

Чолпон: Aмерикалык математикалык олимпиадасынын сыйлыктары тапшырылды

8-февраль күнү  Кочкор районуна  караштуу Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин Aмерикалык математикалык олимпиадасынын экинчи туруна жолдомо алган окуучуларына сыйлыктар ыйгарылды. Сыйлыкты Кочкор районунун администрация башчысынын орун басары жана …

12 Февраль 2023 жыл 14:31

Кочкор: Туз айылында самын чыгарылууда

Кочкор районуна караштуу Туз айылынын тургуну Нурлан Алтымышов бир жылдан бери күнүмдүк турмушта абдан зарыл болгон каражат, самынды чыгарып келет. Самынды чыгарууга кеткен сырьенун кымбатташы менен анын баасы да кичине …

9 Февраль 2023 жыл 14:17

Китепканачынын кызматын билесизби?

Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин китепканачысы Гүлжан Шаршееванын иши тууралуу төмөндөгүлөрдү маалымдады. Китепканачы жыл башында китеп таратып, жыл аягында чогултуудан башка кызматы кандай?

3 Февраль 2023 жыл 12:39

Чолпон: Кичинекей Рамазан үйүндө коён багат

Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын тургуну  Шакин Айылчиева  небересин Рамазан Ишеновду эмгекке тарбиялайт. Бул келечекте чоң жардамы тийет деген үмүттө. Рамазан болгону 6 жашта. Кичинекей болгонуна карабастан абдан чыйрак.

3 Февраль 2023 жыл 12:25

Баалуу «Чоң Туз» кени Кочкордо

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун борборунан 25 чакырым алыстыкта, деңиз деңгээлинен 2100 м бийиктикте, тоонун боорунан орун алган «Чоң Туз» шахтасында баалуу туз кени бар. Даарылык касиети мол, дартка даба …

3 Февраль 2023 жыл 12:23

Чолпондо АРИС долбоору башталды

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Чолпон айылында АРИС долбоору ишке кирип жатат. Азыркы учурда Нарын облусу боюнча 4 долбоор ишке ашууда. Айыл элинин ватсап группасында онлайн талкуу жүрүп, кийинки добуш …

1 Февраль 2023 жыл 16:54

ЖРТга кантип даярдануу керек?

Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин мугалимдери жана 11-классынын окуучулары ЖРТга кантип даярдануу керектиги тууралуу өз пикирлерин айтышты.

1 Февраль 2023 жыл 13:56

“Чычырканак токою жоголуу коркунучунда турат…”

Корчубек Акназаров орто мектебинин 5-6-классынын мугалимдери Мунара Шейшеналиева менен Ренат Чолпонбек уулу “Окуйбуз, изилдейбиз, жаратабыз” изилдөө долбооруна катышып келишти. Гранприни утуп облустук сынакка жолдомо алышты.

30 Январь 2023 жыл 17:26

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...