Тоют кымбаттап, мал багууда кыйынчылыктар жаралып жатат. Кышында болсо сүт азайып, тоют, жем кымбат болгондуктан сүттүн баасы өсүүдө. Кочкор районунун Чолпон айылында сүттүн баасы 45 сомдон сатылууда.
Кочкор райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан 3 даана кудукча ишке киргизилди жана ошону менен бирге жер алдындагы сууларды пайдалануу үчүн, учурда коллекторлуу -дренаж түйүнүн куруу үчүн долборлоо иштери жүрүп жатат. …
Кочкор районуна караштуу Ара-Көл айылындагы муз аянтчасы тоңуп учурда элдер келе башташты. Быйыл муздун калыңдыгы 70-80 см болуп тоңду. Ишемби жекшемби күндөрү башка калаадан элдер келип эс алып кетишет.
Кочкор райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан 3 даана кудукча ишке киргизилди жана ошону менен бирге жер алдындагы сууларды пайдалануу үчүн, учурда коллекторлуу -дренаж түйүнүн куруу үчүн долборлоо иштери жүрүп жатат. …
Кочкор районунда картошканын баасы мурунку айларга салыштырмалуу өсүп жатат. Дыйкандар картошканы казып жатканда 9 сомдон өткөрүшсө, азыр 18 сомго чейин көтөрүлдү. Картошканын баасы дагы канчага өсөрүн ким айта алат? Картошка …
Эпидемиологиялык абалга байланыштуу мектептер 1 жумага карантинге тарашты. Бул карантин балдарга кандай таасир берип жатат?
Кочкор районунун Чолпон, Молдо-Кылыч, Эпкин, Туз айылдарынын 10-11-классынын окуучулары 2022-жылдын 7-декабрында Ак үйгө экскурсияга барып келишти.
Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинде Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу мектептер арасында волейбол оюну болуп өттү. Бул оюнга 6 команда катышты.
Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айылында айыл өкмөтү менен биргеликте синагидра фирмасы тарабынан түндүк — түштүк жолундагы Кочкор – Эпкин долбоорунун эсебинен бактар тигилди.
Нарын облусуна караштуу, Кочкор районунун, Чолпон айылындагы «Чолпон» жамааттык мультмедиа борборунун ыктыярчыларына 3-декабрь күнү Бишкек шаарында 1 күндүк окуу уюштурулду. Бул окуу Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин студиясында өттү.
Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинде ар жыл сайын жалпы 9-класстын окуучулары арасында өтүлүүчү «1-декабрь бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата» конкурс уюштурулат. Аталган кароо сынакта, СПИД жөнүндө кененирээк маалыматтар …
Кочкор районунун Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектепте 25-ноябрь күнү, Нарын облусунун экс-казысы Мамбетасан ажы Ибраев 7-11-класстар арасындагы окуучулар менен жолугушуп, аларды билим алуунун зарылдыгына, ыймандуулукка чакырган тарбиялык сабак …
Нарын обулусуна караштуу Кочкор районунун Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинде зордук- зомбулукту алдын алуу жана глобалдуу маселелер кызуу талкууга алынды.
Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинде Корчубек Акназаровдун 100 жылдык мааракесине арналган иш чара өткөрүлдү. Семинарга Райондук администрациясынын жана Райондук Билим Берүү бөлүмүнүн, Чолпон айыл өкмөтүнүн …
Нарын областына караштуу Кочкор районунун Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин 2022-2023-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү ЖРТга даярданууга чоң стимул алышты. Ушул мектепти бүтүп кетишкен, демөөрчүлөр Жакыпбек Бейшеналиев жана Майрамбек Казиев ЖРТнын жыйынтыгы …
Кочкор райондук маданият үйүндөгү, жалпы артисттер жамааты Ормон хан Ниязбек уулунун 230-жылдык мааракесине карата, Кочкор районун, Чолпон айылындагы, Корчубек Акназаров атындагы орто мектебине 18-ноябрь күнү спектакль уюштурушту. Аталган спектакльга, Чолпон …
15-ноябрь күнү Кочкор районунун Чолпон айылынын «Бүчүр-Таалай» бала бакчасында жана Убайдылда Малтабаров атындагы орто мектебинде «Энелер мектеби» боюнча окутуу болуп өттү.
Кочкор районунун Эпкин айылында 14-ноябрь күнү заманбап ФАПтын ачылуу аземи болуп өттү. Учурда ФАП толугу менен бүтүп ишке берилди. Жаңы имаратка ээ болгон дарыгерлердин кубанычы чексиз.
Бүгүн Кочкор районунун Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы орто мектепте рак оорусуна каршы 11 жаштан 14 жашка чейинки кыздарга эмдөө жүргүзүлдү.
2-3-ноябрда Кочкор районунда мугалимдер үчүн STEM — билим берүү боюнча семинар болуп өттү. Бул семинарды Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп гимназиясынын биология мугалимдери Элеонора Муратбековна жана Назгул Мелисовна жетектешти. Семинарга катышкан …