12-декабрь Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы бүткүл Кыргызстан боюнча өткөрүлүп жаткандыгы баарыбызга маалым. Ак-Талаа районунун бардык мектептеринде да ар кандай иш чаралар өтүлдү. Алсак, Терек айылындагы К.Молдобасанов атындагы орто мектебинде Ч.Айтматовдун …
Ак-Талаа районунун аймагында быйылкы жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен 11 өрт кырсыгы катталып, 9 214 94 сомдук социалдык экономикалык чыгымдарды алып келген.
Ак-Талаа районунда окуучулар арасында өрөөндүк предметтик олимпиада болуп өттү. Жылдагыдай аталган олимпиада Н.Жыргалбекова, Ш.Бейшеналиев жана Ж.Сатылганов атындагы орто мектептеринде болуп, алдыңкы окуучулар 10 предметтен билимдерин сынашты. Жыйынтыгында 1-өрөөн боюнча Э.Мейманов, …
Ак-Талаа районунун Баетов айылдык кеңешинин депутаттары Жогорку Кеңешке барып, «Республика- Ата-Журт» фракциясынын депутаттары менен жолугушту.
Ак-Талаа районунда 3-декабрь «Бүткүл дүйнөлүк мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнүнө» карата 111 адамга 77700 сомго алынган азык-түлүк таратылып берилди. Бул иш чара райондук маданият үйүндө уюштурулду.
1-декабрь — «Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү» күнүнө карата Ак-Талаа райондук маданият үйүндө райондук «СПИД» борбору менен биргеликте иш- чара болуп өттү. Бул иш чарага Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын …
Нарын районуна караштуу Жаңы-Талап айылында 30-ноябрь күнү райондук деңгээлде “Ааламандан алган даңк” темасында мугалимдер арасындагы кароо сынак өткөрүлдү. Конкурска Эмгекчил өрөөнү, 8-март өрөөнү, Куланак өрөөнү, Дөбөлү өрөөнү, Кара-Кужур өрөөндөрү катышты.
Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы Шералы Султаналиев атындагы бала бакчада «Берекелүү күз» аттуу концерт болду. Ал концертти 1 жаштан 6 жашка чейинки балдар, тарбиячылар жана ата-энелер менен биргеликте өткөрүштү.
Куланак айылында кароосуз калган көчө иттери көбөйүп, айыл тургундарын түйшөлтүүдө. Ачка болгон иттер короодогу малга кол салып, кээ бир учурда жеп кетишүүдө. Айыл элинин көпчүлүгүн тынчсыздандырган көйгөй бул көчө иттеринин …
Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган «Чыңгыз Айтматов – жер шаарынын атуулу» республикалык сырттан өтүүчү видеороликтер (видео сюжеттер) сынагына Баетов айылындагы Бейшеналиев атындагы орто мектебинин да окуучулары активдүү катышышты.
Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 27-сентябрда болуп өткөн ата-энелер чогулушунда окуучуларды сабак учурунда уюлдук телефонго алагды болуусунан арылтуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп, ата-энелердин макулдугу менен окуучуларга сабак учурунда уюлдук телефон колдонуусуна …
Нарын облусунун Куланак айылында айрым айымдар өз колунан жасалган таттуу азыктарды айыл тургундарына сатышууда. Бул жумуш менен алектенген айымдарды кепке тарттык. Куланак айылында көптөгөн айымдар жумуш орду менен камсыз болушкан …
«2018-жыл Аймактарды ѳнүктүрүү жылына», Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айылындагы Асанбек Табалдиев атындагы орто мектебинде «Ааламдан алган даңк» аттуу мугалимдер арасында ѳткѳрүлгѳн таймаштан өткөрүлдү.
17-ноябрда Бейшеналиев атындагы орто мектебинде «Аракет» фонду тарабынан кыргыз тили, англис тили, математика сабактары боюнча олимпиада болуп өттү. Олимпиадага райондун 18 мектебинен келген 4-11-класска чейинки окуучулар катышууга мүмкүнчүлүк алышты.
Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылынын Калмурат атындагы маданият үйүндө манасчы, төкмө акын Сейнелов Рыскулдун эскерүү кечеси болду. Эскерүүгө анын замандаштары жана айылдын ак сакалдары келип катышышты.
15-ноябрда Куртка айылында 1987-жылкы мырзалар арасындагы кезектеги шерине волейбол оюну болуп өттү. Аталган оюнга Жогорку-Май, Тоголок-Молдо, Куртка (Жаңы-Талап), Ак-Кыя айылдарынан 4 команда күч сынашышты.
15-ноябрда Султангазиев атындагы маданият үйүндө маданият күнү белгиленди. Райондун акими Н.Молдокадыров 2-ноябрь маданият күнү Баетов айылынын 90 жылдык мааракесине туш келип калгандыгына байланыштуу майрам 15-ноябрда өткөрүлүп жаткандыгын белгилеп, майрамдык салтанатты …
Бейшеналиев атындагы орто мектебинде окуучулар арасында спорттук мелдеш болуп өттү. Аталган спорттук мелдешти «Ак-Талаа жаштар коому» бирикмеси окуучулардын ден-соолугун чыңдоо, убактысын туура пайдаланууга жана сергек жашоого үндөө, кылмыштуулуктан арылтуу, ошондой …
Бүгүн, 15-ноябрда Нарын районуна караштуу Учкун айылында Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын утурлай «Чыңгыз Айтматов ааламга адамдын мыкты белеги» аталышындагы мугалимдер арасында конкурс болуп өттү. Аталган конкурска беш айылдын …
Куланак айылынын борбордук көчөсүнүн жөө жүргүнчүлөрдүн жолу талапка жооп бербейт. Ошол себептен айыл тургундары автоунаалар өтүүчү жол менен басууга туура келүүдө. Аталган айылдын тургуну Кызылгүл Жолбуновага тротуарлар «талапка жооп береби»деген суроону …