31-майда Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинин жогорку классынын окуучуларына «Жайытты туура пайдалануу жана сактоо» деген темада тренинг болуп өттү.
Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинде 1-июнь «Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө» карата таланттуу окучулар арасында кол өнөрчүлүк боюнча конкурс болуп өттү.
Кочкор районуна караштуу Ак-кыя айыл өкмөтүнүн Кара- Суу айылында көп жылдан бери таштанды маселеси чечилбей келүүдө. Акыркы учурда жергиликтүү тургундар ал жерге таштанды гана эмес, малдын өлүгүн дагы ыргытышууда.
Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектеби 2014-2015-окуу жылынан баштап «Көп тилдүү билим берүү программасы» боюнча иштеп келишет. Аталган программанын башкы максаты, келечекте көп тил билген муунду тарбиялап чыгаруу. Кыргыз …
29-апрелде Германиянын жаратылышты коргоо уюму тарабынан Кара-Суу айылындагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинин айланасына 1200 түп тикенеги жок чычырканактын көчөтү отургузулду.
Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебине «Таалайбек Курткаев» атындагы фонд демөөрчүлүк кылды. Фонддун жетекчиси Майрамкүл Байтерекова. Белгилей кетсек бул фонд райондун бардык аймактарына колдоо көрсөтүп келет. Аталган фонд тарабынан …
Улуттук «Жашыл мурас» өнөктүгүн колдоо максатында айыл жаштары демөөрчүлүк кылып мектепке 200 түп алма, алмурут, өрүктүн көчөттөрүн отургузушту.
Бүгүн 13-апрель Кочкор районундагы Кара-Суу айылында Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинде Турк лицейине 6-класстар арасында сынак тапшырууда.
Кочкор районунун Кара-Суу айылында жазгы жер айдоолор башталып, күйүүчү майдын кымбатташынан улам айыл тургундарында көйгөйлөр жаралууда.
2022-жылдын 1-мартында Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Курбанбек Камчыевдин буйругу менен Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчылыгына Мамырбаев Алымбек Бирназарович дайындалды. Буга чейин бул кызматта Батталов Рысбек Сапарбекович иштеп келген.
2022-жылдын 1-мартында Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Курбанбек Камчыевдин буйругу менен Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчылыгына Мамырбаев Алымбек Бирназарович дайындалды. Буга чейин бул кызматта Батталов Рысбек Сапарбекович иштеп келген.
Дээрлик 10 жылга созулган Ооган согушу миллиондогон адамдардын жүрөгүнө так калтырды. Афганистандагы жарандык согушта өзүнүн интернационалдык милдетин аткаруу үчүн он жыл бою кан кечип, согушуп келген советтик жоокерлер бул өлкөдөн …
Эсенбай Кудаяр уулу (1850-1941 ж.ж.) жылдыз эсептеп, ай санап андагы жана алдыдагы элдин тагдырын тастыктаган, көзү ачык адам катары көрөңгөлүү кыргыз журтуна аңыз сыяктуу айтылып келет. Ак падыша убагында бий …
Фейк- англис тилинен которгондо жасалма, жалган, калп деген маанини билдирет. Азыркы учурда социалдык тармактарда фейк маалыматтардын түрлөрү абдан көп. Алардын кайсынысы калп, кайсынысы чын экенин ажыратуу да өтө кыйын.
Ковид-19 вирусуна каршы эмдөөнүн 3- турунан биринчи кезекте дарыгерлер жана медайымдар өтүштү, ал эми экинчи кезекте эмдөөдөн билим берүү тармагында иштеген кызматкерлер, тактап айтканда мугалимдер жана бала бакча тарбиячылары өтүп …
2022-жылдын 9-февралында Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинде белгилүү,чыгаан журналист Улан Эгизбаевдин элесине арналган, 7-11-класстар арасында уюштурулган «Келечек өз колубузда» аталышындагы дил баян жана сүрөт тартуу сынагынын сыйлоо аземи …
2022-жылдын 23-январында Кочкор районунда флагштоктун ачылышы болуп өттү. Иш-чарага Кочкор райондук администрациясынын башчысы-аким Курбанбек Камчыев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жылдыз Таалайбек кызы, Кыргызстан дин башкармалыгынын башчысы- муфтий Замир Ракиев, …
Кочкор районундагы Кара- Суу айылынын 1971-жылы туулган тургундары мектепке демөөрчүлүк кылышты. Алар жалпы наркы 20 миң сомдук көк карагайдын көчөтүн алып беришти. Бул тууралуу Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинин директору …
Кочкор районундагы Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн курамына Кара-Суу жана Жаңы-Жол айылдары кирет. Айыл өкмөттө 2 мектеп, 2 ФАП, 2 бала бакча жана 1 маданият үйү бар. Калктын саны-6820. Калктын этникалык курамы …
Күйүүчү майдын кымбатташы бир гана айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө көйгөй жаратпастан, жалпы карапайым элге оорчулук келтирүүдө. Мисалга алсак, тейлөө кызматтары, жол акы, тамак-аш, дары-дармек, кийим-кеченин наркы 2-3 эсеге өскөн.