Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Кызыл-Булак

Кызыл-Булак: Тургундар быйыл айыл өкмөттөн эмнелерди күтөт?

wpid-20131116_110431
Кулатов айыл өкмөтүнүн борборунда жайгашкан Кызыл-Булак кыштагынын жашоочуларынан, айыл жетекчисинен быйыл эмне жумуш жасап беришин сураганыбызда, көпчүлүгү биринчи кезекте жол маселесин чечип берүүсүн айтышты. Бирок айрымдары айылда маданий-спорттук имараттардын жетишпестигин айтып, ага карата атайын максаттуу иш-чаралардын жүргүзүлүүсүн каалашкандыктарын билдиришти.

13 Февраль 2014 жыл 11:36

Кызыл-Булак: «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы болуп өттү

image-130.jpg

Конкурска тогуз мектептин 8-9-классттарынын алты окуучусу бир команда болуп катышты. Атайын аны кыргыз тил мугалимдери жетектеди.

31 Январь 2014 жыл 10:12

Кызыл-Булак: Беш айыл үчүн бир балдар бакчасы

image-122.jpg

Биздин Арык теит айылындагы «Нур» бала бакчасы 2004-жылы ачылган. Бул бала бакчага беш айылдан балдар келет. Себеби башка айылда бала- бакча жок. Учурда балдар мектепке чейинки билимди ушул жерден алууда.

28 Январь 2014 жыл 21:25

Кызыл-Булак: Жаңы мектеп курулганга чейин

2

Кызыл-Булак айылында акыркы элүү жыл аралыгында биринчи жолу мектеп курулду. Анын курулушуна Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын жардамы менен катар жергиликтүү тургундардын да салымы чоң болгон. Жаңы мектеп курулганга чейин окуучулар билим алган эски орто мектептин абалы менен тааныштыралы деп чечтик.

28 Январь 2014 жыл 18:21

Кулатов айыл өкмөтүнүн 2014-жылга койгон максаттары

BeFunky_wpid-20131116_110431.jpg

Мобилдик борбордун мүчөлөрү Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Нуридин Мадимаровдон быйыл алдыга койгон максаттары туурасында билип көрүүгө кызыктык. Мобилдик борбор Кулатов айыл өкмөтүнүн борбору Кызыл булак кыштагында жайгашкан. Маекти жүргүзгөн Канболот Абылкасым уулу.

27 Январь 2014 жыл 17:14

Кызыл-Булак: Адеп сабагынан конкурс болуп өттү

image-99.jpg

Мусаева Шырман эжеке Т. Айбашев орто мектебинин математика жана адеп мугалими. Эл агартуунун, профсоюздар кеңешинин мыктысы жана бир канча төш белгилердин ээси болууга жетишкен. 42 жылдын ичинде үзүрлүү эмгектенип келүүдө.

26 Январь 2014 жыл 11:06

Кызыл-Булак: айылда жаңы билим уясы ачылды

image-89.jpg
2010-жылдагы болгон жер титирөөдөн мектеп жараксыз абалга келип калган. Ошондон көп өтпөй эле жаңы мектеп курула баштаган. Азыркы күндө мектеп ар тараптан камсыз болду.

24 Январь 2014 жыл 14:15

Ош облусу: Цемент заводдон чыккан түтүндөн жергиликтүүлөр кабатыр

7-750x400
Ноокат районундагы Ынтымак айылдык округунун тургундары айылга жакын жайгашкан цемент завод түтүнүнөн жабыр тартып жатканын айтып кейишет. Завод башчысы болсо ал зыяндуу түтүн эмес, болгону буу деп тургундарды кабатыр болбоого чакырат.

7 Январь 2014 жыл 14:44

Кызыл-Булак: Ашыкча чыгымдарды жоюу боюнча чогулуш болуп өттү

image-73.jpg
Буга чейин Кулатов айылдык кеңешинин депутаттары эки-үч жыл мурда той-аштарга жана өлүм-житимдерге кеткен чыгымдарды азайтуу боюнча маселе козгогон. Анын натыйжасында токтом кабыл алып бекиткен.
Ал токтом натыйжа бербей, айылда ар кандай терс окуялар жүз берүүдө. Ошонун алдын алуу максатында азыр эми айыл аксакалдары өздөрү демилгелеп, чоң чыгымдарды токтотуу боюнча атайын чогулуш өткөзүштү.

7 Декабрь 2013 жыл 13:07

Кызыл-Булак: Кулатов атындагы музейдин курулушу кызуу жүрүүдө

image-69.jpg
Айылыбыздан чыккан Кыргызстандын чыгаан инсаны Төрөбай Кулатовдун ишмердигине арналган музей курулууда. Бул музейдин курулушун «ЭРКА» жоопкерчилиги чектелген ишканасы колго алган. Тендерден утуп алып, азыркы күндө курулуш иштери аяктоо алдында турат.

7 Декабрь 2013 жыл 12:47

Кызыл-Булак: Айылда көптөн күткөн көпүрө курулушу аяктады

wpid-IMG_20131117_101500
«Кызылбулак айылынын тургунумун. Ушул айылыбызда көптөн бери чечилбеген маселе мына бүгүн чечилүдө. Мен ушу кишилерге жатаканасын каралашып, тамак ашын жасап колдон келген жардамымды берип жатам»,-дейт Аманбай Кыямидинов.

17 Ноябрь 2013 жыл 11:53

Кызыл-булак: жаштар демилгеси тобу иш бөлмөлүү болду

Демилге Маширапбек Маманазаровго  таандык. Ал Кулатов айылынын жаштар комитетинин төрөгасы. Маманазаровдун айтымында иш бөлмөсүнүн ачылуусуна жергиликтүү бюджеттен 100000 сом бөлүнгөн. «Учурда иш бөлмөгө эмеректерди сатып алууга 60000 сом которулду. Бөлмөнү ремонттоо  иштерине …

6 Ноябрь 2013 жыл 16:19

Кызыл-Булак: Бала бакча жок болгондуктан айыл эли алыска барып кыйналып жатышууда

wpid-20130729_153724Кызыл-Булак айылынын тургундары айылда бала бакча жоктугунан балдарын үстүнкү айылга жөнөтүүдө.
Айыл өкмөтүнүн орун басары Данияр Көчкөнов кийинки жылы эски мектептин имаратын бала бакча кылууну пландаштырып жатканын кабарлады.

1 Август 2013 жыл 22:36

Кызыл-Булак: Кыргызстандык мигрант: «Мен өзүмдүн укугуму коргойм деп түрдүү аракеттерди жасадым, жыйынтыгы болбоду»

wpid-20130730_100609Кулатов айыл аймагынын тургуну Россияда жарым жылдан ашуун иштеп келди. Иш берүүчүлөрдүн бири айлык акысын бербей, эмгек келишими менен «алдангандыгын» айтып берди. Айыл тургуну атын жашыруун бойдон калтырууну суранды.
«Азык-түлүк магазининде продуктуларын сатып, ошол дүкөндө сатуучу-консультант болуп ишке киргенмин».

1 Август 2013 жыл 22:27

Кызыл-Булак: Химия боюнча республикалык олимпиаданын катышуучусу: «Мектепте лаборатория жок болгондугу үчүн даярдануу кыйынга турду»

wpid-20070108_092923Кулатов айыл окуругунун тургуну Айжамал Марасул кызы үстүбүздөгү жылы химия боюнча республикалык олимпиадада 5-орунга жетишти. Даярдануу учурунда лабораториянын жоктугу чоң кыйынчылыктардын бири болгонун айтып, мугалимдин сүрөттөрдү көргөзүп даярдаганын кошумчалады.

1 Август 2013 жыл 22:20

Кызыл-Булак: Асфальт заводундагы бетондун жетишпестигинен айылдагы жолдорду оңдоо иштери убактылуу токтотулду

wpid-20130729_174400Жолдорду оңдоо-түзөө иштери Кызыл-Булак айылынын Чоко көчөсүнө келип токтотулду. Жолдорду оңдоо иштерин токтотулушун айыл өкмөтүнүн орун басары Данияр Абдразакович заводдон бетон чыкпай жаткандыгы менен түшүндүрдү.

1 Август 2013 жыл 21:55

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...