Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Жамааттык мультимедиа борборлору

Токтоян: Акча табыш үчүн окуусун калтырып Орусияга кеткен Азиза

image-49.jpgАзиза Орозгулова 11-классты бүтөөрү менен эжелеринин чакыруусу менен Орусияга кетүү үчүн даярданып жатат. Ал жеткиликтүү акча каражатын тапкандан кийин жогорку билим аларын пландаштырууда.

18 Август 2013 жыл 11:47

Токтоян: Мектептин жаңы имаратынын курулушу 2014—жылы пландаштырылууда

токтоян2013-жылдын апрель айында ӨКМ тарабынан Ашырбай Коёнкөзов атындагы мектеби авариялык абалда деп табылган. Айыл өкмөтү жаңы мектеп имараты 2014-жылы курулушу мүмкүндүгүн айтты.

18 Август 2013 жыл 10:37

Токтоян: Мектепте лабораториялык жабдуулар жоктугунан практикалык сабактар өткөрүлбөй калат

image-9.jpgКласстардагы лабораториялык жабдуулардын жоктугунан практикалык сабактар толук аткарылбайт. Мектеп директору тиешелүү препараттар Орусияда өндүрүлгөндүктөн, азыркы күндө келбей калгандыгын айтты.

17 Август 2013 жыл 18:05

Токтоян: Жолдун начардыгынан автоунаалар бузулууда

image-8.jpgЖолдун начардыгынан айдоочулар автоунааны ремонтто жана жаңы тетиктерди алууга көп каражат кеткендигин айтып нааразы болуушууда. Ал эми ЖЭИнин жетекчиси ремонт иштери башталгандыгын кабарлап, бирок качан бүтөөрү белгисиздигин кошумчалады.

17 Август 2013 жыл 17:13

Оогон-Талаа: Бөбөктөрдүн сүйүктүү бакчасы тамырланууда

image-79.jpgБалдар бакчасы иштебей жатканына байланыштуу, ата-энелер балдарын ар кайсы жерлерге таштап, жумушка барууга аргасыз болушууда. Балдар бакчасынын жетекчиси 2013-жылдын 1-сентябрында балдарды кабыл алуусун маалымдады.

13 Август 2013 жыл 13:51

Кызыл-Булак: Бала бакча жок болгондуктан айыл эли алыска барып кыйналып жатышууда

wpid-20130729_153724Кызыл-Булак айылынын тургундары айылда бала бакча жоктугунан балдарын үстүнкү айылга жөнөтүүдө.
Айыл өкмөтүнүн орун басары Данияр Көчкөнов кийинки жылы эски мектептин имаратын бала бакча кылууну пландаштырып жатканын кабарлады.

1 Август 2013 жыл 22:36

Кызыл-Булак: Кыргызстандык мигрант: «Мен өзүмдүн укугуму коргойм деп түрдүү аракеттерди жасадым, жыйынтыгы болбоду»

wpid-20130730_100609Кулатов айыл аймагынын тургуну Россияда жарым жылдан ашуун иштеп келди. Иш берүүчүлөрдүн бири айлык акысын бербей, эмгек келишими менен «алдангандыгын» айтып берди. Айыл тургуну атын жашыруун бойдон калтырууну суранды.
«Азык-түлүк магазининде продуктуларын сатып, ошол дүкөндө сатуучу-консультант болуп ишке киргенмин».

1 Август 2013 жыл 22:27

Кызыл-Булак: Химия боюнча республикалык олимпиаданын катышуучусу: «Мектепте лаборатория жок болгондугу үчүн даярдануу кыйынга турду»

wpid-20070108_092923Кулатов айыл окуругунун тургуну Айжамал Марасул кызы үстүбүздөгү жылы химия боюнча республикалык олимпиадада 5-орунга жетишти. Даярдануу учурунда лабораториянын жоктугу чоң кыйынчылыктардын бири болгонун айтып, мугалимдин сүрөттөрдү көргөзүп даярдаганын кошумчалады.

1 Август 2013 жыл 22:20

Кызыл-Булак: Асфальт заводундагы бетондун жетишпестигинен айылдагы жолдорду оңдоо иштери убактылуу токтотулду

wpid-20130729_174400Жолдорду оңдоо-түзөө иштери Кызыл-Булак айылынын Чоко көчөсүнө келип токтотулду. Жолдорду оңдоо иштерин токтотулушун айыл өкмөтүнүн орун басары Данияр Абдразакович заводдон бетон чыкпай жаткандыгы менен түшүндүрдү.

1 Август 2013 жыл 21:55

Куланак: Боз үй-көчүп конууга ыңгайлуу кыргыздын улуттук буюму

image-228.jpgКыргыз эли эзелтен көчүп-конуп, жашоосун өз шартына ылайыктап, үйлөрүн дагы жүктөп, бүктөп алып көчүп келишкен.

30 Июль 2013 жыл 0:23

Куланак: Айылды жакырчылыктан чыгаруу

image-200.jpgКуланак айылында эки жылдан бери элди жакырчылыктан чыгаруу боюнча айымдардан түзүлгөн уюм иштеп, аз да болсо салымдарын кошууда. Жасаган буюмдары менен ар кандай көрсөтмө, ярмаркаларга катышып жаткандыктарын белгилеп өттү.

29 Июль 2013 жыл 19:43

Джал: Энени баласынана алыстаткан эмгек миграциясы

гүкүнГүкүн Маймылова Джал айылынын тургуну беш жылдан бери уулу менен кызын көрбөй келет. Балдары Россияда эмгектенип жүрүшөт. 

25 Июль 2013 жыл 20:42

Оогон-Талаа: Авто унаа алыш үчүн Москвада иштеп келген Нургазы

image-55.jpgНургазы Мурзакулов Москвадагы курулуштардын биринде иштеп келип,  Honda үлгүсүндөгү авто унаа сатып алган. Азыркы учурда алган унаа менен жүргүнчүлөрдү ташыйт. Кайрадан барып там салып жана магазин курууну пландаштырууда.

25 Июль 2013 жыл 15:39

Оогон-Талаа: Физика лабораториясынын жоктугунан мугалим теманы плакаттар менен түшүндүрөт

image-48.jpgМектепте лаборатория жоктугунан физика мугалими теманы түшүндүрүү үчүн ар кандай плакаттарды чийүүгө аргасыз. Директор лаборатория ачуу үчүн каражаттын жоктугун маалымдады.

25 Июль 2013 жыл 12:57

Оогон-Талаа: Там салыш үчүн Красноярскка иштеп кеткен дене-тарбия мугалими

wpid-20130724_163503Үй курууга каражат табуу үчүн Хасан Эгембердиев жубайы менен Россияда алты ай иштеп келди. Эки баласын чоң энесинин кароосунда калтырышкан.

24 Июль 2013 жыл 17:59

Оогон-Талаа: Токтогул ГЭСиндеги суунун аздыгынан айылда туруктуу свет берилбей жатат

image-21.jpgАчы участогуна караштуу РЭСтин өкүлү Токтогул ГЭСинде суунун жетишпестиген электр энергия өчүрүлүп жатканын маалымдады. Мындай абал айыл тургундарынын жашоосунда тоскоолдуктарды жаратууда.

24 Июль 2013 жыл 17:53

Оогон-Талаа: Сугат суунун жетишсиздигинен айылда огороддор кургап кетти

image-5.jpgСугат суунун жетишсиздигинен огороддор кургап кетип, айыл тургундары жер-жемиштерди кымбат баада сатып алууга аргасыз. Ал эми айыл өкмөтүнүн орун басары казылган арыктар жаандан улам кайрадан толуп калганын маалымдады.

24 Июль 2013 жыл 16:13

Оогон-Талаа: Спорт залдын жоктугунан мектеп окуучулары кыш мезгилинде дене-тарбия сабагын класста өтүшөт

image-6.jpgДене-тарбия сабагы жылуу мезгилдерде гана спорт аянтчасында өткөрүлсө, ал эми кыш мезгилинде спорт зал жоктугуна байланыштуу класс ичинде шахмат жана шашки ойноого аргасыз. Мектептин директору спорт зал куруу үчүн атайын эл аралык гранттар жазылып жатканын маалымдады.

24 Июль 2013 жыл 15:50

Куланак: Класстардын кыскарышы, окуучулардын психологиясына тийгизген таасири

wpid-20130719_112406БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТИРЛИГИ ТАРАБЫНАН КЛАССТАРДЫН КЫСКАРЫШЫ БОЮНЧА ЧЫККАН УКАЗДЫН НЕГИЗИНДЕ АБДЫЛДА АРАЛБАЕВ МЕКТЕБИНДЕ ДА КЛАССТАР КЫСКАРТЫЛГАН.

23 Июль 2013 жыл 0:10

Куланак: Айылда таза суу туруктуу бир айдан бери берилбей жатат

image-171.jpgСуунун туруктуу берилбегендигинен айыл тургундары тоодогу булактардан алууга аргасыз. Суунун токтотулушун айыл өкмөтү ремонт иштери менен түшүндүрдү.

13 Июль 2013 жыл 18:35

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...