Мурда Барскоон айылынын балдары башка айылдарга барып ойноого мажбур болушчу. Бул көйгөй айыл тургундарынын кыш мезгилиндеги эс алуусун чектеп келген.
Барскоон айылында тоок фермасы бир жыл мурда ачылган. Ошол күндөн бери, бул ферма Жети-Өгүз районун тооктун жумурткасы менен камсыз кылып келет. Ошондой эле өз продукциясын айыл тургундарына арзан баада сунуштайт.
Барскоон айылында дамба курулуп жатат. Себеби Ак күздөн бери жаан-чачын көп жаайт. Жаан менен бирге сел да жүрөт. Айыл тургундары ушул убакка чейин селден жабыр тартып келишкен. Дамбаны куруу иштери жөнүндө …
Барскоон айылында футбол сүйүүчүлөр абдан көп жана алар футбол таймаштарына катышып ийгиликтерди багындырып келишкен.
Ысык-Көл облусунун Барскоон айылында 8 миӊден ашык адам жашайт. Аларга бир тиш дарыгери жетишпегендиктен Кызыл-Суу айылынан тиш дарыгерлер тобу келип азыркы учурда иштөөдө.
Барскоон айылындагы жамааттык мультимедиа борбору жаңы ачылгандыктан көптөгөн окуутулар өтүлүүдө. 24-25-ноябрда ыктыярчылар үчүн 2 күндүк тренинг болуп өттү.
Барскоон айылынын Ак-Коргон жаӊы конушунда Казыбай Чылабаев атындагы орто мектептин ачылыш аземи болуп өттү. Анын жүрүшүндө Кыргыз Республмкасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары, өкмөттүн өкүлдөрү жана чакырылган коноктор өз каалоо тилектерин айтышып …
Бишкек шаарында өлкөнүн төрт аймагындагы жамааттык мультимедиа борборлорунун өкүлдөрүнө эки күндүк тренинг уюшулду. Анын жүрүшүндө мультимедиа борборлору үчүн техникалык жабдыктар тапшырылып, аларды кантип колдонуу окутуп үйрөтүлдү.