Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Баткен

Үч-Коргон: Жаш спортчулар ийгиликтерди багынтууда

Үч-Коргон айылында жайгашкан Пушкин орто мектебинде 2015-жылы мектеп директорунун сунушу менен таэквондо секциясы ачылган. Ага катышкан айылдын жаш тургундары эл аралык турнирлерде ийгиликтерди багынтууда.

Үч-Коргон: «Медиа РАЙ» окуу борбору компьютердик курстарды аяктагандарга сертификаттарды тапшырды

Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Ахмаджан Абдурахманов «Медиа РАЙ» окуу борборунун компьютердик курсу боюнча окууну аяктаган бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, сертификаттарды тапшырды.

Андарак: Жаштар борборунун иш-аракеттери

Лейлек районуна караштуу Андарак айылында 2013-жылы ЮНИСЕФтин каржылоосу менен түзүлгөн “Жаштар борбору” өз ишин улантууда. Борбордо окуучулар өздөрүнүн билимин өркүндөтүп, ар кандай иш-чараларга катышып тажырыйба топтошот.

Андарактын жаш ойлоп табуучулары: Бактерияларга каршы дары, суу тазалоочу фильтр

Лейлек районуна караштуу Андарак айылынын жаш тургундарынын бири чымынды колдонуу менен бактерияларга каршы күрөшүү дарысын ойлоп тапса, дагы бири суу тазалоочу фильтрди жасап чыккан.

Андарак: Мугалимдер менен дарыгерлердин волейбол беттеши болду

Лейлек районуна караштуу Манас атындагы орто мектебинде 10-апрель күнү мугалимдер жана дарыгерлер арасында “Спорт — ден-соолуктун булагы” аталышындагы волейбол мелдеши өткөрүлдү. Бул мелдеште мугалимдер дарыгерлерден алдыга озуп чыгып, ийгилике жетишти.

Үч-Коргон жаштарынын демилгеси менен тазалык акциясы өткөрүлдү

«Таза айыл, таза жаштар» акциясына Үч-Коргон айылындагы Пушкин орто мектебинен 68 окуучу катышып, өз салымдарын кошушту.

Үч-Коргон: Саламаттыкты сактоо күнүнө карата мини-футбол беттеши өттүдө

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо күнүнө карата Үч-Коргон айыл өкмөтү мини-футбол турнирин уюштуруп, андан сырткары кант диабети менен ооруган тургундарды акысыз текшерүүдөн өткөрдү.

Үч-Коргондо толеранттуулукту жаю боюнча атайын топтор түзүлдү + аудио

20140624_122411

Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында тынчтыкты сактоо жана толеранттуулукту жаюу үчүн айыл тургундарынан турган топтор түзүлдү. Төрт күндүк семинарга аталган айылдык аймакка кирген кыштактардын жашоочулары катышып, анын жыйынтыгында диний агымдар жана чек ара маселелери боюнча иш алып барчу топтор уюшулган.

Уч-Коргондук жаш Шохрух “Манас” айтуу аркылуу көп ийгиликтерди багынтты + аудио

20140603_164939[1]

Ал «Манас» айтуу аркылуу бир гана Кыргызстанда эмес, башка мамлекеттерде да таанымал болгон. Биздин Уч-Коргон медиа борборубуздун кабарчысы Атабек Арипов, Шохрухтун кандайча “Манас” айтууга кызыгып калганын билүү үчүн аны менен маектешип келген. Төмөндө ошол маегибизди сунуштайбыз.

Бейшемби
28 Жалган куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...