Ак-Чал айылынын тургуну Нурбай уулу Мырсейт пластиктен эшик-терезелерди жасап киреше табат. Төрт жыл мурда Казакстанда бул иш менен алектенип келген. Кийинчирээк өзүнүн кичи мекенине келгенден кийин өзүнүн үйүндө чакан цех ачып,кайрадан ишин …
Ушул убакка чейин айылдагы жолдордун сапаты начар болгон. Учурда жолдор оңдолуп бүттү. Былтыр Кулатов айыл өкмөтүндө сегиз жарым километрге тендер өткөрүлүп, быйыл ал оңдолуп аягына чыгарылды.
Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Нуридин Мадимаровдун билдиришинче, Оштогу «Ак Алтын» фирмасы тендерди утуп алып, баасы 33 миллиондон ашуун акчага жолду асфальттаган.
Кулатов айыл аймагынын борбору Кызыл-Булактын борбордук көчөсү эми кеч киргенде жарык болуп турат. Жарыктандыруу системасы кечээ 26-сентябрда ишке киргизилди.
Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Нуридин Мадимаров бул айыл тургундарынын коопсуздугу үчүн орнотулган.
Балдардын мектепке даярдануусу ата-энеге чоң көйгөй жаратат. Ушул жылы мектеп окуучулардын атайын формасын кабыл алуу үчүн сынак өткөрүлгөн эле. Сынактан элдин купулуна толгон улуттук орнаменти бар кенже, орто жана жогорку …
Кулатов жергесинде «Ыкчам келинчек» аттуу тандоо болуп өттү. Анда айыл аймагына кирген жети айылдан жети келин таймашты.
Азыр сугат мезгилинде суу азайып, ага кошумча айрым айылдарга суу жетпей жаткандыгын айтышат жергиликтүү тургундар. Мындай маселени чечүү үчүн айыл өкмөт сууну кезектешүү жолу менен бөлүп берүүдө.
Бул оорукана 1989-жылы 25-декабрда пайдаланууга берилген. Союз доорунан кийин суу түтүктөрү бузулуп, калкты тейлөө начарлап кетти, дейт оорукананын башчысы Азим Абдилазимов.
Биздин максат балдардын жайкы эс алуусун пайдалуу жолдор менен өткөрүү. Биз балдар менен маек курганда алар көп убактысын үйдө үй жумуштары менен өткөрүүсүн айтышты. Алар үй жумуштарын эле аткарбастан ата-энелерине да жардам берип турушаарын айтышат.
Кыргызстандын ар кайсы облустарынан айыл өкмөт кызматкерлери жана журналисттер Кулатов айыл өкмөтүнүн аткарган жумушу менен таанышуу үчүн келишти. Бул иш-чаранын башкы максаты — эл аралык долбоорунун алкагында үч жыл ичинде айыл өкмөтү кандай өзгөрүүлөргө жетишкени менен таанышуу жана тажрыйба алмашуу болгон.
Кулатов айыл округуна он айыл карайт. Бирок болгону эки гана бала бакча бар. “Эргеш Садыбакасов” бала бакчасында 50 бала, “Арык-Тейит Нуру” балабакчасында 60 бала тарбияланып жатат. Быйыл дагы эки бала бакча курулуу алдында турат. Бири Кожо Арык айылына, экинчиси Куумайдан айылына, деп билдирди айыл өкмөтү Нурдин Мадимаров.