2020-жылдын 1-август күнү кечки саат 21:00 чамаларында жаап баштаган жаан нөшөрлөп катуу жаанга айланып Нарын облусу Нарын районуна караштуу Учкун айыл аймагынын Куланак айылында тоодон түшкөн сел агындылар Нурбай булуң …
3 — июнда Нарында катталган селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат. Жашоого мүмкүн болбой калган үйлөр такталып чыгымдар эсептелүүдө.
Урматтуу Куланак, Учкун айылынын тургундары! Бүгүн,11-майга карата Нарын шаарында коронавирус илдетин жугузуп алгандардын саны 35ке жетти. Алардын 8и айыгып чыкса, 27си учурда ооруканада дарыланып жатышат. Андыктан, Нарын шаарына зарылчылык болбосо …
Ат-Башыдагы жапайы бадал өсүмдүктөрүнүн ичинен ит мурунду көп кездештирсе болот. Эл ичинде дагы, медицинада дагы бул өсүмдүктүн дарылык касиети далилденип келет. Анткени ит мурун көп ооруларга даба боло алат.
Нарын районуна караштуу Учкун айыл өкмөтүндө коруктун башталыш жана бүтүү мөөнөтү боюнча айыл өкмөтү тааныштырды. Быйылкы жылы эрте башталганына эмне себеп болду?
Нарын районуна караштуу Куланак айылы жазгы айдап себүү иштерине даярдыктар жүрүп, жылдарга салыштырмалуу буудай аянтын көбөйтүү каралып жатат.
Куланак айылынын тургуну, ишкердикти дыйканчылыктан баштаган Шайлообек байке учурда бал аарысын багат. Аны кантип кароо жана кантип киреше табуу жолдору менен бөлүшөт.
«Байбол» подкастынын үчүнчү чыгарылышы даяр болду. Нарындагы Куланак өрөөнүн таттуу кондитердик азык менен камсыз кылып келген Каныкей айым бүгүнкү күндө эргүүдө. Буга себеп жаш баласы жана учурдагы карантин абалы. Каныкейдин …
Кыргыз тилиндеги «Байбол» подкастынын биринчи чыгарылышында Нарын облусунун шартында бир жылда эки жолу түшүм жыйноонун сырлары менен багбан айым Гульнур Солтобаева бөлүшөт.
Нарын облусундагы Ат-Башы районунун бардык айылдарында дыйкандарга үрөндөрүн жеткирип берүү иштери жүрүүдө.
Ат-Башы районунун бардык айылдарында пенсия, пособие, айлык акыларды берүү өз айылдарынын ичинде гана уюштурулат. Бул тууралуу Ат-Башы районунун акиминин биринчи орун басары Максат Кадыркулов билдирди.
Быйыл Нарын облусунда жазгы талаачылык жумуштары эрте башталып, учурда бардык райондордо айдап-себүү өнөктүгү кызуу жүрүп жатат.
Баетов айылында жаңы ветеринардык дарыкана ачылып, ишке берилди. Анда мал жандыктарын дарылоодо, ар кандай мал ооруларын алдын- алууда керектелүүчү бардык дары-дармектер бар.
Нарын облусундагы Кочкор районунан 30 километр алыстыкта Ара-Көл айылы жайгашкан. Бул айылда кереметтүү көл бар. Ара-Көл көлү мындан көп жыл мурун суу сактагыч катары курулган. Бирок азыркы учурда көл колдонулбайт.
2020-жылдын 7-февралында Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Ак-Бел аймагын тазалоо иштери жүргүзүлдү. Бул аймакта Чолпон айылына караштуу болгон айылдардан чыккан таштанды төгүүчү жай орун алган. Таштандылар чегинен ашып көбөйүп ашып …
Бүгүн Ак-Талаа районундагы Э.Карасартов атындагы орто мектебинде «Манас таануу» интеллектуалдык таймашынын райондук туру өткөрүлүп, ага жалпы 24 команда күчтөрүн сынашты.
Ак-Талаа райондук маданият үйүндө райондук Аялдар кеңешинин жана райадминстрациянын уюштуруусу менен Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өтүп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме жетекчилери катышты.
Ак-Талаа райондук маданият үйү 1968-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. Ошол убакыттан бери имараттын жылуулук системасы бир да жолу капиталдык ремонттон өткөн эмес. Ар жылы кышкы мезгилде жылуулук түтүктөрүнүн ар кайсы жерин …