Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Нарын

Чыгаан инсандар: Төлөбек Эсенбек уулу

«Чыгаан инсандар» долбоорунун алкагында Куланак айылынын тургундары менен тааныштырууну улантабыз. Бишкек шаарындагы түрмөдөн качкандарды кармоо операциясында каза болгон Төлөбек Исмаилов тууралуу айтып бермекчибиз.

Чыгаан инсандар: Рахатбек Кожобеков

“Чыгаан инсандар” долбоорунун алкагында биз сиздер менен Куланак айылынын кулуну, апрель революциясынын баатыры Кожобеков Рахатбек Маликович жөнүндө баяндамакчыбыз.

Куланак: Жаңы окуу жылынан баштап окуучулар менен мугалимдердин ортосундагы мамилелерге багытталган тренинг өтүлө баштайт

Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде Ага Хан фонду тарабынан мектептерди жакшыртуу программасынын алкагында семинар болду. Семинарга мектеп окуучулары жана мугалимдер катышты.

Тоголок Молдо айылында нан бышыруучу цех иштөөдө

Ак Талаа районуна караштуу Тоголок Молдо айылында 2015-жылы күзүндө нан бышыруучу цех ачылган. Нан бышыруучу цехти учурда Канышай Ысагалиева жетектейт. Аталган цех айыл тургундарын нандын түрлөрү менен камсыз кылып турат.

Баетовдо жардамга муктаж балдарга колдоо көрсөтүлдү

Баетов айылындагы ата-энесинен ажырап, жакындарынын багуусунда турган жети балага “Финка” микрокредиттик компаниясы чакан белектерди тапшырды.

Баетовдо кароосуз калган бассейн пайдаланууга берилди

Бир канча жылдан бери кароосуз  калып, мал жандыктардын оттоочу жайына айланган бул бассейн кайрадан пайдаланууга берилди.

Залкар Өмүркулов: Боёк тандоо — өзүнчө чеберчилик

Залкар Өмүркулов Баетов айылынын тургуну, таланттуу жана профессионал сүрөтчү.

Учкун: Жалпы республикалык тесттен эң көп упай алган Айчүрөк менен маек

Эшбай Токсобаев атындагы орто мектептин быйылкы бүтүрүүчүлөрү тапшырган ЖРТ тестин жыйынтыгы чыгып, мектептин алдыңкы баллын Айчүрөк Бекмурат кызы алды. Бул туурасында бүтрүүчү Айчүрөк менен маек курдук.

Калкынын кадырман мугалими Кемел Жолбунов

Чыгаан инсан жөнүндөгү баяндамабызды улантабыз. Учурда Абдылда Аралбаев мектебинде Кемел Жолбунов агайдын үч кызы эмгектенет. Бири математик, бири физик, бири башталгыч класстын мугалимдери.

Куланакта жалпы элдик чогулуш болду

Чогулушта каралган маселе боюнча Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы Тилебек Жумабаевге кайрылып, төмөндөгүчө маалымат алдык.

Учкун: Уламышка бай Кош-Булак

Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы булактардын бири — бул Кош-Булак. Бул булактын келип чыгышын илгерки ата-бабаларыбыз ар кандайча айтып келишкен, мурунтан айтылган уламыштар азыркы күнгө чейин айтылып келет. 

Саламат Жээналиев: Куланактын тургундары эми салыкты айылдан эле төлөй алышат

Айыл тургундарды сурамжылоонун негизинде айыл өкмөттүн ичиндеги иштер менен эл жакындан кабардар болуп турушун кабарлашкан. Бүгүнкү маек Учкун айыл өкмөтүнүн салык адиси Саламат Жээналиев менен болмокчу.

Нарын: Мектепти артыкчылык менен аяктагандарга «Алтын тамга» тапшырылды

Нарын шаарында мектепти “Алтын тамга” аттестаты менен аяктагандарга, республикалык предметтик олимпиадада байгелүү орундарды алган окуучуларга жана агай-эжелерге сыйлыктар тапшырылды. Азем шаардын борбордук аянтында өттү.

Учкун: Мектепке уюшулган окуу тажрыйба участогунун азыркы өсүшү

Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинин жааматы отургузган жер жемиштердин кээ бири отоо чөп басып, көрүнбөй калса, кээ биринин отоолору жулунуп жакшы өсүүдө.

Сурамжылоо: Жайкы каникулда балдар эмне менен алек болушат?

Учкун айылындагы ата-энелер жана окуучулардан “Балаңыз жайкы каникулда кайда барып эс алат?” деген суроолорду узатып, сурамжылоо жүргүздүк. 

Учкун: Мектепте ремонт иштери жүрүүдө

Учкун айылын Эшбай Токсобаев орто мектебинде жыл сайын жасалуучу класстарды ремонттоо иштери жүрүп жатат. Ремонтко кеткен каражат жыл сайын республикалык бюджеттен бөлүнүп турат, мектептеги 560 окуучуга 95 сомдон эсептегенде жалпы 53 …

Учкун айылынын Асанаалы атындагы көчөсүнө шагыл төктүрүлдү

Учкун айылынын Асанаалы атындагы көчөсүнө балдарынын демилгеси менен шагыл төгүлдү. Камаз менен 25тей үймөк төгүлүп, 25 миң сомдой каражат кеткен.

Баетовдо курман болгон кесиптештерди эскеришти

Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмундө кызмат учурунда каза болгон  милициянын ага сержанты Орозбаев Самүдүн жана старшина Нургушаев Рыскулбекти кесиптештери эскеришти.

Тарбиячылар жана уюштуруучулар үчүн окутуу өткөрүлдү

Жай бою иш алып баруучу “Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунун” тарбиячылары жана уюштуруучулары, жайыт комитеттеринин өкүлдөрү үчүн атайын окутуу өткөрүлдү.

“Бирге окуйбуз” долбоорунун окуу лагери жайлоодо өтүүдө

“Бирге окуйбуз” долбоору айылдын жана мектептин шартына туура келген учурларда өткөрүлүп турат. Райондук билим берүү бөлүмүнүн сунушу менен окуу лагери А.Абдраимов атындагы орто мектебинин кенже классынын окуучулары үчүн Балатапан жайлоосунда …

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...