Канча кылым карытып жол басып өтсө дагы, кыргыз ала кийизинин жасалышы ошол бойдон муундан муунга өтүп келет. Жүнгө жан кийирип, ала кийиз жасаган уз айымдардан ала кийиздин жасалыш тартиби менен …
Куланак айылындагы айдоо аянтында эркин жүргөн жылкыларды көрүп, Учкун айыл өкмөтүнө караштуу Куланак айылынын кароолчусу Имангазы Кыдыралиев менен маек курдук.
Нарын облусунун Ак-Талаа районунда бийиктиги 3000 метрге жакын болгон МЭЛС ашуусу бар.
Кыргызстан жеке ишкердик тармагында мурдагы советтик өлкөлөр сыяктуу эле жаш мамлекет болуп саналат. Бирок акыркы жылдары орто жана кичи ишкердик өнүккөндөн өнүгүп келет.
Баетов айылында Мэлс Турдалиевдин 80 жылдыгына карата бир туугандары жана балдары футболдук турнир өткөрдү. Эки күнгө созулган бул турнирге жалпы 15 футболдук команда катышып, байге фонду 40 миңди түздү.
Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинин ашканасы быйылкы окуу жылында жаңы эмеректер менен камсыз болот. Учурда ашканада эски жабдууларды чыгарып, жылуулук системасын орнотуу, оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө.
Жаңы окуу жылынын башталарына аз убакыт калды. Учурда Ак-Талаа районунун аймагында жалпы билим берүү мекемелери ремонт иштерин аяктап, 1-сентябрга даярдык көрө башташты.
Жаңы-Талап айылында Гүлай Эсеналиева жетектеген аялдардын тобу БУУнун өнүктүрүү программасынын негизинде жашылчанын уруктары менен бекер камсыз болушкан. Аларды өз огороддоруна айдап, пайда табышат.
Ак-Талаа районуна караштуу Жаңы Талап айыл аймагында жаңы мектеп курулууда. Мектеп ушул жылдын ноябрь айында ишке берилет.
Жаңы Талап айылынын тургуну Макелеев Алтынбек 1998-жылдан бери “Келечек” ветеринардык сервисинин жетекчиси болуп иштейт. Жакында эле Индонезияга мамлекеттин каржылоосу менен барып 1 ай жасалма уруктандыруу боюнча окуп, тажрыйба алып келген.
Ак-Талаа районуна караштуу Тоголок-Молдо айылынын тургуну Акен атайын «ООН аялдар» деп аталган долбоор менен ар кандай жер жемиштерди өстүрүү менен алек. Бул долбоор менен алар быйыл ишке киришкен.
Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы эшектердин саны жылдан жылга азаюуда. Эшектер Учкун айылында эле эмес коңшу айылдарда да союлууда.
Ак-Талаа районуна караштуу Тоголок Молдо айылында футболдук аянтча 2015-жылдын 27-май айынан баштап ишке кирген. Аталган аянтчаны быйылкы он жылдыктар мектепке жардам катары куруп беришкен.
Ак-Талаа районундагы Жаңы-Талап айылынын тургуну Рая Кадыркулова менен жолдошу Нурлан 9 жылдан бери эң кооз Кошой-Конуш чөлкөмүндө 4 боз үй тигип, туристтерге кызмат көрсөтүшөт.
Учурда ишкерликти эңсегендер же өз алдынча иш жасоого кызыккан жаштардын катары көбөйдү. Көпчүлүгү ишкерликтин көнүмүш түрлөрү менен алектенсе, айрымдары жаңы демилге менен кызмат көрсөтүүнүн башка түрлөрүн сунуш кылышууда.
Тарых жана Маданият жылына карата 29-июлда Соң-Көл жайлоосунда Тайлак баатырдын 220 жылдыгы республикалык денгээлде өткөрүлгөнү турат. Бул мааракеге райондогу маданият кызматкерлери даярдыктарды көрүшүүдө.
Ишкерлик менен алектенбеген, жок эле дегенде алып-сатарлыктын түйшүгүн башынан кечирбеген адамды ушу тапта табыш кыйын. Заман шартына ылайык ишкерлик менен тиричилигин өткөргөндөрдүн саны арбыды.
Быйылкы жайда Сары-Жыгачта балдар үчүн лагерь ачылган. Аталган жер Жаңы Талап айыл өкмөтүнө тиешелүү болуп, Сөң-Көл жайлоосуна жакын жайгашкан.
Учурда айыл чарба малдарынын арасында жугуштуу оорулар көп кездешет. Алардын айрымдары ооруну өз алдынча аныктай албай зыян тартышат.
Июнь айында Учкун айылына кетчү суу түтүкчөсү жарылган эле. Учурда суу түтүктөрүн оңдоо үчүн таза суу өчүрүлүп оңдолүп жатат.