Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: жарыктандыруу

Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинин электр жабдыктары капиталдык ремонттон өттү

Нарын районуна караштуу Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинде,  түрткү берүүчү грант аркылуу мектептин электр чубалгылары  толук капиталдык ремонттон  өтүп , оңдоп-түзөө иштери аяктады.

Чолпон айылы: Футбол талаасы жарыктандырылды

Кочкор районуна караштуу Чолпон айылында мектепти он жыл мурун бүтүргөн бүтүрүүчүлөр футбол талаасына жарыктарды коюшту. Ошону менен биргеликте алар бүгүн футбол оюнун уюштурушуп, оюнга жалпы 10 команда катышты.

Чет өлкөдөгү студент айылдагы көчөсүн жарыктандырды

Кочкор районунун Чолпон айылында төрөлүп, өскөн Айнура Рысбаеванын колдоосу менен көчө чырактары коюлуп, жарык болуп калды. Буга чейин аталган көчо кечинде караңгы болуп, айыл тургундарына оорчулук болуп турган.

Барскоон: Жергиликтүү кеңештин бюджет талкууланды

Барскоон айыл аймагында жергиликтүү кеңештин 3-кезектүү сессиясы болуп өттү. Анда айыл ичин жарыктандыруу жана көпүрөлөрдү оңдоо, суу тартып келүү маселелери каралып, бюджеттен акча каражаты бөлүндү.

Учкун айылынын ортосундагы негизги көчө жарыктандырылды

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын негизги көчөсүнө жарык бергичтер орнотулду. Ал көчөдө көпүрө жайгашып, Учкун айылынын эки бөлүгүн бириктирип турат. Буга чейин ал жер караңгы болгондуктан, ар түрдүү кырсыктар катталчу.

Айылдын четиндеги көчөлөргө жарык берилди

Жайыл районунун Кара-Суу айыл аймагындагы Кара-Суу айылынын чет жакта жайгашкан Кара-Балта жана Жылдыз көчөлөрүнө жарык коюлду.

Кош-Дөбөдөгү Сулайман Шералиев көчөсү жарыктандырылды

Кош-Дөбө айылындагы С. Шералиев көчөсүнө жаштардын демилгеси менен кечки шам чырактар коюлду.

Суусамыр өрөөнүндөгү айылдар жарыктандырылууда

Суусамыр өрөөнүндөгү Кайсар айылында жол чырактары орнотулду.

Кожомкул айылында көчөлөр жарыктандырылууда

Кожомкул айылында көчөлөрдү жарыктандыруу иши башталды.

Туура-Суу айылы жарыктандырылды

Ысык-Көл облусунун Тоӊ районундагы Туура-Суу 1 айылындагы Алматай көчөсүндө түнкү жарыктандыруу маселеси чечилди.Түнкү жарыктандыргычтар 20 даана орнотулду. Бул иштерге айылдык бюджеттен 50 миӊ сом каралган. 

Андарак: Жол чырактар качан күйөт?

Лейлек районундагы Андарак айылында 2014-жылы коюлган жол чырактар бүгүнкү күндө иштебей турат. Иштебегенин себеби алардын лампалары жараксыз болуп калган.

Тасма: Айыл өкмөт башчысы көчөлөргө жарык кою маселесине кандай карайт?

Тасма айылында жалпысынан төрт көчө бар, ал көчөлөргө жарык кою маселеси көйгөйлүү маселелердин бири экенин билдирет айыл тургундары. Айылдагы Абдыкерим көчөсүнө жарык орнотулуп азыркы күндө алар иштебей жататканын айтышат тургундар.

Кызыл-Булакта кечкисин жарыктандыруу ишке кирди

IMG_2084

Кулатов айыл аймагынын борбору Кызыл-Булактын борбордук көчөсү эми кеч киргенде жарык болуп турат. Жарыктандыруу системасы кечээ 26-сентябрда ишке киргизилди.

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Нуридин Мадимаров бул айыл тургундарынын коопсуздугу үчүн орнотулган.

<img src="http://kyzylbulak.kloop.kg/files/2014/09/IMG_2071.jpg" alt="IMG_2071" width="1024" height="683" class="alignnone s

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...