Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Башкы жаңылык

Балдардын келечегине кесиптик лицейлер кам көрүүдө

Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейде ата-энесиз калган, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгу чектелген майып балдардын көйгөйү, алардын кесиптик билим алгандан кийинки ой кыялынын ишке ашпаганы, кызыксыз жашоосу, мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу балдарга маселе жаратууда.

6 Декабрь 2020 жыл 19:32

Пандемия шартында билим берүү уюмдарында кандай шарттар түзүлүшү керек?

Эртең 7-декабрдан баштап Ак-Талаа районундагы 10 мектепте толук салттуу окутуу баштала турган болсо, калган 8 мектепте экинчи алгоритм менен тактап айтканда 1,5,9,11-класстар окутулат. Анткени бул мектептерде окуучунун саны 300дөн ашык.

6 Декабрь 2020 жыл 19:06

Кышкы суукта бир үй- бүлө өрттүн кесепетинен үйсүз калды

Жаңы-Жер айылынын Оторов көчөсүндөгү №10 үй толугу менен өрттөнүп кетти. Окуя 3-декабрга караган түнү саат 1-лер чамасында болгон. Өрт кырсыгынан үй-бүлө мүчөлөрү аман калышкан. Кыш мезгилинде үйсүз калган үй-бүлө мүчөлөрү …

5 Декабрь 2020 жыл 22:55

Барскоон: Босогого кыш келгенде баалардын ѳсүшү тоскоол жаратууда

Элет жеринде күндүн суукташы айыл тургундарына бир топ түйшүк жаратты. Мындан тышкары, кѳмүрдүн кымбат болуусунан улам жергиликтүү тургундардын кѳпчүлүгү кышка даяр эмес.

4 Декабрь 2020 жыл 12:38

Терек- Суу айылындагы таштанды төгүүчү жай көйгөй жаратууда

Таштанды Бишкек шаарында эле эмес алыскы тоолуу айылдарда да көйгөйлүү маселе болуп келе жатат. Алардын бири Токтогул районуна караштуу Терек-Суу жана Чоң-Арык айылдарынын таштанды төгүүчү полигону.

4 Декабрь 2020 жыл 10:14

Сүрөт: Куланакта суу түтүктөрү эскирип жараксыз абалда

Нарын районуна караштуу Учкун айыл өкмөтүнүн суу түтүктөрүнүн эскилиги жеткен. Учурда Учкун жана Куланак айылдары мезгил- мезгили менен суусуз калып жаткан кездери.

3 Декабрь 2020 жыл 11:54

Талас: Ак халатчандарга камкордук

Өлкөдө коронавирус инфекциясынын алдын алуу, ооруну токтотуу боюнча канчалык аракеттер жасалганы менен COVID-19 илдети күч алууда. Коронавирус жуккан жаңы учурлар күн санап катталып, пневмония дартына чалдыккандардын саны өсүп жаткан учур.

3 Декабрь 2020 жыл 11:05

Ооган- Талаа: Жаңгак кургатып киреше тапкан ишкер айым

Чарбак айылындагы жеке ишкер айым жаңгакты кургатып,  сатып киреше таап, айылдын жумушсуз аялдарын иш орду менен камсыз кылып жатат.

2 Декабрь 2020 жыл 14:55

Учкун: «Бөрүдөй тайманбастардын оюну өткөрүлдү»

Нарын районуна караштуу Учкун айылында улак тартыш оюну өткөрүлдү. Бул оюнга жалпы 4 тайпа катышкан. Уюштуруучулар, айыл жаштарынын айтымында бул оюндун максаты жаштардын ынтымагын бекемдөө.

1 Декабрь 2020 жыл 22:00

Орок айылында өкмөт башчы шайланды

Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү. Айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна Джаныбеков Азат Максатович жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталган.

29 Ноябрь 2020 жыл 9:28

Чет өлкөлүк акысыз курстардын тизмеги

Үйдө отуруп, чет өлкөлүк курстардан окуп, дипломго ээ болуу заманбап мүмкүнчүлүккө айланды. kyrgyzmedia.kg бул жолу орус тилинде окуткан чет өлкөлүк акысыз курстарды тизмектеп чыкты. Бул билим берүүчү булактар аркылуу сөзсүз …

28 Ноябрь 2020 жыл 9:53

Пандемияда зордук — зомбулукка кабылгандар кантип коргоно алат?

25-ноябрда Кыргызстанда гендердик зомбулукка каршы өнөктүк башталды. Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы өнөктүк 16 күнгө созулат. Пандемия кесепетинен, Кыргызстанда бул жылы бир жыл мурункуга салыштырмалуу зордук зомбулук 65%га көп катталды. Зордук — …

26 Ноябрь 2020 жыл 14:09

Карточка: Коронавирус тууралуу пайда болгон жаңы суроолорго жооп

Коронавирус илдетинин пайда болгондон бери улам жаңы суроолорго жаралып келет. Коронавирус узак мөөнөттүү кесепеттерге алып келеби? Ага карата качан текшерүүдөн өтүү керек? Бул ж.б суроолорго алдыдагы карточкалардан жооп алыңыз.

26 Ноябрь 2020 жыл 12:18

Окуучулар оффлайн окууга келгендигине кубанууда

Кулатов айыл өкмөтүнүн Т.Айбашев атындагы орто мектебинде 16-ноябрдан баштап, 1- 5- 9- 11-класстарынын окуучулары мектепке келип окуусун улантышууда. Билим берүү министрлиги тарабынан белгиленген кырдаалга байланыштуу алгоритмдин негизинде окуучулардын санына карай, …

25 Ноябрь 2020 жыл 18:35

Күйүмдүү жардын жети белгиси

Ар бир бойго жеткен кыз сүйлөшүп жүргөн жигити канчалык камкор күйөө болорун түшүнүүгө аракет кылган учур болот. Эгер сиз жигитиңиздин иш-аракеттерине баамчылдык менен баа бербесеңиз, анда анын кулк мүнөзүн да …

25 Ноябрь 2020 жыл 15:20

Сүрөт көргөзмөмдү өткөргүм келет…

Өмүрбек Токтобеков Ак-Талаа районундагы Кадыралы айылында туулуп-өскөн. 26 жаштагы Өмүрбек быйылкы окуу жылынан баштап, С.Атамбеков атындагы орто мектебинде көркөм өнөр жана технология сабагынан мугалим болуп эмгек жолун баштаган.

24 Ноябрь 2020 жыл 9:08

Карасаев айыл аймагына баруучу жол оңдоого муктаж

Карасаев айыл аймагынын тургундары жылына кайрылуу жасап, тыянак чыгара албаган эл, эми деле үмүттөрүн үзбөй аткаруу бийлиги качан бизге көңүл бурат деп кайрылышууда. Ал эми жол чарба департаментинин башчысы аткарган …

23 Ноябрь 2020 жыл 14:20

Данияр Атамбеков: «Мугалимдик өзүм тандаган кесип»

Ак-Талаа районундагы Бакый Мүсүралива атындагы орто мугалими Данияр Атамбеков өзгөчө өнөргө ээ. Данияр сүрөттү мыкты тартат жана ошол сүрөттөргө кадимки шуру бастырып, ага өзгөчө көркөмдүк берет.

23 Ноябрь 2020 жыл 13:35
Шейшемби
22 Аяк оона 2026
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...