Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылында 16-январда райондук деңгээлде көк бөрү оюну боюнча акимдин кубогуна мелдеш болуп өттү. Бул мелдешке жалпысынан 9 команда катышып, 5 команда байгелүү кайтышты.
Нарын райнуна караштуу Учкун айылында тургундар эс алып, муз тебүүсү үчүн муз аянтчасы ачылды. Аянтчаны айылдын тургуну Мирбек Карабалаев ачкан. Муз аянчаны ачуу үчүн көп деле каражат кетпегени менен, чоң …
Нарын районуна караштуу Куланак айылында машыгуу залы жок. Бирок ага карабастан спорт сүйүүчүлөр Тамара Жумакаева атындагы маданият үйүнүн бир бөлмөсүндө машыгышат.
Түптө Ысык-Көл облустук «Ынтымак» эстафеталык улакчылардын мелдеши болуп өттү. Мелдеште Арык атанын улакчылары мыктылыгын көрсөтүп, Саруулуктарды 5:4 эсеби менен утуп алып, баш байге жеңил унааны утуп кетишти.
Жаңы-Жер айыл аймагында жайгашкан, Нарбото жаңы конушунда жаштардын демилгеси менен спорт оюндары уюштурулду. Бүгүн Жаңы-Жер айылындагы жаштар арасында мелдештик спорт оюндары “Нарбото” кичи спорт аянтчасында өткөрүлдү. Бул оюндун максаты айылдагы …
Ак-Талаа районундагы Кайыңды-Булак айылынын 1994-жылы тууган жигиттеринен турган “RTS 94” командасы Тенир-Тоо лигасында биринчи орунду жеңип алышты.
Кызыл-Белес айыл аймагындагы С. Атамбеков орто мектебинде жаңыдан курулуп бүткөрүлгөн заманбап үлгүдөгү футбол аянтчасынын ачылышы болуп өттү.
Арстанбап айыл аймагында Футбол боюнча мелдеш болуп өттү. Футболго жаштар айыл башчы менен катышып кызыгуу жаратты.
Арстанбап айылында спорт залдын ачылышы болду. Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылында Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүндө өзгөрүүлөр болду. Анткени жаңы мектептердин жана бала бакчалардын курулуш иштери бүткөрүлүп, …
Биздин бүгүнкү каарманыбыз Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында туулуп өскөн Темир Муса уулу. Ал Кыргызстандагы алдыңкы волейбол оюнчуларынын бири, карантиндин волейболго кандай терс жактары тийип жатканын айтып, алдыдагы пландары менен бөлүштү.
Лейлек районунун Коммуна айылына кичи футболдук аянтчанын курулушу аяктап жатат. Бул долбоор Кореянын «КОЙКА» уюумунун колдоосу менен жүзөгө ашты.
Сиз спорттун ММА түрүнө кызыгасызбы? ММА спорт чеберлери жөнүндө билесизби? Анда төмөндөгу тесттен өтүп көрүңүз. Даярдаган: Тимурлан Мелисбеков
Чолпонай Ташиева учурда Түркиянын Стамбул университетинде магистрант. Буга чейин ал Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде искусство тармагында билим алган. Алган билимине ылайык, актриса болууну каалабаган Чолпонай, спорт тармагын тандаган. Учурда Түркия, Пакистан …
Тогуз- Тородо 2020- жыл «Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына» карата жана 5-март «Ак калпак» күнүнө арнап, мектеп окуучуларынын волейболчулары мелдешке түштү.
Тасма айылында райондук деңгээлде «Грек-рим» күрөшү болуп өттү. Турнир «КРнын эмгек сиңирген мугалими» Асан Сопиев жана Ооган согушунун ардагери Асанбек Жакыпбаев, Баткен согушунун катышуучусу Аваз Дүйшөбаевдин жаркын элесине арналды. Спорттук …
Кыргыздын улуттук оюну Көк бөрүнү унутта калтырбай азыркы жаштар кызыгуу менен ойноп келе жатат. Алсак, мектеп окуучулары арасында 2002-жылкы мырзалардын ынтымакты чыңдоо максатында беш айыл кезектешип көк бөрү оюнун өткөрүшүүдө. …
Тогуз- Торо районунун Сары- Булуң айылындагы №7 Т.Сатыбалдиев орто мектебинде «Чилденин чилтендери» аталышындагы кышкы эстафета өткөрүлдү.
«Кыргызстандын ардактуу машыктыруучусу» жана «Спорт чебери», » Дене тарбия спорт отличниги» Брагин Сергей Валентиновичтин демилгеси боюнча Жал айылынын 2008- 2012- жылы туулган уландар жана кыздар арасында лыжа тебүү боюнча мелдеш …
Сүлүктү шаары боюнча өспүрүмдөр арасында күрөштүн греко-рим түрү боюнча шаардык мелдеш өттү.
Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл — Туу айылынын тургуну Марсбек кызы Назира Турция өлкөсүндөгү Стамбул шаарында 2020 — жылы 9-13 январда өткөн эркин күрөш боюнча турнирге катышып келди.