Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Медиатека

Мугалимдердин кыскартылган иш кагаздары боюнча көрсөтмөлөр берилүүдө

Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн методисттери мугалимдерге министрлик тарабынан кыскартылган бир нече иш-кагаздары боюнча аралыктан көрсөтмөлөрдү берүүдө. Методикалык кабинеттин башчысы Чынар Сатындиеванын айтканына караганда бул-мугалимдердин талабы. Бирок алар жүргүзүүгө милдеттүү …

23 Январь 2021 жыл 11:14

Суусамырда быйыл кыш жеңил өтүүдө

Жайыл районуна караштуу Суусамыр ѳрѳѳнүндѳ быйыл жылдагыдан айырмаланып, кыш мезгили жеңил ѳтүүдѳ. Суусамыр метеостанциясынын берген маалыматына караганда бул жылы түшкѳн кардын калыңдыгы бүгүнкү күнгѳ карата 13 сантиметрди түзѳт. Ал эми, …

23 Январь 2021 жыл 9:42

Тест. Сиздин чыныгы сезимдериңиз кандай?

Кээ бир учурда мамиле куруп жүргөн адамга карата өзүбүздүн сезимдерибизди биле албай кыйналган учурлар болот. Чын эле мен аны жакшы көрөмбү же бул достукпу? Же жөн гана аяп, мамиле куруп …

22 Январь 2021 жыл 12:03

Айылдаштарына керектүү кызмат көрсөткөн ишкер мырза

Куланак айылында Замир аттуу мырзаны кайсы Замир дешсе «жорго такси» Замир дешет. Себеби, айыл ичиндеги кыймылды, мал союшту буйрутма алуу менен тез жана жоопкерчилик менен аткарып, ушул атка конгон.

21 Январь 2021 жыл 10:25

Айылдын четиндеги көчөлөргө жарык берилди

Жайыл районунун Кара-Суу айыл аймагындагы Кара-Суу айылынын чет жакта жайгашкан Кара-Балта жана Жылдыз көчөлөрүнө жарык коюлду.

21 Январь 2021 жыл 9:06

Жаңы-Жер: Кесиптик лицейдин окуучулары «Этнокейтеринг» тейлөө кызматын башташты

Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейде, кыргыздын каада салттык ыкмасы менен кесипке үйрөтүп окутууда. «Ашпозчу» кесибинин окуучулары, өндүрүштүк окутууда ар кандай иш чараларда «Этнокейтеринг» тейлөө кызматын башташты. 

20 Январь 2021 жыл 14:19

“Жети кадам” программасынын максаты жумушсуздарды иш менен камсыздоо

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бузурманкулов облус жетекчилигине жаңы дайындалгандан тарта  Талас облусун түрө кыдырып, карпайым элдин жашоосун жеринде көрүп, көйгөйлөрдү угуп, эң ири маселе жумушсуздук …

20 Январь 2021 жыл 14:15

Керемет! Студенттин телефонго тарткан сүрөттөрү

Нуркыз Апышева мобилдик телефонго эле мыкты сүрөттөрдү тартып келет. Ал сүрөт тартууга колдонуп жаткан телефонун республикалык олимпиадада утуп алган.

19 Январь 2021 жыл 12:31

Суусамыр: Айылда чөөлөрдүн көбөйүшү балдардын өмүрүнө коркунуч жаратууда

Суусамыр айылында кыш мезгилинде аба ырайынын өтө суук болгондугу менен айырмаланат. Мындай суукта токойлордо чөөлөр көбөйүп, элдин тынчын алып жаткандыгы айтылууда. Жолго айылы Суусамыр айыл аймагынын 1-Май айылынан 3 чакырым …

18 Январь 2021 жыл 12:08

Жол жумушчулары: Кыш келгенде жол жумуштары оорлойт

Ысык-Көл облусунун «Түп Кеген» жолунда  эмгектенген жумушчуларга кыш мезгилинде шарттар оор. Себеби, Каркыра өрөөнү дайыма шамал, кар болуп турган аймак. Жумушчулардын айтымында айылдан барып- келип иштөө кыйын, андыктан жатып иштегенге …

17 Январь 2021 жыл 15:21

Куланак: Кыш мезгилиндеги жолдун абалы

Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы жол Нарын облусун Ак — Талаа, Тогуз — Торо райондору менен байланыштырган жалгыз трасса. Жол советтер союзунда курулган. Ошол күндөн ушул күнгө чейин жолдо тынымсыз …

17 Январь 2021 жыл 14:48

Турак-жайды өрттөн сактайлы

Көпчүлүк өрт турак үйлөрдө болот. Адамдардын отко камырабастык менен мамиле кылуусу көп учурда өрттүн чыгышынын себептеринен болуп калат. Кыш мезгилинде өрттүн чыгуу кесепеттери дагы көбүрөк катталат. Ошол себептүү турак-жайды өрттөн …

16 Январь 2021 жыл 22:32

Элдин үнү: Ооган-Талаанын жолдорунун абалы элдин көйгөйүнө айланды

Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылындагы башкы жолдун абалы элдин көйгөйүнө айланды.

16 Январь 2021 жыл 13:28

Жаңы-Жер айыл аймагында жолбун иттер жок кылынат

Жаны-Жер айыл аймагында ээси жок жолбун иттер көбөйүп кеткендиги айыл тургундарын санаага салды. Кыш мезгилинде талаада таштанды арасында жүргөн жолбун иттер айыл ичине кирип келишти.

16 Январь 2021 жыл 10:20

Чогулуш: Маданиятсыз тейлөө, бүтпөгөн мектеп, таза суу маселелери

Токтогул районунун  Чоң-Арык айылында  Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Таалайбек Жайылов, Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Илиязбек Чороев жана  райондук мекеме жетекчилердин катышуусунда чогулуш болду.

13 Январь 2021 жыл 17:52

Психологдон кеңеш: Өткөөл курактагы бала менен кантип тил табышуу керек?

Өткөөл курактагы балдар менен бир бүтүмгө келүү бир топ түйшүк жаратып, ал гана эмес айрым убактарда ата-эне үчүн көйгөй болуп келет. Бул мезгилде бала менен улуулардын ортосунда эмне себептен пикир …

13 Январь 2021 жыл 16:17

Баш кийим токуп кошумча каражат тапкан Алина Маматзакирова

Бишкек шаарынын тургуну, эки баланын энеси Алина Маматзакирова окуучу кезинен эле түймө түйүүгө кызыгып, бул ишти оңой эле өздөштүрүп алган. Турмуш куруп, балалуу болгон учурунда дагы үй түйшүгүнө карабай, баш …

13 Январь 2021 жыл 15:59

Демилгелүү топ айылдык ооруканага жардам көрсөтүштү

Пандемия шартында Суусамыр айылдык ооруканасына жардам көрсөтүү максатында Суусамыр элинин ыктыярчыларынын атынан түзүлгөн «Суусамыр элинен жардам» тобу түзүлгн. Топтун аткарган иши, берилген жардамдар тууралуу уюштуруучу топтун жетекчилери түз эфирде маекте …

12 Январь 2021 жыл 16:57

Жигердүү жаштар: “Ак-Моюн Жаштары”

kyrgyzmedia.kg  сайты республика аймагында айыл жаштарынын демилгеси менен түзүлүп иш алып барган жаштар топтору менен тааныштырат. Бул жолу Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Моюн айылынын активдүү жаштары тарабынан  уюштурулган иштери …

12 Январь 2021 жыл 15:00

Президенттик шайлоо келечекти тандоо

Шайлоо 2021 бул бир гана президентке гана добуш бербестен башкаруу кандай болушун элдин тандоосун, каалоосун да көрүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү шайлоо болду.

11 Январь 2021 жыл 23:29

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...