Кочкор райондук музыкалык драм театрынын артисттери Төлөк элине Ормон Ниязбек уулунун 230 жылдык мааракесинин алкагында Ормон Ниязбек уулунун өмүрү жана басып өткөн жолун спектакль кылып тартуулашты.
Бүткүл дүйнөлүк балдардын күнү жыл сайын 20-ноябрда белгиленет, ал БУУнун Баланын укуктары боюнча конвенциясынын кабыл алынган күнүнө арналган. Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнү балдарга жана жаштарга өз укуктарын коргоого түрткү …
Ак-Талаа районундагы он бир орто мектептин бүтүрүүчү класстарынын 100дөн ашык окуучусу Нарын шаарындагы Тайлак баатыр атындагы чек ара аскер бөлүгүндө болуп, «Ачык эшик» күнүнө катышып келишти. Окуучуларды Аскерге чейинки даярдык …
Ноябрь айынан баштап Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда унаа тыгындары байма-бай болууда.
Нарын районуна караштуу Куланак айылында 15-ноябрь күнү диний экстремизмге каршы Нарын районунун ички иштер бөлүмүнөн кызматкерлер келип, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Ал жакта 7-11-класстардын окуучулары жана класс жеткечилер, тарбия завуч, соц.педагог …
Жумгал районунун Байзак айылында түшүм майрамына карата өткөн ат оюндарынын жыйынтыгы чыгып, байгелери ыйгарылды.
Базар-Коргон шаарында болуп өткөн «Жаңгак фестивалында» Ооган-Талаа жамааттык мультимедиа борборунун кабарчысы Гүлназ Камбарали кызынын «Тоолор жана айымдар» аттуу сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы болду.
Кочкор райондук маданият үйүндө Ормон хан Ниязбек уулунун 230 жылдык мааракесинин алкагында маданият бөлүмү тарабынан иштелип чыккан Ормон хандын өмүрү жана басып өткөн жолу жөнүндө спектакль Кочкор айылынын тургундарына тартууланды.
Кулатов айыл өкмөтүндөгү «Кулатов Келечек» спорт клубундагы эркин күрөшкө кызыккан балдар облустук жана эл аралык мелдештерде Арген Тургунов, Алымбек Бурканов баш байгени алышты.
Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы Куланак жамааттык мультимедиа борбору жыл сайын өз санына жаңы ыктыярчыларды кошуп, кулачын жайып келет. Быйыл жылдагыдан өзгөчөлөнүп, сынактын жыйынтыгы менен гана жамааттык топко кошула алышат.
Эзелтен аталарыбыз уул баланы сүннөткө отургузуп келген, бул жөн гана ар бир мусулман уулунун парзыбы, же медицина жактан дагы пайдасы барбы? Кененирээк маалыматты биздин бүгүнкү материалда алсаңыз болот. Кээ бири …
Чүй облусунун Сокулук районундагы Кызыл-Туу айылында Саадаш Абдылдаева атындагы орто мектебинде “Күз майрамы “ болуп өттү. Аталган мектептин 5 – 8 классынын окуучулар арасында көргөзмө уюштурулду.
Нарын районуна караштуу Куланак айылында “Ынтымак” кубогу боюнча футбол турнири болуп өттү. Оюнга айылдын жана Бишкек шаарында жашаган Куланак айылынын тургундары катышты.
Ак-Талаа районундагы Э.Карасартов атындагы орто мектебинде USAIDдин “Окуу керемет” долбоорунун алкагында үч күндүк окуу-семинар уюштурулду. Ага райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев, мектеп директорлору, окуу бөлүмүнүн башчылары, методисттер, башталгыч …
Ак-Талаа районунда КРнын Айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамын утурлай “Түшүм майрамы” болуп өттү. Ага жергеиликтүү бийлик өкүлдөрү, фермерлер, дыйкандар, айыл чарба кызматкерлери катышты.
Базар-Коргон районундагы Кызыл-Үңкүр айылынан 140 чакырым алыста жайгашкан Рават жайлоосунда мал жайган жайлоочулардын бири — Жумагүл Абдыкаим кызы. Ал азыр колундагы 2 айлык бөбөгү менен мөңгүсү кете элек тоо алдында …
Кулатов айыл өкмөтү жана «Ыйык Ата-Журт» жаштар фондунун Баткен облусунун төрагасы тарабынан «Жылдын мыкты парламенти» долбоору уюштурулду. Бул долбоорго Кулатов айыл өкмөтүндөгү он мектеп катышты.
Ак-Талаа районунда Кыргыз милициясынын түптөлгөндүгүнүн 98 жылдыгына арналган салтанаттуу иш- чара өткөрүлүп, анда ички иштер кызматкерлеринин ардагерлери, бөлүмдүн өздүк курамы катышты.
Асан Сопиев артынды №19 Тасма жалпы орто билим берүү мектебинде, окуучулардын сабаттуулугун жана сулуу кол жазмасын каллиграфиясын текшерүү максатында, мектептин «Аваз» өзүн-өзү башкаруу уюму тарабынан уюштурулган окуучулар арасындагы, «Мен сулуу …
Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинде мугалимдер, мектеп директорлору жана билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларына “Чыгармачылык менен сабак өтүүдө техникалык заманбап каражаттар жана платформалар” деген темада атайын тренингдердин топтому өтүлдү.