Тогуз-Торо районунда 6 учур коронавирус жана 1 учур пневмония оорусу аныкталган. Контакттар такталып 28 адамдан анализ алынып, 1 адамдан коронавирус табылды. 2 бейтап жугуштуу оорулар бөлүмүндө жаткырылган, 3 бейтап жеңил …
Кочкор районунун Төлөк айылында COVID-19 илдети менен ооругандар катталган. Азыркы убакта алардын бирөө каза болсо, бешөө дарыланып келишкен.
Базар-Коргон районунда Арстанбап айыл аймагына караштуу Дашман коругу жөнүндө маалымат топтоп, коруктун абалы менен кабарчылар таанышып келген.
Могол айыл аймагында дебаттык турнир өтүп, ага 32 команда катышкан. Сузак районунан Ленин, Атабеков, Базар-Коргон районунан Талдуу-Булак, Могол, Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүндөгү атайын түзүлгөн жумушту топтун мүчөлөрү дебат ойношту. Пандемияга байланыштуу …
Нарын районуна караштуу Оттук айылынын тургуну, депутат Мыскал Байгазиева көптөгөн долбоорлор менен иштешип келет. 2002-2003-жылдары жаштарга колдоо көрсөтүү максатында долбоор жазып, Оттук айылында алгач “Маалымат борбору” ачылган. Борборго долбоордун алкагында …
Көл-Купан Жалал-Абад облусунда, Багбаш-Ата чокусунун артында деңиз деңгээлинен 2838 м бийиктикте жайгашкан.
Кочкор районундагы Төлөк айылында пандемия учурунда айыл элинин демилгеси менен жардамдар көрсөтүлдү.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Каркыра айылында 21 түтүн жашайт. Аларга таза суу киргизүү иштери жүрүүдө. Бул курулуш республикалык бюджеттен каржыланып, күзгө чейин аягына чыгарылмакчы.
Ошентип балдар сагынып күткѳн жайкы эс алуу каникул мезгили да башталды.
Коронавирус (COVID-19) оорусуна каршы вакцина боюнча туура так маалымат берүү учурдун талабы.
Сокулук районунун музыка мугалими Бүбүсара Жалалова кадимки үй-тиричилигинде колдонуп келген чынылардан күү чыгарат. Окуучулары дагы аны кызыгуу менен үйрөнүп алышкан. Айрым чыгармаларды комуз жана башка аспаптардын коштоосунда аткарышат.
Тогуз-Торо райондук балдар өспүрүмдөр чыгармачылык борборунда “Алтын балалык 2021” балдардын жайкы эс алуу лагери уюштурулуп, ага 95 бала катышты.
Жайлоо – жайкы конуш, мал жайыты. Жайлоого абасы салкын, чөбү мол, суусу кенен жерлер тандалат. Учкун айылына тиешелүү Улан жайлоосу дагы ошондой сууга бай, көркөмү кооз жер. Жайлоонун чөбү жагымдуу …
Өлкөдө абал курчуп, COVID-19 вирусу кайрадан күчөп баштады. Бул учурда окуучулар жайкы эс алууда кошумча курстарга барып окуу билимин тереңдетишсе, бири ата-энесине жардам берип кийинки окуу жылына даярданышат.
«Санарип мугалим» долбооруна «Соң-Көл» орто мектебинин физика мугалими Роза Асыранкулова катышып, ардак грамота менен сыйланды.
Нарын облусу тоолуу болгондуктан көз жоосун алган жайлоолорго бай. Алардын бири Ат — Башы районуна караштуу Босого жайлоосу.
Өлкөдө Ковид-19 илдетине каршы жалпы республикалык эмдөөнүн биринчи этабы аяктап, айрым жерлерде экинчи этабы башталганы турат. Ал эми Төлөк айылында да экинчи эмдөөнү алам деп күтүп жаткандар бар.
Эрте никенин курмандыгы болгон айыл тургунунун тагдырын баяндаган окуянын 1-бөлүгүн сунуштайбыз. Окуя Ак-Талаа районунун айылдарындагы бир үй- бүлөдөгү зомбулук тууралуу баяндалат.
Эжигей деп уккандар бар болсо керек. Бирок бүгүнкү күндө бул азыктын жасалышы жана колдонуу такыр эле унутта калгандай. Андыктан бул чыгарылышта Эжигей тамагынын жасалышы жөнүндө Толгонай апанын маеги менен таанышасыздар …
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Б.Купешев Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен орто мектебине келип кетти.