Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Жаңылыктар

Арал айылынын окуучусу Сингапурда билим алууга жолдомо алды

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Арал айылынын 11-классынын окуучусу Айым  Мырзабекова  гранттын негизинде  «Келечек фонду»  тарабынан уюшулган  конкурстан женүүчү деп тандалып, анын негизинде Сингапур шаарында окуп келүүгө жолдомо алды.

24 Январь 2021 жыл 12:44

Ит атарларга айыл эли нааразы болууда

Нарын районуна караштуу Куланак айылында жолбун иттерден тазалоо максатында январь, февраль айларында ит атуу боюнча рейд жүрүүдө. Бирок рейд учурунда ит атуучулар багылып жаткан иттерди да атып кеткендиктен айыл тургундары …

23 Январь 2021 жыл 19:18

Мугалимдердин кыскартылган иш кагаздары боюнча көрсөтмөлөр берилүүдө

Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн методисттери мугалимдерге министрлик тарабынан кыскартылган бир нече иш-кагаздары боюнча аралыктан көрсөтмөлөрдү берүүдө. Методикалык кабинеттин башчысы Чынар Сатындиеванын айтканына караганда бул-мугалимдердин талабы. Бирок алар жүргүзүүгө милдеттүү …

23 Январь 2021 жыл 11:14

Суусамырда быйыл кыш жеңил өтүүдө

Жайыл районуна караштуу Суусамыр ѳрѳѳнүндѳ быйыл жылдагыдан айырмаланып, кыш мезгили жеңил ѳтүүдѳ. Суусамыр метеостанциясынын берген маалыматына караганда бул жылы түшкѳн кардын калыңдыгы бүгүнкү күнгѳ карата 13 сантиметрди түзѳт. Ал эми, …

23 Январь 2021 жыл 9:42

Айылдын четиндеги көчөлөргө жарык берилди

Жайыл районунун Кара-Суу айыл аймагындагы Кара-Суу айылынын чет жакта жайгашкан Кара-Балта жана Жылдыз көчөлөрүнө жарык коюлду.

21 Январь 2021 жыл 9:06

Жаңы-Жер: Кесиптик лицейдин окуучулары «Этнокейтеринг» тейлөө кызматын башташты

Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейде, кыргыздын каада салттык ыкмасы менен кесипке үйрөтүп окутууда. «Ашпозчу» кесибинин окуучулары, өндүрүштүк окутууда ар кандай иш чараларда «Этнокейтеринг» тейлөө кызматын башташты. 

20 Январь 2021 жыл 14:19

“Жети кадам” программасынын максаты жумушсуздарды иш менен камсыздоо

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бузурманкулов облус жетекчилигине жаңы дайындалгандан тарта  Талас облусун түрө кыдырып, карпайым элдин жашоосун жеринде көрүп, көйгөйлөрдү угуп, эң ири маселе жумушсуздук …

20 Январь 2021 жыл 14:15

Суусамыр: Айылда чөөлөрдүн көбөйүшү балдардын өмүрүнө коркунуч жаратууда

Суусамыр айылында кыш мезгилинде аба ырайынын өтө суук болгондугу менен айырмаланат. Мындай суукта токойлордо чөөлөр көбөйүп, элдин тынчын алып жаткандыгы айтылууда. Жолго айылы Суусамыр айыл аймагынын 1-Май айылынан 3 чакырым …

18 Январь 2021 жыл 12:08

Жол жумушчулары: Кыш келгенде жол жумуштары оорлойт

Ысык-Көл облусунун «Түп Кеген» жолунда  эмгектенген жумушчуларга кыш мезгилинде шарттар оор. Себеби, Каркыра өрөөнү дайыма шамал, кар болуп турган аймак. Жумушчулардын айтымында айылдан барып- келип иштөө кыйын, андыктан жатып иштегенге …

17 Январь 2021 жыл 15:21

Жаңы-Жер айыл аймагында жолбун иттер жок кылынат

Жаны-Жер айыл аймагында ээси жок жолбун иттер көбөйүп кеткендиги айыл тургундарын санаага салды. Кыш мезгилинде талаада таштанды арасында жүргөн жолбун иттер айыл ичине кирип келишти.

16 Январь 2021 жыл 10:20

Чогулуш: Маданиятсыз тейлөө, бүтпөгөн мектеп, таза суу маселелери

Токтогул районунун  Чоң-Арык айылында  Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Таалайбек Жайылов, Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Илиязбек Чороев жана  райондук мекеме жетекчилердин катышуусунда чогулуш болду.

13 Январь 2021 жыл 17:52

Президенттик шайлоо келечекти тандоо

Шайлоо 2021 бул бир гана президентке гана добуш бербестен башкаруу кандай болушун элдин тандоосун, каалоосун да көрүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү шайлоо болду.

11 Январь 2021 жыл 23:29

№ 4150 шайлоо тилкесинде добуш берүү аяктады

Кочкор районунун Чолпон айылында 10-январь күнү президенттик шайлоо 8⁰⁰ дө башталып, 20⁰⁰ до добуш берүү соңуна чыкты.

11 Январь 2021 жыл 1:40

№7336 шайлоо тилкесинде добуш берүү аяктады

Кыргыз Республикасынын 10-январга белгиленген мөөнөтүнөн мурда Президентти шайлоо жана Парламент боюнча Референдум аяктады.

10 Январь 2021 жыл 23:35

Кара-Суу айылында шайлоочулардын саны 500дөн ашты

2021-жылдын 10-январында КРнын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана референдум өткөрүү өнөктүгүнө карата Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагында жайгашкан №2087 Кара-Суу шайлоо участогу өз ишин алып барууда.

10 Январь 2021 жыл 19:43

Акталаа районунда шайлоо учурунда мыйзам бузуулар каттала элек

Ак-Талаа району боюнча жалпы 24048 шайлоочу бар. Учурда 21 шайлоо тилкесинде жарандар келип өз добуштарын берүүдө. Акыркы сааттарга алынган маалыматтар боюнча 21 шайлоо 9101 жаран добуш берген. Бул шайлоочулардын 37% …

10 Январь 2021 жыл 19:33

Куу-Майданда шайлоочулар добушун бере албай калган учурлар катталды

Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын 5376 шайлоо участогунда шайлоочулар добушун бере албай калган учурлар катталды. Алардын шайлай албай калганынын себеби алар биометрикалык каттоодон өткөн эмес. Шайлай албай калган шайлоочуларга паспортун …

10 Январь 2021 жыл 16:37

Шайлоо 2021: Ооган-Талаада шайлоочулар активдүү

 Күндүн суук болгонуна карабай 2153 Ооган- Талаа шайлоо участкасында шайлоочулар активдүү катышып жатышат.

10 Январь 2021 жыл 16:15

Учкун айылында муз аянтчасы ачылды

Нарын райнуна караштуу Учкун айылында тургундар эс алып, муз тебүүсү үчүн муз аянтчасы ачылды. Аянтчаны айылдын тургуну Мирбек Карабалаев ачкан. Муз аянчаны ачуу үчүн көп деле каражат кетпегени менен, чоң …

10 Январь 2021 жыл 11:23

Брайан Трейси: Мыктылар кантип башкарат

Бул китепте эң маанилүү жөндөмдөрдүн бири болгон лидерлик жөнүндө айтылат. Сиз бул китепте башкаруу, шыктандыруу үчүн каалаган жыйынтыкка жетүүдөгү лидерликтин эң таасирдүү принциптерин кантип колдонуу керекетигин биле аласыз.

8 Январь 2021 жыл 17:05

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...