Айыл тургуну 8,9 киши иштей турган кийим тигүү цех ачып, айыл үчүн чоң жаңылык киргизди. Айылдын келиндери жумуш издеп шаарга бааруунун кажети жок дешет.
Сары-Булун айыл аймагынын айыл тургундарына, 10-11-класстарга «Китеп жан дүйнөнүн азыгы», «Өзүн өнүктүрүү»аталышындагы тренингди айылдык китепканачы менен коомдук активист Медина Эркинбекова менен биргеликте иш- чара өткөрүлдү.
Улуу Ата Мекендик Согуштун оор күндөрүндө тылда иштеп, элибиздин тынч жашоосун түптөөгө салым кошкон Чачыкей апа 96 жашта.
Тогуз-Торо районунун акими,орун басары, өкмөт башчылары 9-май жеңиш күнүнө карата ардагерлердин байбичелерине барып, ал абалын сурап, чакан майрамдык белектерин тапшырып келишти.
Казан-Куйган айыл аймагында болжолдуу түрдө жылына 25-27 аял кош бойлуулугуна байланыштуу атайын учетко алынып турат. Акыркы жылдарда кош бойлуу аялдардын саны мурдагы жылдарга эле окшош болгон.
Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43 Кесиптик лицейдин жалпы жамааты Баткендеги тажик-кыргыз чек арасындагы окуяда жабыркаган мекендештерге жардам катары бир күндүк айлык маяналарын которушту.
9-майда Улуу Жеңишке 76 жыл толот. Мына ушул күнгө байланыштуу Ак-Талаа райондук сотунун кызматкерлери Жаңы-Талап айылынын тургуну, 96 жаштагы Асыл Бердикеева апага жолугуп, майрамдык белектерин беришти.
Модельер конструктор дизайнер жана стилист Гулсара Жолдошова 49 жашта. Алгач ишин жөнөкөй тигүүчүдөн баштап, технолог болгонго чейин жетип, учурда өзүнүн чакан тигүү цехин ачканга жетишти. Гулсара Жолдошовага өзгөчө жаш балдар …
Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүнүн Абшыр-Ата айымдары ассоциациясы бир нече уюмдар менен иш алып барып жатышат. Учурда Абшыр-Ата айымдары ассоциациясы окутуулардан өтүп, Кулатов айыл өкмөтү тарабынан 1 гектар жер менен …
Созул Айбашова 70 жашта. Пенсияга чыккандан тарта айылдагы жумушсуз аялдардан турган «Өнөр булагы” кол өнөрчүлөр жамаатын түзгөн. Учурда аталган ишканада 20дан ашык аял эмгектенет. Алар кийизден ар кандай аксессуарларды, шырдак, …
«Айым Баштайт» аялдар арасындагы ишкердүүлүктү өнүктүрүү фонду “Aiym in Business” жаңы долбоорун баштады. Аталган долбоор 3 күндүк онлайн тренинг форматында өтөт жана тренингдин катышуучуларынын мотивациясын жогорулатуу максатында, жеке ишкердик менен …
Базар-Коргон районунда пенсионерлер акчасын ала албай жатышат. Аталган айылдын социалдык башкармалыгына барганда, ал жердеги кезек күтүп отурган улгайган жарандардын санитардык эрежелерди сактабай турганын көрүүгө болот.
Нарын районуна караштуу, Куланак айылы Баетов-Нарын трассасында жайгашкан. Ошол себептен, бул трасса такыр бош турбайт жана кызыктуу окуяларга бай.
Социалдык медиада коопсуздук боюнча маалыматтар терс маанайда. Бирок бул биз аларды колдонбошубуз керек дегенди билдирбейт. Болгону айрым эрежелерди сактоо менен ар кандай шылуундардын торуна илинбей өзүбүздү коргоп алсак болот.
Аутизм бул баш мээнин өнүгүүсүнүн бузулуусунан келип чыккан өзгөчө абал. Ушул күнгө чейин аны ооруу же оору эмес деген талкуулар жаралып келет. Бир четинен муну ооруу десе дагы болбойт. Себеби …
Бүгүн 11-апрель Суусамыр айылында жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо жана Референдум өтүп жатат. Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинде жайгашкан 7346 шайлоо участогундагы шайлоого шайлоочулар активдүү катышып жатышат.
Бүгүн Ак-Талаа районундагы Н.Кулназаров атындагы маалыматтык китепкана тармагында «Алдыда жолдор калды басылбаган» аттуу эскерүү кече болуп өттү. Аталган иш чарага 7-апрелде курман болгон Адилет Карасартовдун ата-энеси, китепкана жана маданият үйүнүн …
Бүгүн Суусамыр айылдык ден-соолук чыңдоо комитети тарабынан Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинде жана Суусамыр айылдык ооруканасында «7-апрель-бүткүл дүйнөлүк ден-соолук кунунө» карата акция болуп өттү.