Кыргыз элинин салтын унутпай өзгөчө чеберчилигин мыкты деңгээлде өнүктүргөн апаларыбыз жаштарга өздөрүнүн чеберчилигин үйрөтүп келүүдө. Ошолордун бири Сумбула айыл округуна караштуу Искра айылынын тургуну Жороева Айзада.
Сөзү менен да, күчү менен да жеңген Учкун айылынын Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинин кыргыз тили сабагынан берген Миргүл Абекова, эки жылдан бери “кол күрөш” боюнча мектебибиздин намысын коргоп келет.
Ноокат районунун, Кенеш айыл өкмөтүндөгү Куу-Майдан айылында жайгашкантКуу-Майдан тигүү цехи 2011-жылдан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Бүгүнкү күндө цехте 4 айым эмгектенип, жашоочулардан келген буюртмаларды өз убагында аткарып келишүүдө.
Кулатов жергесинде «Ыкчам келинчек» аттуу тандоо болуп өттү. Анда айыл аймагына кирген жети айылдан жети келин таймашты.
Кыргызстандын коомдук телеберүү корпорациясынын окуу-ресурстук медиакоммуникация борборунда 2014-жылдын 6-10-июль күндөрү “Аймактардагы ишенимдүү окуяларга таянып телесюжеттерди издөө жана түзүү” семинары болуп өттү. Аймактардагы телекомпаниялардын чыгармачыл топтору аймактын өнүгүүсү тууралуу өздөрүнүн телепрограммасын …

Бул программалар сериясы Алматы шаарындагы ЮНЕСКО бюросунун колдоосу менен Коммуникацияларды өнүктүрүү эл аралык программасынын тренингдеринин алкагында түзүлгөн. Программалар жергиликтүү проблемаларды жана аларды чечүүнү кыргызча уктурат. Орусча кыскача аннотациялар берилген.
Токтояндын 42 жаштагы тургуну Жаңыл Асырбаева мамлекеттен жөлөк пул ала албай келгендигин айтат. Айыл өкмөт кызматкеринин билдиришинче, алардын үй-бүлөдөгү материалдык абалы жакшы, ошондуктан аларга жөлөк пул берилбейт.
Нарын районунун Учкун айылында жалгыз багбан айым бар. Ал 68 жаштагы Турдубүбү Акматова.
Зарина Женишбек кызы, Ош облусунун Кызыл-Булак айлынын, Айбашов атындагы орто мектебинде окуйт. Зарина кичине кезинен музыкага кызыгат. Аркандай ыр сынактарына катышып жеңиштүү орундарга ээ болгон. Заринанын биздин окурмандарга өзүнүн кызыгуусу, кыялы тууралуу айтып берди.
Турдубүбү апа мечиттин курулушуна демөөрчү көп убакыт таба албай жүргөн. Үч жыл мурун БДЖФ (Буткул Дуйнолук Жаштар Федерациясы) доолборго колдоо көрсөтүүгө макулдугун берген. Анын жыйынтыгында БДЖФ 21.000 долларлык долбоордун 30 пайызын айыл тургундарынын салымы менен, калган бөлүгүн болсо өздүк каржылоосуна алган.
Толгонай Көчкөнбаева “Нооруз” дүкөнүнүн ээси. Ал кырк жылдан бери соода тармагында иштеп келет. Келечекте дүкөнүн кеңейтүүнү пландоодо.

Жыйырма алты жылдан бери акушер-гинеколог болуп иштеп жаткан Абдирешева Бактыкан төрт айыл өкмөттүн келин-кыздардына кызмат көрсөтөт. Ошону менен бирге Үй-бүлөлүк дарыгер тобунда да эмгектенип келет.
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген дарыгери, Лениндин 100 жылдыгына карата медалынын, Кыргыз ССРинин ардак грамотасынын ээси, бир нече жолку Нарын областтык, райондук кеңешинин депутаты Жеңишгүл Султанова өзүнүн сүйгөн кесибине өмүрүнүн 45 жылын арнады.