«Инаугурацияда командирлердин буйругу менен мен өзүмдүн милдетимди аткардым. Ар бир жаранда мекен үчүн жүрөгү күйүп милдет, намыс, темирдей бекем тартип, адилеттүүлүк болсо, ата журтум өнүгөт».
Токтогул районунда Көк бөрү федерациясы түзүлүп, федерацияны колдоо максатында Токтогул району боюнча айыл өкмөттөр көк бөрү оюнун жер-жерлерде өткөрүп беришүүдө. Кезектеги оюн Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүндө өткөрүлдү.
Дүйнө жүзүндө жашаган элдердин бардыгын, жаратылыш, жер, табият, суу, аба тамактандырарын билдим. Көрсө биз тамактануу үчүн гана жашабай, аларды сактап, коргошубуз керек экен. Аларды коргоо үчүн “Биологиялык маданияттын ар түрдүүлүгүн” …
Кыргызстан боюнча ишке ашырылып келе жаткан «Бир адамдан бир китеп» долбоору Суусамыр өрөөнүнүн тургундары тарабынан да колдоо тапты. Айрыкча жаштар долбоорго жигердүү катышып, акыл казынасы саналган ар кыл китептер менен …
Нарын районуна караштуу Куланак айылында көк бөрү командасы бар. Командалар айыл ичиндеги жана райондук деңгээлдеги уюштурулган оюндарга катышып турат. Оюн учурунда ар кандай ден- соолукка терс таасирин тийгизген учурлар да …
Ак-Талаа районундагы маданият үйүндө “Нота” фестивалынын тушоо кесүү мааракесинин алкагында жаш таланттар санагы өттү. Сынакка аймактардагы 30 га жакын таланттуу өнөрпоздор катышты. Өнөрпоздордун жаш курагы 25ке чейин болуп, жанр тандоосуна …
Канча убакыт экени маанисиз бирок, сиз бир адам менен мамиле куруп жүрөсүз. Бири-бириңизге болгон мамиле, сезимдериңиз тууралуу, сиздердин мамиленин келечеги кандай же мамиле эмнеге муктаж экендигин билгиңиз келеби? Анда, тесттен …
Алыскы Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кош-Дөбө айылында «Лидер» Жаштар клубунун филиалын негиздеген Айзирек Жаныбек кызы. Ал мектепте окуп жүргөн кезинен тарта эле активдүү болуп коомдо болуп жаткан ар кандай …
Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кара-Суу айылында пандемия учурунда илдетке каршы турууда айыл тургундары көптөгөн жардамдарды беришти. Алардын арасында айылдык жаштар уюму, жаш курагы бирдей айыл тургундары, медайымдар, мугалимдер, ишкерлер …
«Ак-Талаа Жаштары» коомдук бирикмеси 2020-жылы жасалган иштери боюнча жылдык отчет берди. Жыйынга коомдук бирикменин мүчөлөрү, райондун аймагындагы жаштар уюмдарынын жигердүү өкүлдөрү жана район акими Сейтек Кулубаев катышты.
Ансыз дагы убактыбыздын басымдуу бөлүгүн уюлдук телефон менен өткөрөбүз. Келгиле эми аны пайдалуу колдонууну дагы өздөштүрөбүз. Англис тилин үйрөнүүдө алардын жардамы чоң. Акысыз тиркемелер аркылуу сиз чет тилин ыңгайлуу жана …
Жаңы-Жер айыл тургундары тарабынан, дүкөндөрдө спирт ичимдиктерин сатууга каршы демилге көтөрүлдү. Айылдын тынчтыгын сактоо жана жаштардын жаркын келечеги үчүн спирт ичимдиктерин саткан дүкөндөргө, эл нааразычылыгын билдирүүдө.
Тасма айылында күрөш, волейбол, баскетбол, футбол ийримдери бар. Бирок азыр элетте жаштардын спортко болгон кызыгуулары жоголду. Мугалимдер уюлдук телефон, интернет жаш балдарды азгырууда дешет.
Бул китеп сизге жаңы иш баштооңузга, чечкиндүү жана сабырдуу болууңузга, бай жана ийгиликтүү болуунун сырларын үйрөтүп, деги эле ийгиликтүү адам катары калыптанышыңызга жардам берет. «Ийгилик- бул сен!» китебинде бир катар …
Куланак айылында Замир аттуу мырзаны кайсы Замир дешсе «жорго такси» Замир дешет. Себеби, айыл ичиндеги кыймылды, мал союшту буйрутма алуу менен тез жана жоопкерчилик менен аткарып, ушул атка конгон.
Асылдандыруу иштери өзгөчө уй чарбачылыгында тынымсыз жүргүзүлүүгө муктаж. Себеби асыл тукумдуу мал кунардуулугу жогору болуп, керек болгон сүт, эт, төл берүүсү менен айырмаланат. Жакшы тукумдуу мал тандоодону көпчүлүк биле бербейт. …
16-январда Ат-Башы районуна караштуу Бирлик айылында республикалык деңгээлде хоккей оюну боюнча райондун акиминин кубогуна ачык турнир болуп өттү.
Өткөөл курактагы балдар менен бир бүтүмгө келүү бир топ түйшүк жаратып, ал гана эмес айрым убактарда ата-эне үчүн көйгөй болуп келет. Бул мезгилде бала менен улуулардын ортосунда эмне себептен пикир …
kyrgyzmedia.kg сайты республика аймагында айыл жаштарынын демилгеси менен түзүлүп иш алып барган жаштар топтору менен тааныштырат. Бул жолу Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Моюн айылынын активдүү жаштары тарабынан уюштурулган иштери …
10-январдагы өтө турган шайлоодо бир катар талаптар бар. Алар мурунку шайлоодон айырмаланып «Форма 2» алып салынгандыгы. Суусамыр айылындагы 7346 шайлоо участогундагы шайлоого даярдык тууралуу комиссиясынын төрагасы Калыбек Таштанбаев раидонун туз …