Кошбулакта кичи футбол боюнча көмүр өндүрүүчү ишканалардын командаларынын ортосунда достук мелдешүүсү өткөрүлдү. Бул мелдешке көмүр өндүрүп жаткан 22 жоопкерчилиги чектелген коомдун ичинен 9 команда катышты.
Кошбулактагы №3-үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын (мурдагы поликлиника) үстүнкү кабаттагы батирлерден түшкөн суу каптады.
Улуу Рамазан айында жеке Ишкер, шаардык Кеңештин депутаты Карабаев Исманали Джумабаевич өзү туулуп өскөн Элмуратов айылынын жамаатына мечит куруп берди.
Кыргызстандын мектептеринде окуу жылы аяктап, бардык мектеп окуучулары үчүн жайкы эс алуу башталды. Kloop.kgнин кабарчылары аймактардагы балдардын үч ай ичинде эмне менен алектене тургандыктарына кызыгышты. Баткен облусу Үч-Коргон айылындагы мектептин …
АРИС тин шаарларды колдоо долбоору Сүлүктү шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн инвестициялоо долбоору башталды. Бул боюнча шаардын I вице-мэри Б. Ташев билдирди. Кененирээ маалыматты кийинчерээк жарыялайбыз. Кабарчы: Анварбек Тухтаров
И. Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университетинин доценти, техника илимдеринин кандидаты Абдираимов Абдусамат Акматович өзүнүн докторлук илимий ишинин үстүндө иштеп жатып машинелердин жана механизмдердин назарияты (теория механизмов и машин) тармагында …
Ханнс Зайдель Фондунунун Орто Азиядагы башчысы Доктор Макс Георг Майер иш сапары менен Сүлүктү шаарында болду. Максаты Фонддун каржылоосу менен Президенттин алдындагы башкаруу Академиясынын магистр программасынын бүтүрүүчүлөрүнүн иштери менен танышуу жергиликтүү …
Майда мал, ири мүйүздүү мал көбөйүп, жайлоого алып чыгып багуу жолго коюлуп жаткандыгы менен карышкырлардын малга коркунучу да көкөйгө тийген. Ошондуктан бул коркунучтун алдын алуу үчүн тайган багуу аракеттери көрүлүп …
Бүгүн 14.04.15 Кошбулакта №4-орто мектептин Чоң жыйындар залында үй-бүлөдөгү жана жаш балдарга карата көрсөтүлүүчү зордук-зомбулукту болтурбор максатында жергиликтүү бийлик менен укук коргоо органдарынын Биргелешкен жыйыны болду.
Бүгүн Кошбулактын күн чыгыш жагында, Исхак Раззаков туулган жерде Чоң улак тартыш оюну өткөрүлдү. Бул оюн Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата жалпы Сүлүктү шаарынын атынан өткөрүлдү.
Быйылкы жылы жамгыр нормадан көп жаап, сел болуусу күтүлүүдө. Табигый кырсыктардын алдын алуу максатында «Нур» көмүр өндүрүүчү ишканасы жалпы пайдалануучу жерлерге сел өткөрүүчү курулмаларды курап баштады. Көмүрүнүн өзгөчө сапаты менен …
Кошбулактын жергиликтүү тургундарынын ортосунда жайыт талаштан улам чыр-чатак чыкты. Бул окуя бүгүн «камчатка» айылынын ылдыйкы жагында «жер эгүүчүлөр» менен «мал багуучулардын» ортосунда чыкты. Талашка түшкөн жер «майтоңбос» жери. Бул жер …
Табигый шарты катаал болгон, андан сырткары жер астындагы көмүрү казылып көптөгөн өндүрүштүк ишканалар жайгашкан Кошбулак аймактык башкармалыгына Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгынын башчысы полковник Альберт Тагаев, министрликтин тиешелүү адистери иш сапары …
Сүлүктү шаардык маданият бөлүмү тарабынан уюштурулуп жаткан «Сармерден» оюнуна бүгүн 8-апрель күнү шаардык ооруукананын дарыгерлеринен турган топ катышты. «Бардык көрүүчүлөрдүн купулу толуп, аябай ыраазы болуп кетишти. Көрсө дарыгерлер дарысы менен эле дарылабай, …
Сумбула айыл аймагында дан эгүү иштери аягына чыкты. Андарак айылынын былтыркы жылы эгилбей бош калган жерлерине дан өсүмдүктөр: арпа, буудай эгилди. Тракторчулар элдин камкордугу үчүн чарчаганына карабай иштеп жатышат. Апрель-март айында …
7-апрель күнү Сүлүктү шаарынын борбордук аянтында Элдик революцияга карата уюштурулган митинг болду. Митингде Сүлүктү шаарынын мэри А. Ибрагимов, Кошбулак аймактык башкармалыгынын башчысы Б. Сапаркуловдор сөз сүйлөштү. Шаардын башкы имам хатиби М. …
Кошбулактагы жергиликтүү тургундар менен «Коал групп» ишканасынын ортосунда чыккан талаш тартыш маселесин Президент өзү көзөмөлгө алды. 5-апрель күнү Президенттин аппаратынан кызматкерлер келип эл менен ачык айкын жолугушуу өткөрүп, маселени жеринен барып көрүштү.
Экологияны сактоо, жер көчкүлөрүн болтурбоо боюнча алдын ала чара көрүү боюнча «Жашыл Долбоор» — каржылануусу башталды. Бул долбоорду Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы Өнүктүрүү долбоору каржылай баштаганы маалым болду.
1-апрель күнү Кошбулакта акын Кудайбердиева Сабриниса Гапаровнанын 50-жылдык юбилейине кошо жаңы «Тарых тастыктаган издер» аттуу китебинин бет ачары болду. Буга чейин акындын «Жан дүйнө» аттуу китеби жана бир канча ырлары жарык …
Бүгүн Сүлүктү шаардык мэриясынын аппараттык кеңешмесинде Сүлүктү шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы У. Мурзамуратов чукул билдирүү жасады. «Быйылкы жылы жамгыр көп жаап жер көчкү болуусу жана сел коркунучу күтүлөт»- дейт лейтенант …