Тогуз-Торо районунда элдик жыйын болуп өттү. Ага Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы Мирлан Карагулов жана айыл өкмөт башчылары, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Элдик жыйында беш айыл өкмөт башчылары аткарылып жаткан иштер …
Тогуз-Торо районуна караштуу Сары-Булуң айыл өкмөтүндөгү Абдыманап Кыдыршаев көчөсүнүн Булуң жана Чалдовар аймактарында жөө адамдар жүрүүчү жолдор кеңейтилип, тротуар салынды. Ошондой эле бак-дарактар архитектуралык талаптарга ылайык ирээтке келтирилди.
2021-жылдын 28-ноябры Жогорку кеңешинин депутаттарын шайлоо күнүнө карата добуш берүү тартибин жана шайлоо пандемия шартында өтүп жаткандыктан, шайлоочунун коопсуздугун алдын алуу максатында бир катар санитардык чаралар жөнүндө сөз кылабыз.
Сасык тумоо жана курч кармаган респиратордук вирустук оорулар күз-кыш мезгилинде көбөйө баштайт, башкача айтканда бул оорулардын сезону болуп саналат. Бул оору менен көбүнесе иммунитети төмөн, өнөкөт оору менен ооруган адамдар, …
Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун аймагында жашаган аз камсыз болгон 400 үй-бүлөгө гуманитардык жардам берилди.
Сузак районундагы Орто-Сай мектебинин жаш мугалими Курманжан Султанова бир эле мугалимдик кесипти гана аркалабай, ар тараптан өнүгүү, жаштарга өрнөк болчуу ыктыярчы да болуп иштейт. Курманжан Султанова 15-январда 1998-жылы Сузак районуна …
Базар-Коргон районундагы Могол айыл өкмөтүндө кышка карата даярдык кандай? Бул туурасында айыл өкмөт башчы Эркин Турдукуловго кайрылып, айыл аймакта жайгашкан мекеме жетекчилер менен баарлаштык.
Базар-Коргон районундагы Ооган-Талаа айылынын тургуну Сыймык Алиев «Кыргызстандын эң мыкты 100 студенти» төш белгисин алды.
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Талды-Булак айыл өкмөтүнүн депуттары жана алардын ишмердүүлүгү менен тааныштырабыз. Ошондой эле бул айыл аймактын көйгөлөрү жана анын чечүү жолдору туурасында жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ой-пикирлерин угабыз. Материалдын …
Сары-Булуң айылдык кеңешинин социалдык маселелери боюнча комиссиянын мүчөлөрү аймакка караштуу мектеп, бала бакча, фельдшердик-акушердик пункттардын кышка даярдыгы менен таанышып чыгышты. Текшерүүдөн кийинки маселелер жергиликтүү кеңештин кезектеги сессиясына коюлуп, алардын ичинен …
Кара-Суу айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүнүн маалыматында ковид-19 илдетинин 4-толкунун алдын алуу боюнча 18жаштан жогоркуларга эмдөө жүрүп жатат. 6 жаштан жогоркуларга гриппке каршы гриппол вакцинасы сайылып жатат.
Нова клиниканын дарыгери Эрмек Исмаиловдун айтымына караганда, азыркы учурда ковид эмес сасык тумоо өрчүп турган мезгил. Ковиддин саны азайып баратат. Бирок, ковид эч жакка кеткен жок, алдын алуу максатында эмдөөдөн …
Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагында техниканын начар абалынан улам таштанды чыгарууда көйгөйлөр жаралып келген. Бул маселени чечүү үчүн Каргалык жана Тогуз-Торо айыл аймактарына техникалар грант катары берилди. Бүгүнкү күндө Беларусь-82.1 …
Пандемия учурунда бир топ спорттук иш- чаралар өтпөй келди. Республикалык мелдештерге улан-кыздар катышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Ал эми оору басаңдай баштагандан бери иш- чаралар жандана баштагандыгы белгилүү болду.
Күзүндө болуп жаткан аш-тойлор, адамдардын саламаттыгына таасир этпей койбойт. Анткени, Тогуз-Торо районунда covid-19 оорусу боюнча 2021-жылдын 9 айына 104 оору катталып, салыштырмалуу 50% өсүш берди. Ар бир жаран тобокелчиликке барбай, …
Тогуз-Торо районунда 15-сентябрдан бери балдардын окууга келүүсү, бөбөктөрдүн бала бакчага тартылуусу тууралуу мугалимдердерге, бала бакчанын тарбиячыларына кайрылып көрдүк.
Базар-Коргон районундагы Могол айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттары алты айылдын мектептерин жана бала бакчаларын кыдырып чыгышты. Анда мектептердин жана бала бакчалардын кышка даярдыгы, ремонтторунун абалы, ысык тамак берүү тартиби ж.б …
Базар-Коргон районунда былтыркы жылы көмүрдүн баасы бир мүшөгү 120-150 сом болсо, 2021-жылы октябрь айына баасы көтөрүлүп, мүшөгү 200-220 сомго жетти. Жергиликтүү тургундар көмүрдүн баасы кескин түрдө жогорулагандыктан тонналап ала албай …
Тогуз-Торо районуна караштуу Атай айыл өкмөтүндө мал-жандыктар үчүн купка куруу иши башталды. Купканын курулушу айыл өкмөт тарабынан колдоого алынып, айылдык кеңештин депутаты Жылдызбек Доктурбек уулунун демөөрчүлүгү менен курулуш иштери жүргүзүлдү. …
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы жаштар демилге көтөрүп, токойдогу таштандыларды тазалоо боюнча акция уюштурду.