Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Соң-Көл

Төлөк-мал киндиктүү жер

Кочкор районун Төлөк айылы район борборунан алыс жайгашкан, айыл тургундары дээрлик мал менен алектенет. Андыктан айылда төрт түлүк малдын саны барган сайын арбып барат.

9 Октябрь 2022 жыл 12:28

Видео: Мугалимдер күнү белгиленди

«Соң-Көл» орто мектебинде жалпы 30 мугалим эмгектенет. Алардын көпчүлүгүн жаш мугалимдер түзөт. Ал эми 6-октябрь күнү окуучулардын уюштуруусу менен чакан концерттик номер тартууланды.

6 Октябрь 2022 жыл 18:30

Видео: Тил майрамы жыйынтыкталды

«Соң-Көл» орто мектебинде бир айдан бери «Тил майрамы» өткөрүлүп келе жаткан. 6-октябрь күнү бул майрам ынтымакка чакырган таймаш менен жыйынтыкталды.

6 Октябрь 2022 жыл 16:07

Сүрөт баян: Мыктылар сыйланды

Төлөк айылында 1-октябрь «Карылар күнүнө», 5-октябрь «Мугалимдер күнүнө» карата Соң-Көл айыл өкмөтү тарабынан чакан концерттик номер даярдалган. Анда сый тамак уюштурулуп, мыктылар сыйланды.

5 Октябрь 2022 жыл 18:39

Сүрөт баян: Карылар күнү белгиленди

«Соң-Көл» орто мектебинин Балдар өспүрүмдөр уюму 1-октябрь «Карылар күнүнө» карата Төлөк айылындагы ата-апаларды майрамы менен куттукташты. Аларга чакан белектерин тапшырып, ал-абалдарын сурап келишти.

30 Сентябрь 2022 жыл 16:26

Төлөк: Баткенге жардам штабы ачылган

16-сентябрь Баткен окуясы башталганда 17-сентябрда Соң-Көл айыл өкмөтүндө ыкчам штаб ачылган. Штабга атайын комиссия түзүлүп, айыл элинен келген жардамдарды кабыл алып башташкан. Штаб бир жума көзөмөлдө болуп, ал жерге келген …

28 Сентябрь 2022 жыл 7:18

Жакырчылыктан чыгуу максатында 3 үй- бүлө 100 000 сом жөлөк пул алышты

Өлкө аймагында жакырчылыктан чыгуу максатында жөлөк пул алган жарандарга 100 000 сом бериле баштаган. Бул боюнча Төлөк айылында үч адам алды.

27 Сентябрь 2022 жыл 7:04

Ишкер: «Айылда тигүү цех иштетип, жумушсуздукту жеңсе болот»

Кочкор районунун Төлөк айылында жумушсуз кыз-келиндер көп. Ушундан улам айылда ишкер Мурат Дүйшекеевдин жардамы менен тигүү цехтерин иштетип, көйгөйдү чече башташкан.

26 Сентябрь 2022 жыл 14:04

Соң-Көл: Тил күнү белгиленди

«Соң-Көл» орто мектебинде 23-сентябрь «Мамлекеттик тил»  күнүнүн 33 жылдык маарекеси белгиленди.

23 Сентябрь 2022 жыл 12:12

Төлөк: Помидор өстүрсө болот

Төлөк айылы райондун борборунан 60км алыстыкта жайгашкан. Климаты катаал, бийик тоолу айыл. Айыл тургундары дээрлик дыйканчылык менен алектенишпейт. Бирок аракет кылса болот.

21 Сентябрь 2022 жыл 13:50

Мекемелерге толугу менен көмүр келип түштү

Соң-Көл айыл өкмөтүнүн карамагындагы мекемелерге экинчи каттам менен толукталып көмүр келип түштү. Жалпы көмүрдүн келгени ар бир мекемеге көзөмөл менен жеткирилип түшүрүлдү.

20 Сентябрь 2022 жыл 17:04

Төлөк: Жаңы ФАПтын курулуш иштери башталды

Төлөк айылында жаңы ФАПтын имараты курула баштады. Бул имарат мындан бир жыл мурун түптөлгөн. Курулуш иши бир айга созулуп, ноябрь айында толугу менен бүткөрүлөт.

20 Сентябрь 2022 жыл 9:07

Төлөк: Айыл тургундарынын ден соолугу туруктуу

Былтыркы жылга салыштырмалуу айыл тургундарынын ден соолугу  быйыл жакшы.  Олутту ооруулар менен катталгандар аз. Бирок кант диабети, кан басымы жогору болгон адамдар дагы деле каттоодо турат. Алардын көрсүткүчтөрү нормалдуу.

20 Сентябрь 2022 жыл 6:21

Подкаст: «Соң-Көл баяны»

Соң-Көлдүн балыктары акыркы жылдары сатыкка чыкпай калган, анын бирден-бир себеби, көлдө балыктардын азайышы, ал гана эмес дээрлик жокко эсе болуп калышы. Жана ушул өндүү маалыматтар менен бүгүнкү «Соң-Көл баяны» подкастыбыздын …

15 Сентябрь 2022 жыл 13:36

«Соң-Көл» мультимедиалык борборунун жаңы ыктыярчылары окуудан өтүштү

14-сентябрь күнү «Соң-Көл» мультимедиа борборуна жаңы ыктыярчылар кабыл алынып, аларга  медиа-тренинг өткөрүлдү. 

14 Сентябрь 2022 жыл 15:57

Подкаст: «Соң-Көл баяны» жайыт маселеси

Соң-Көлдөгү жайыт маселеси бүгүнкү күндүн көйгөйү, малдын көп сандап келиши жерлерди боз топуракка айлантып, такырлантууда. Бул маселени чечүүдө мамлекет дагы кайдыгер карабашы керек. Бул боюнча бүгүнкү коногубуз Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин …

14 Сентябрь 2022 жыл 15:26

Подкаст: «Соң-Көл баяны»

«Соң-Көл баяны» подкастыбыздын 4-бөлүгүндө көлдү байырлаган канаттуулар, алардын акыркы мезгилдерде сейрек кездешип  бара жатышынын себептери жөнүндө маалымат аласыздар. Берүүнү Айпери Марлес кызы алып барат. Берүүнүн коногу Каратал-Жапырык коругунун директордун орун …

13 Сентябрь 2022 жыл 19:04

Подкаст: «Даам»

«Даам» подкасты улуттук тамак-аштар, унутулуп бара жаткан кыргыз ашканасы жөнүндө маалымат берет.Подкастты Кочкор районунун Төлөк айылындагы  «Соң Көл» жамааттык мультимедиа борборунун кабарчысчы Айпери Айбек кызы даярдап алып барат. Подкасттын 2-сериясында …

13 Сентябрь 2022 жыл 5:59

Подкаст: «Соң-Көл баяны»

Каратал-Жапырык коругунун кызматкерлери ар дайым айылдын тургундары, мектеп окуучулары менен биргеликте Соң-Көлдү сактоо максатында иш-чараларды өткөрүп келет. 

12 Сентябрь 2022 жыл 21:16

Гиннес китебине кирүү үчүн узуну 100метрлик шырдак жасалууда

Нарын облусунун 70тен ашуун уз айымдары Дүйнөлүк Гиннес рекорддор китебине кыргыздын улуттук шырдагын каттоо үчүн 100метрлик шырдакты чеберчилик менен жасап жатышат.

12 Сентябрь 2022 жыл 18:20
Шейшемби
25 Баш оона 2026
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...