16-сентябрь Баткен окуясы башталганда 17-сентябрда Соң-Көл айыл өкмөтүндө ыкчам штаб ачылган. Штабга атайын комиссия түзүлүп, айыл элинен келген жардамдарды кабыл алып башташкан. Штаб бир жума көзөмөлдө болуп, ал жерге келген …
Өлкө аймагында жакырчылыктан чыгуу максатында жөлөк пул алган жарандарга 100 000 сом бериле баштаган. Бул боюнча Төлөк айылында үч адам алды.
Кочкор районунун Төлөк айылында жумушсуз кыз-келиндер көп. Ушундан улам айылда ишкер Мурат Дүйшекеевдин жардамы менен тигүү цехтерин иштетип, көйгөйдү чече башташкан.
«Соң-Көл» орто мектебинде 23-сентябрь «Мамлекеттик тил» күнүнүн 33 жылдык маарекеси белгиленди.
Төлөк айылы райондун борборунан 60км алыстыкта жайгашкан. Климаты катаал, бийик тоолу айыл. Айыл тургундары дээрлик дыйканчылык менен алектенишпейт. Бирок аракет кылса болот.
Соң-Көл айыл өкмөтүнүн карамагындагы мекемелерге экинчи каттам менен толукталып көмүр келип түштү. Жалпы көмүрдүн келгени ар бир мекемеге көзөмөл менен жеткирилип түшүрүлдү.
Төлөк айылында жаңы ФАПтын имараты курула баштады. Бул имарат мындан бир жыл мурун түптөлгөн. Курулуш иши бир айга созулуп, ноябрь айында толугу менен бүткөрүлөт.
Былтыркы жылга салыштырмалуу айыл тургундарынын ден соолугу быйыл жакшы. Олутту ооруулар менен катталгандар аз. Бирок кант диабети, кан басымы жогору болгон адамдар дагы деле каттоодо турат. Алардын көрсүткүчтөрү нормалдуу.
Соң-Көлдүн балыктары акыркы жылдары сатыкка чыкпай калган, анын бирден-бир себеби, көлдө балыктардын азайышы, ал гана эмес дээрлик жокко эсе болуп калышы. Жана ушул өндүү маалыматтар менен бүгүнкү «Соң-Көл баяны» подкастыбыздын …
14-сентябрь күнү «Соң-Көл» мультимедиа борборуна жаңы ыктыярчылар кабыл алынып, аларга медиа-тренинг өткөрүлдү.
Соң-Көлдөгү жайыт маселеси бүгүнкү күндүн көйгөйү, малдын көп сандап келиши жерлерди боз топуракка айлантып, такырлантууда. Бул маселени чечүүдө мамлекет дагы кайдыгер карабашы керек. Бул боюнча бүгүнкү коногубуз Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин …
«Соң-Көл баяны» подкастыбыздын 4-бөлүгүндө көлдү байырлаган канаттуулар, алардын акыркы мезгилдерде сейрек кездешип бара жатышынын себептери жөнүндө маалымат аласыздар. Берүүнү Айпери Марлес кызы алып барат. Берүүнүн коногу Каратал-Жапырык коругунун директордун орун …
«Даам» подкасты улуттук тамак-аштар, унутулуп бара жаткан кыргыз ашканасы жөнүндө маалымат берет.Подкастты Кочкор районунун Төлөк айылындагы «Соң Көл» жамааттык мультимедиа борборунун кабарчысчы Айпери Айбек кызы даярдап алып барат. Подкасттын 2-сериясында …
Каратал-Жапырык коругунун кызматкерлери ар дайым айылдын тургундары, мектеп окуучулары менен биргеликте Соң-Көлдү сактоо максатында иш-чараларды өткөрүп келет.
Нарын облусунун 70тен ашуун уз айымдары Дүйнөлүк Гиннес рекорддор китебине кыргыздын улуттук шырдагын каттоо үчүн 100метрлик шырдакты чеберчилик менен жасап жатышат.
10-11-сентябрда Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинде жаш кабарчылар үчүн медиа-тренинг өтүлдү. kyrgyzmedia.kg сайтынын башкы редактору Айзада Калканбекова аудио жаңылыктарды даярдоо боюнча мастер-класс өтүп берди.
Айтылуу Соң-Көлдө бир нече өсүмдүктөрдүн түрү өсөт, бирок алар барган сайын жай өсүп, ал гана эмес жоголуп бара жатышы бүгүнкү күндүн көйгөйү.
Кыргыз элине белгилүү болгон «Соң-Көл» көлү кимди гана суктандырбайт. Жайкысын көз жоосун алган бул жерге нечендеген туристтер келип, эс алып кетишет. Аны менен катар жайлоого чыккан малчылардын саны да барган …
Акциянын алкагында «Соң-Көл» жамааттык мультимедиалык борбору тарабынан 9-сентябрь күнү «Соң-Көл баяны», «Соң-Көлдү сактайлы!» аталышында чакан баракчалар даярдалып, айыл тургундарына таратылды.
«Соң-Көл» жамааттык мультимедиа борборунун ыктыярчылары 8-сентябрь күнү Нарын шаарындагы Каратал-Жапырык коругунун кызматкерлери менен жолугушуп, «Соң-Көл баяны» аталышындагы подкаст даярдоого материал топтошту. Аны менен катар облустук деңгээлде чыгып жаткан Теңир-Тоо гезитинин …