Төлөк айылында зордук-зомбулукту болтурбоо, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында семинар-тренинг болуп өттү.
Кумшекер акыркы бир жылда баасынын туруктуулугун сактай албай жатат. Жогорку баасы 100сомдон ашып кеткен да учурлар болгон. Бүгүнкү күндө райондун борборунда 85сомдон сатылууда. Бул баа көп колдонгондор үчүн кымбатка турат. …
«Соң-Көл» орто мектебининде 23-февраль «Ата Мекенди коргоочулар күнүнө» карата 7-10-класстар аралык мырзалар арасында оюн-зоок таймашы болуп өттү.
«Соң-Көл» орто мектебинде «Табигый илимдер» декадасынын 10 күндүк иш чарасы мугалимдерге семинар өтүү менен жыйынтыкталды.
Төлөк айылында кан басымы жогору турган 30 адам атайын каттоодо турушат. Алар дайыма көзөмөлдө турушуп, доктурлардын сунушу менен дары-дармек колдонушат. Көпчүлүгү улгайган адамдар болгондуктан дарыны атайын такси кызматынан алдырышат. Күн …
Кыргыз Республикасынын Билим Берүү Министрлиги Дүйнөлүк банк тарабынан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун негизинде Кочкор районунун 19 мектебин жаңы компьютер менен камсыздады. Анын ичинде «Соң-Көл»орто мектеби бар.
«Сон-Көл» айыл өкмөтүндө Кочкор ройондук админстрациясынын башчысы акимдин катышуусу менен элдик жыйын өткөрүлдү.
Кыш мезгили келип ар бир үй-бүлө өз шартына карап кышкыга бодо малдан «Согум» даярдап алат. Бул тээ илгерки ата-бабалардан келе жаткан салт. Бирок бүгүнкү күндө «Согумду» кышкы шерине тамак катары …
Нарын облусунун Долон ашуусунда 11 жол кызматкерлери эмгектенет. Алардын алды 41 жылдан бери иштеп келсе, жаш ишкерлерине 5-6 гана ай болгон. Жаштардын бул жумушка чыдабай кетип калышы жумуштун оордугу жана …
25-ноябрь күнү «Соң-Көл» жамааттык мультимедиа борборунун ыктыярчыларына чакан конкурс жарыяланган. Анын жыйынтыгы 23-январь күнү чыкты.
Сары-Булак айылы Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 264 чакырымында жайгашкан. Бул жерде 26 жыл мурун балык сатуу бизнеси башталган. Балык сатуу бизнеси үчүн 10дон ашык соода-түйүндөрү курулган менен бүгүнкү күндө 6-7 гана жерде …
Республиканын көпчүлүк айылдары мал киндиктүү калк болгону менен айылдарда курут анча көп өндүрүлбөйт, себеби, курут жасоонун түйшүгү оор жана көп убакыт талап кылынат. Ал эми курут жасала турган сүзмөлөр жай …
Төлөк айылынын тургундары дээрлик мал менен алектенишет. Кышкысын сырттан сатып келген тоют менен багышса, жаз, жай, күз айларында жайыттарды пайдаланышат. Андан сырткары, Кочкор районунун айрым айылдарынан акыга мал алып келишип, …
Соң-Көл орто мектебинде «Биз зордук-зомбулукка каршыбыз» аталышындагы 8-9-10-11-класстар аралык иш-чара өткөрүлдү.
Төлөк айылынын тургуну Чолпон Сокубашова сүмөлөктү мыкты жасайт. Ал Ноорузда жасалуучу сүмөлөктү көп жылдан бери жасап жүрөт.
«Соң-Көл» орто мектебинде 1-декабрь «СПИДге каршы күрөшүү күнүнө» карата 8-9-10-11-класстар аралык тегерек стол болуп өттү. Бул иш- чара бир айлыктын негизинде болуп жатат.
Төлөк айылы климаты оор аймак, бул жерге көчөт отургузуп, анын түшүмүн көрүүгө мүмкүн эмес. Бирок, жапайы чычырканак көп жылдан бери түшүмүн берип келет. Аны айыл тургундары дарычылыкка көп колдонушат.
Төлөк айылындагы Нарын Жогорку чыңалуу электр тармактар ишканасында үч адам кезетме менен эмгектенишет. Алардын кызматы элге үзгүлтүксүз электр энергиясын жеткирүү коопсуздугун көзөмөлдөө.
25-ноябрда өткөрүлүп жаткан Биринчи Элдик курултайга Төлөк айылынан эки делегат катышууда. Алар ички делегаттар тарабынан шайланышкан.
Райондук деңгээлдеги семинарды «Соң-Көл» орто мектебиин китепкана башчысы Айпери Жакшылык кызы уюштуруп, алып барды. Семинарга райондогу 17 мектептин китепкана жетекчилери келип катышты. Аларды жетектеп райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти Жумакүл …