Жергиликтүү кеңеште депутаттар эмненин негизинде иш алып барат жана алардын ишмердүүлүгү үчүн кандай эрежелер бар? Жергиликтүү кеңеште регламент түзүлөбү? Ушул суроонун алкагында алдыда «Ачык өкмөт» уктуруусунан кененирээк маалымат ала аласыздар.
Нарын районуна караштуу Абдылда Аралбаев мектебинде 1- класстар үчүн алгачкы майрамдык класстык сааты өттү. Салт катары калыптанып калган «Алиппе майрамы» эпидемиологиялык абалга жараша өткөрүлбөй, чакан класстык саат катары өткөрүлүүдө.
Улуу Ата Мекендик Согуштун оор күндөрүндө тылда иштеп, элибиздин тынч жашоосун түптөөгө салым кошкон Чачыкей апа 96 жашта.
Ак-Талаа районундагы Баетов айыл аймагында турмуштук оор кырдаалга кабылган, жардамга муктаж карылар жана майыптыгы боюнча ар кандай категориядагы 24 жаран бар. Булар менен айыл аймактын эки жана райондук эмгек жана …
Ача-Кайыңды айыл өкмөтүндө жашылдандыруу иш- чарасы боюнча 10 карагай отургузулду.
Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан “Мектепке чейинки билим берүү уюму мекемеси” болгон “Алтын Уя” бала бакчасы 9-Май Улуу Жеңиш күнүнө карата иш чара өткөрдү.
Баткендик жердештерге азыркы учурда жардамын аябаган ар бир жаран өз каалоолору менен акча каражаттары, окуу куралдары, тамак-аш, кийим кечелер менен кайрымдуулук кылууда. Нарын районуна караштуу Оттук айылынын тургуну 8 жаштагы …
Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагындагы айылдарда СOVID-19 учурда катталган эмес.
Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында 9-май Улуу Жеңиш күнү белгиленди. Бул иш-чара Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн администрациясы тарабынан уюштурулуп, Дүйшөнкул Шопоков атындагы жеңиш паркында болуп өттү.
Суусамыр айыл аймагында COVID-19 вирусу менен катталгандар жок. Суусамыр айылдык ооруканасында абал туруктуу. Дары-дармектер, дем алдыруучу апараттар жетиштүү.
Азыркы учурда ден- соолук үчүн эмне керек. COVID- 19 жайылуусун алдын алуу үчүн балдарды коргоо өзгөчө маанилүү.
Кыргыз Республикасында жергиликтүү кеңештин депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарына жашыруун добуш берүү аркылуу шайлануусунун натыйжасында ээ болот. Депутат кеңеште кандай укуктарга ээ? «Ачык өкмөт» уктуруусунда бул суроого жооп ала аласыз. БШКнын …
Жергиликтүү кеңештин депутаттары айыл өкмөттүн кызматкерлерине кызмат акыларын белгилеп же алардын акысына кандайдыр бир таасирин тийгизе алышабы? Кызматкерлердин кызмат акысын белгилөө укугу кимде бар? Алдыда, «Ачык өкмөт» уктуруусун угуп, бул …
Тогуз-Торо районунун акими,орун басары, өкмөт башчылары 9-май жеңиш күнүнө карата ардагерлердин байбичелерине барып, ал абалын сурап, чакан майрамдык белектерин тапшырып келишти.
Ооган-Талаа айылында жаздын келиши менен көп иштерди аткарылды. Аткарылган иштер боюнча айыл башчынын айтымында эң көйгөйлүү болгон сел коркунучунун алдын алып, сел арыктарын тазалап, ички көчөлөргө шагыл төгүлдү.
Могол айыл аймагындагы Ооган-Талаа айылында пандемия мезгилинде кары-картаңдардын абалы кандай экендигин билүү үчүн кайрылдык.
Бүгүн Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына карата Ак-Талаа районунда ооруктун ардагерлерине жана согуш ардагерлеринин жесирлерине район жетекчилиги жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү барып жолугуп, белектерин берип кайтышты.
“Урматуу Сүлүктү шаарынын тургундары! Ардактуу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана тылда эмгектенгендер! Согуш жылдары экинчи фронт деп аталган көмүр кенинде эмгектенген шахтерлор! Бардыгыңыздарды Улуу Жеңиш майрамынын 76-жылдыгы менен өзүмдүн …
Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен орто мектебинин окуучулары арасында «Жараксыз батарейкаларды чогултуп, жаратылышты сакта деген аталыштагы конкурс болуп өттү.