Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Жамааттык мультимедиа борборлору

Аудио: Пандемиядан улам аскер кызматына бара албай калгандар көп

Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагында пандемиядан улам аскерге бара албай калгандар көп болду. Россияда жүргөн жигиттер өз убагында аскер кызматына бара албай жазгы жана күзгү чакырылышка аз жоокер жиберилген.

1 Март 2021 жыл 13:11

Тогуз-Тородо олимпиаданын жыйынтыгы чыгарылды

Тогуз-Торо районунда өткөрүлгөн олимпиадада Тоту Мойдунов атындагы Макмал орто мектебинин окуучулары ийгиликке жетишти.

1 Март 2021 жыл 12:14

Куланак: Айылда флешмоб жарыяланды

Нарын районуна карашту Куланак айылында А.Аралбаев мектебинин окуучуларынын китептерин толуктоо  максатында  флешмоб уюштурулду. Учурда алгачкы чогулган акчаларга китептер алынды.

28 Февраль 2021 жыл 16:44

Сүрөт баян: Түптөгү азыркы абал

Кыш бүтөрүнө саналуу күндөр калганда аба ырайы кескин өзгөрүп, катуу суук болууда. Айланага кооз көрүнүш тартуулаганы менен кылычын кармаган кыш адамдарга кыйынчылык жаратып жатат.

28 Февраль 2021 жыл 16:40

Түптө «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы өттү

Түп районундагы М.Элебаев атындагы жалпы билим берүү мектебинде «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы уюшулду. Иш- чарага райондогу 33 билим берүүчү мектептин окуучулар катышты,-деди Түп районунун мамлекеттик администрациясынын социалдык бөлүмүнүн башкы адиси …

27 Февраль 2021 жыл 18:37

Тест: «Дарак ыры» тасмасы жөнүндө билесизби?

«Дарак ыры»- Кыргыз тасмасындагы тарыхый мюзкл жана кино-дастан. Кыргызстанда тартылган алгачкы мюзикл жанрындагы тасма болуп эсептелинет. Сиз «Дарак ыры» тасмасын көргөнсүзбу? Анда төмөндөгү тест сиз үчүн:   Гулназ Камбаралиева   …

27 Февраль 2021 жыл 14:00

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эл менен жолугушту

Чүй облусунун губернатору жана район администрация башчысы, мекеме жетекчилери Суусамыр айылында 26-февралда эл менен жолугушуу өткөрүштү.

26 Февраль 2021 жыл 18:41

Тарых сабагы боюнча олимпиада бардык жерде токтотулду

Кечээтен бери өлкө боюнча окуучулар арасында республикалык олимпиаданын экинчи баскычы өтүп жаткан. Окуучулар 10 предмет боюнча күчтөрүн сынашып, электрондук дарек аркылуу келген тапшырмаларды аткарышкан. Кечээ жазуу иштери болсо, бүгүн оозеки …

25 Февраль 2021 жыл 23:01

Жаңы аксакалдар кеңешинин төрагасы шайланды

Тогуз-Торо райондук администрациясынын жыйындар залында Аксакалдар кеңешинин жыйыны болуп өттү. Жыйынга 50гө жакын райондук аксакалдар катышышты.

25 Февраль 2021 жыл 12:13

Өспүрүм жана уландар арасында республиканын чемпиондору аныкталды

Бишкек шаарында оор атлетика боюнча өспүрүмдөр арасындагы мелдешке Тогуз-Тородон 2 бала, 2кыз катышып, байгелүү орундарга жетишти.

25 Февраль 2021 жыл 9:14

Окуучулардын олимпиадасында көз карандысыз байкоочулар көзөмөл кылышууда

Быйыл өтүп жаткан республикалык олимпиаданын экинчи баскычынын мурдагы олимпиадалардын айырмачылыгы-жүрүшүн көз карандысыз коомдук байкоочулар көзөмөл кылышууда.

24 Февраль 2021 жыл 21:06

Райондо өтүлгөн китеп окуу конкурсу жыйынтыкталды

Тогуз-Торо районунда уюуштурулган «Багыт» долбоорунун алкагында «Бала бойдон калба» жана «Бөрү эненин кыялы» китептерин окуу конкурсу Тогуз-Торо жаштар биримдиги тарабынан уюуштурулуп, жеңүүчүлөрү аныкталды.

24 Февраль 2021 жыл 20:57

Кино тасманын каармандары менен жолугушуу кечеси өттү

Эне тил күнүнө карата Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын кино тасмасындагы баш каармандар менен жолугушуу адабий кечеси өттү. Иш-чара Сокулук районунун Кызыл-Туу аймагындагы Новое айылында Гүлсина Капарова атындагы орто мектебинде болуп өттү.

24 Февраль 2021 жыл 20:52

Мырзаларды куттуктоо иш-чаралары

Сокулук районуна караштуу Новое айылынын Гүлсина Капарова атындагы орто мектепте 23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө карата мырзаларды, жигиттерди куттуктоо иретинде чакан иш- чара, ачык класстык сааттар өткөрүлдү.

24 Февраль 2021 жыл 19:11

Акталаада окуучулар арасында предметтик олимпиада өтүүдө

Ак-Талаа районунда бүгүн мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын экинчи туру башталып, 10 предмет боюнча 356 окуучу катышууда.

24 Февраль 2021 жыл 18:56

Кесиптик лицейде мелдештик оюн-зооктор өттү

Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы №43 Кесиптик лицейде 23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата аскердик иш чара уюштурулду. Иш чарага “Коргоо жана күзөтүү департаментинин 12-ротасы” окуучуларга, аскердик жүрүш өткөрүп, мелдештик …

24 Февраль 2021 жыл 12:14

Акталаада Мекенди коргоочулардын күнүнө карата майрамдык салтанаттар өттү

Ак-Талаа районунда Аялдар кеңеши тарабынан 23-февраль Мекенди коргоочулардын күнүнө карата бир катар иш-чаралар уюштурулду. Ага мекемелерде иштеген кызматкерлер, жетекчилери, айыл өкмөт башчылары катышты.

23 Февраль 2021 жыл 22:07

Сасык тумоодон жаш балдарды коргойлу

Жаңы-Жер айылында сасык тумоо оорусу кайрадан куч алууда. Кыш мезгили аяктап күн жылуулап калганына карабастан айыл тургундары ооруканага байма бай каттап жатышат. Өзгөчө жаш балдарын көтөргөн же жетелеген ата-энелер кезекте. …

23 Февраль 2021 жыл 9:56

Эне тил күнүнө карата иш-чаралар жыйынтыкталды

Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө карата иш-чаралардын жумалыгы жыйынтыкталды. Жумалыктын алкагында эне тилди даңазалаган ырлар окулуп, линейкалар, “Акыл ордо” интеллектуалдык оюну жана “Сармерден” …

22 Февраль 2021 жыл 23:19

Кыргыз макалдарын билесизби? Тесттен өтүп көрүңүз…

Кыргыз эли илгертен эле сөзгө  маани берип, сөз берметин терип, макалдатып сүйлөгөн калк. Макал билбеген кыргыз тукуму жок. Бүгүн эл арасында айтылып келген макалдардан тест сунуштайбыз.

22 Февраль 2021 жыл 23:02

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...