Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Жамааттык мультимедиа борборлору

Фейк маалыматтын элге тийгизген таасири

Кочкор районунун Төлөк айылында медиа сабаттуулукка арналган иш-чара өттү. Ага айыл тургундары катышып, фейк маалыматтар, алардын элдин жашоосуна тийгизген таасири туурасында маалыматка ээ болду.

5 Апрель 2021 жыл 12:28

Кургак учук тууралуу эмне билебиз?

Дарыга сезимтал кургак учук — бул бир нече ай бою дарылоону талап кылат, кээде 6-8 айга чейин созулат. Дарылоодо 4 түр дары белгиленет: изониазид, рифампицин, пиразинамид, этамбутол. Дарыны пациент токтотсо …

3 Апрель 2021 жыл 13:31

Эл күтөт: Жаңы бийлик карапайым элге карамдуу болсо…

Кочкор районунун Чолпон айылында медиа сабаттуулукка арналаган иш-чара өттү. Ага айыл тургундары катышып, жалган маалымат жана аларды аныктоо, социалдык медиа жана анын шайлоо өнөктүгүндөгү ролу тууралуу түшүндүрүү иштери жүрдү.

2 Апрель 2021 жыл 12:18

Атактуу каскадер Эрлан Жанышбек уулу: «Келечек жаштардын колунда»

Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейге атактуу каскадер, “Көк-бөрү”, “Перекупщик”, “Напарниктер-2”, “Викинг”, “Мулан” ж.б. көптөгөн кинолордун каарманы Эрлан Жанышбек уулу болду. Лицейдин окуучуларына Эрлан мырза тренинг өтүп, өзүнүн трюктарынан көргөздү. Жаштарга …

2 Апрель 2021 жыл 10:46

Сынак-мугалимдердин изденүүсүнө өбөлгө болот

Ак-Талаа районундагы балдардын билим борборунда “Кыялга кадам” форумунун алкагында ийрим жетекчилеринин арасында “Жыл мугалим-2021” кароо-сынагы өткөрүлдү. Сынактын жобосуна ылайык мугалимдер өз ийримдери боюнча ачык сабактарды өтүштү жана көрсөтмө куралдарды сынакка …

1 Апрель 2021 жыл 14:55

Кылмыштуулук боюнча мектептерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Тогуз-Торо райондук прокуратурасынын демилгеси менен райондук айыл аймактарындагы мектептерде жашы жете элек өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, укук бузуулардын, өз өмүрүнө кол салуунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мектептерде жыйындар өткөрүлдү.

1 Апрель 2021 жыл 13:19

Алыскы айылдарга автоунаалар каттабай калышы мүмкүн

Күйүүчү майдын күндөн күнгө кымбатташы элдин жашоо тиричилигин ого бетер кыйындатты. Учурда бензиндин литри 45 сомдон айланууда. Күйүүчү майдын кымбатташы такси кызматында иштегендер үчүн чоң көйгөй болду.

31 Март 2021 жыл 18:31

Ишкер айым: «Аялды үй-бүлөсү колдоп турушу керек»

Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын ишкер айымы, ардактуу мугалим Гүлнара Семетеева 2021-жылдын 10-март күнү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резиденциясында болуп өткөн “Доорду өзгөрткөн айым” деген аталыштагы улуттук форумга катышып келген.

31 Март 2021 жыл 13:09

Жаштар жарандык активдүүлүктү жогорулатуу үчүн окуудан өтүштү

Жалал-Абад облусунда Могол, Талды-Булак, Кызыл-Үнкүр айыл аймактарындагы жаштардын жарандык активдүүлүгүн жогорулатуу үчүн «Демилгелүү жаштар» долбоору тарабынан уюштурулган окуу болуп өттү. Абдымиталип Ахматжанов «Демилгелуу Жаштар» долбоорунун фасилитатору: «25-27 тренинг өттү бул …

31 Март 2021 жыл 12:48

Базар-Коргон: Улуттар аралык мамилени, достукту чыңдоо максатында спорттук оюн өттү

Базар-Коргондо «Волейбол» жана «Кичи футбол» спорттук оюндары боюнча айыл аймактар жана мекеме-ишканалардын эркектер арасында мелдештер уюштурулду.

31 Март 2021 жыл 9:42

Суусамыр: Калың жааган кар жолдун жабылышына алып келди

Бүгүн 29-мартта Суусамыр өрөөнүндө түнү менен жааган кардын калыңдыгы жарым метрден ашып, катуу бороон чапкындын кесепетинен жолдор жабылып калган.

29 Март 2021 жыл 16:24

Жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болду

2021-жылдын 25-март күнү Кочкор ройонунун Ак-кыя айыл өкмөтүнүн Кара-Суу айылында Германия кызматташтык уюму тарабынан жаштарга арналган тренинг болуп өттү.

28 Март 2021 жыл 8:50

Жергиликтүү кеңешке шайлоого даярдыктар жүрүүдө

Кочкор районунун Кара-Суу айылындагы № 4131 шайлоо тилкесинде учурда 2138 шайлоочу бар. Шайлоочулардын эң улуусу 103 жашта болсо, эң жаш шайлоочу 18 жашка жаңы толду. 

28 Март 2021 жыл 8:39

Балдардын билим борборунда кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата иш-чаралар өттү

Ак-Талаа районундагы балдар билим борборунда кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата бир катар иш-чаралар уюштурулуп, ага медицина жана укук коргоо кызматкерлери катышты.

26 Март 2021 жыл 13:37

Токтогулдук футболист Азия чөлкөмүндө экинчи ирет «Апта оюнчусу» болду

Кыргызстандык футболист, тагыраак айтканда Токтогул районунун Жаңы-Жол айылында 2000-жылы туулган Алыкулов Гүлжигит Жаныбекович Азия чөлкөмүндө экинчи ирет «Апта оюнчусу» болуп табылды. Бул тууралуу Азия футбол конфедерациясынан билдиришти.

25 Март 2021 жыл 17:15

Кароосуз калган жолбун иттер атылды

Токтогул районунда айыл чарба жана үй жаныбарларынын арасында кутурма оорусу боюнча эпизоотиялык абалды туруктуу сактоо, кароосуз калган ит, мышыктарды атып жок кылуу боюнча атайын комплекстүү иш чаралар аткарылууда. Токтогул районундагы …

25 Март 2021 жыл 15:50

Учкунда мугалимдер өз каражатына мектепти оңдошту

Нарын районуна караштуу Учкун айылында эски мектеп оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, терезе эшиктери толук бойдон алмаштырылды. Мектепти жаңылоо ишин мугалимдер демилгелеп, өз каражаттарына оңдошкон.

25 Март 2021 жыл 12:01

Акталаада кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата окуучулар арасында сынактар өттү

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 24-март бүткүл дүйнөлүк кургак учук оорусуна каршы күрөшүү күнүнө карата жалпы билим берүүчү орто мектептерде кургак учук оорусун алдын- алуу максатында бир катар иш-чаралар уюштурулду.

24 Март 2021 жыл 11:15

Көк-Тонду: Айылга ФАП курулду

Могол айыл аймагына караштуу Көк-Тонду айылында 2019-жылы ноябрь айында «Ас-Салам» коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан курулуш иштери башталып, 2020-жылдын декабрь айында толук аяктады. 2021-жылдын 21-мартында Көк-Тонду айылындагы ФАПтын салтанаттуу ачылыш аземи …

24 Март 2021 жыл 11:13

Мектеп окуучулары арасында укуктук тарбия берүү

Сокулук районунда жылдагыдай эле март айында укук коргоо кызматкерлери менен мектеп окуучуларынын жолугушуусу жүрүп жатат.

23 Март 2021 жыл 19:54
Жума
23 Тогуздун айы 2026
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...