Айылыбыздагы ооруканада көптөгөн көйгөйлөр, маселелер, муктаждыктар бар. Бул көйгөйлөрдү ким чечет жана кимдер тарабынан көзөмөлдөнгөн.
30-апрель күнү Элдик Революциянын баатырларынын демилгеси менен Барскоон айыл аймагынын Таза суу «Тарылга-Булак» коомдук бирикмесинин участогуна 53 түп балаты отургузулду.
Барскоон айылындагы «Барскоон FM» жаматтык мультимедиа борборунун кабарчысы Айдай Кудайбергенова Кытай мамлекетине барып окуп келди. Учурда Айдай 11- классын бүтүрүү алдында турат.
Талас шаарындагы Атай Огомбаев атындагы музыкалык мектебинин “Кыялкеч” бий ансамбли Казахстандагы “Жаш толкун” конкурс фестивалына катышып, гранпри жана биринчи оорунду ээледи.
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминовдун демилгеси менен, Бүтүрүүчүлөрдү Жалпы Республикалык Тестирлөөгө даярдоо боюнча Сүлүктүдөгү №9-гимназия менен Лейлектеги №3- гимназиянын ортосунда кызматташтык башталды. Гапыр Мадаминовдун чакыруусу боюнча Сүлүктүдөгү №9-гимназиянын директору …
Эшманбет Кендирбаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде 2018-2019 окуу жылына карата мектептин президенти шайланды.
Токтогул районундагы Чоң-Арык айылына караштуу Кырк-Казык участкасында мектептин курулушу алты жылды артка калтырды. Мектептин бүтүп, ишке киришин күткөн окуучулар учурда аралыгы 9 км болгон Чоң-Арык айылындагы мектепке барып билим алышат.
Токтогул районундагы Чоң-Арык айылынын Уста-Сай суусуна, Чолпон-Ата жана Чоң-Арык айылдарынын жайыттарын байланыштырган көпүрө салынды. Көпүрөнүн салынышы малчылардын жана окуучулардын түйшүгүн азайтты. Айылдык кеңештин депутаты Өмүр Турсунбаев көпүрө элдин суроо талабы …
Барскоон айылындагы менталдык арифметика курсуна катышкан окуучулар Египетке барып келишти. Менталдык арифметика курсу Барскоондо «Академия роста» окутуу борбору тарабынан ачылган. Ачылганына аз убакыт болгонуна карабастан, окуучулар ийгилик жаратууда.
Жайыл районунун Кара-Суу айылынын тургуну Клара Байгожоева көп жылдан бери курак курап келе жатат. Курак кураганды 3-классынан эле баштап үйрөнгөнүн айтып берди.
№7 Таштемир Сатыбалдиев атындагы орто мектебинде 1-класстын “Алиппе Сармерден”майрамы өткөрүлдү.
Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагындагы Сары-Булуң жамааттык мультимедиа борборунун кабарчылары, Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева менен Кыргыз Республикасындагы Жогорку Кеңештин имаратында жолугушту.
Тогуз-Торо районунун шахмат боюнча 13 мектептин арасында олимпиада өткөрүлгөн. Бул тууралу Феруза Жыргалбек кызы билдирди.
Тогуз-Торо районунун Таштемир Сатыбалдиев атындагы орто мектебинин 9-10-11-классынын окуучулары үчүн кесип тандоодо туура багыт берүү максатында жолугушуу болду. Бул иш-чараны Ханнс Зайдель фондунун стипендианттары уюштурган.
Тогуз-Тородогу аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берилди. Жардам берүү акциясын Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы башкаруу академиясынынн Ханнс Зайдель фондунун стипендианттары уюштурушту.
Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылындагы “Седеп” балдар бакчасында эки майрам чогуу белгиленет. 1-май Эмгек күнү жана 20-май Энелер күнүнө арналган кечеге даярдыктар тууралуу бала бакчанын жетекчиси Рахат Солтоева айтып берди:
Жайыл районунун айылдарында дыйкандар сугатка даярдык көрө башташты. Кара-Суу айылынын тургундары да айылдагы суу кетүүчү бетон арыктарды оңдоп башташты.
Сегодня в Кызыл Туу прошел семинар по этике в начальных классах для учителей Сокулукского района.
26-апрелде Суусамыр айылдык Кеңешинин 20 депутаты жана айыл өкмөт башчысы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине барып келишти.
Апрель айынын аягында мекенибиздин мектептеринде, 1-класстарда, “Алиппе майрамы”өткөрүлүп жаткан убагы. Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебинде да “Алиппе майрамы” болуп өттү.