Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын Сопиев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде жашылдандыруу айлыгы жүрүп жатат. Айлыкта мектеп окуучулары мектеп айланасын тазалап, көчөттөргө арык салышууда.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Сопиев мектебинин эки окуучусу облустук “Мен Кыргызстанда жашайм!”сынагына жолдомо алышты. Учурда окуучулар таймашка даярданышууда.
Талас районунун Айдаралиев атындагы орто мектебинин кол эмгек сабагынын мугалими Жазмира Давлеталиева кыздарга сайма саюу жана кийизди колдонуу боюнча кошумча сабак өтүп келет.
Талас шаарындагы “Баластан” балдарга билим берүү борборунда Япониядан келген мырза кыргыздарга япон тилин үйрөтүп эмгектенүүдө. Ал эми бүгүнкү күндө Кыргызстанга Япониядан конок чакырып балдар менен тааныштырууда.
Куланак айылында бюджеттик баалоону жүргүзүү боюнча окуу семинар болду. Семинарга айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтү, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана долбоорлор менен иштешип келе жаткан айыл тургундары катышты.
Талас районунун Беш –Таш айылынын Мейилкан Козубекова атындагы орто мектебинин 9-б классынын окуучулары шахматтан, спорттук оюндардан, маданият тармактан көп ийгилик жаратышууда.
Сүлүктү шаарынын борбордон эң алыс облустук маанидеги шаар экендигине карабастан, №9- мектеп гимназиясы окуучуларынын билим көрсөткүчүн республикалык деңгээлге чыгарууга жетише алды.
Тогуз- Торо районун Сары-Булуң айыл аймагындагы айылдык китепканасы тарабынан «Келгиле, китеп окуйбуз» деген аталыштагы бир айлык акция өткөрүлүп жатат.
Ден соолукка кам коруу учун биринчиден туура тамактануу, экинчиден спорт менен машыгыш керек демекчи, Нарын районуна караштуу Учкун айыл аймагында 6-апрель куну райондук денгээлде спартакияда болуп женуучулор аныкталды.
15-апрель «Экологиялык билим күнүнө» карата 1-11-класстын окуучуларына ачык тарбия сабактар өтүлүүдө.
Бүгүн Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебинде 2010-жылдын 7-апрелинде каза болгон баатырларды эскеришти.
2018-жылдын 31-март айында Талас облустук сотунун кызматкерлери, калыптанган салт боюнча, жакын жайгашкан аймагын тазалоо үчүн ишембиликке чыгышты.
2018-жылдын 31-мартында Барскоон капчыгайынын ичинде өткөрүлгөн иш- чара жаздын биринчи ишембиликтеринин бири болду.
5- апрель күнү Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун милиция кызматкерлери тарабынан спорттук мелдеш өткөрүлдү.
Европа биримдиги ишке ашырып жаткан “Кыргызстанда кыйноого жана адамгерчиликсиз, аёосуз, кемсинткен мамилеге, жазалоого каршы күрөштө мамлекеттик жана жарандык коомду колдоо” долбоорунун алкагында жарандык коом уюмдарынын тармагын түзүү багытында иш башталды.
Жайыл районунун Суусамыр айыл аймагынын Кожомкул айылындагы Сапарбек Мырзакматов атындагы орто мектебинин мугалими Аида Медетбек кызы республикалык сынакта баш байгени жеңип алды.
Бүгүн, 4- апрель күнү Талас шаарында жашстанчылар “Достук Кербенин” өткөрүштү. Бул майрамдык маараке өлкөнүн түндүк тарабын камтыган.
4-апрелде Сумбула айыл аймагынын Манас атындагы орто мектебинде валейбол боюнча мугалимдер арасында зоналдык этап өттү.Оюнда 6 мектептин мугалимдери ат салышып,аягында Манас атындагы орто мектеби ийгиликке жетти.
Байыртадан кыргыздардын жашоосунда чон мааниге ээ болгон «терме» онорун жаш кыз- балдарга уйротууну коздоп максат кылган Исманова Бааргул эженин кабарчыларга куруп берген маэги.
Жайыл районунун мектептеринде аккредитация жүрүп жаткан маал. Билим жана илим министрлиги тарабынан даярдалган тесттерди окуучулардан алуу 2018-жылдын 4-апрелинде Кара-Суу айылындагы Кара-Суу орто мектебинде болуп өттү.