Түп районуна караштуу Тасма айлындагы кыска мөөнөттүү бала бакча үчүн жаңы ажаткана салынууда. Андан тышкары бала бакчага оюн аятчасына атайын каруселдер орнотулуп, балдарга дагы көптөгөн оюнчуктар жана заманбап парталар алып …
Түп районуна караштуу Тасма айылында ашпозчулук кесиби боюнча окуу жүрүүдө. Окуу 7-июнда башталып, азыркы тапта окуучулар практикалык иштерди аткарып жатышат.
Жамааттык маалымат каражаттарынын ассоциациясы «Немец толкуну» академиясынын колдоосу менен 2017-жылдын 24-25-26-27-28-июль күндөрү «Мультимедиялык журналистика» багытында Ысык-Көлдүн жээгинде жамааттык маалымат каражаттарынын ыктыярчы, жарандык журналисттери үчүн жайкы мектеп уюштурат.
Азыркы тапта өлкөнүн ар кайсы жерлеринде ФАО уюму көптөгөн иштерди алып барууда. Уюмдун максаты, кандай иштерди алып баргандыгын жана алдыда дагы кандай иштерди өткөзө тургандыгы тууралуу ФАОнун Түп районуна караштуу Тасма …
Токтоян айылында үч ай мурда майып музоо туулуп, учурда абалы жакшы. Анын башка музоолордон айырмачылыгы — мойну жана буту кыйшык, бирок ошондой болсо да башка музоолорго салыштырмалуу өсүшү жакшы.
Ысык-Кѳл кээде тыптынч, кээде толкун, Толкуса толкунуӊа мен ортоктошмун Жашоодо канча досту күтсѳм дагы, Бир сырдуу сендей досту күткѳн жокмун. Деп Алыкул агабыз ыр саптарында айтылгандай, кереметтүү кѳлүбүзгѳ кандай гана …
Үстүбүздѳгү жылдын март айында Эшманбет Кендирбаев атындагы жалпы орто билим берүүчү Барскоон орто мектеби үчүн чоӊ жаӊылык болду. Бул мектептин 9-классынын окуучусу Афтандил Тѳлѳнов «Акыл Ордо» интелектуалдык телетаймашына катышып келди.
Барскоон айылында тургундарга кечки саат жетиден эртең мененки саат сегизге чейин дүкөндөргө спирт ичимдиктери жана тамеки сатууга тыюу салынды.
Барскоон айылынын маданият үйүндө «Барскоон city» вокалдык, бий, актёрдук чеберчилик, комуз жана башка жанрлар боюнча ийрим ачылганына эки айдай убакыт болуп калды.
Барскоон айылындагы Эшманбет Кендирбаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде англис тили сабагы боюнча башка мектептин мугалимдеринин катышуусунда эки күндүк семенар болуп өттү.
Барскоон айылынын Эшманбет Кендирбаев атындагы мектептин окуучулары аймактык, райондук, облустук, республикалык баскычтарды багындырып, Алматыдагы таяк тартыш оюнунан байгелүү орундарды алып Чехияга жолдомо алышты.
«Таза экология- таза коом» дегендей экология таза болсо, коом да таза болот. Экологияны жашылдандыруудан тышкары, андагы көп жылдар бою чирибеген желим бөтөлкөлөр жана башка ушул сыяктуу таштандылар экологияны кирдетпей койбойт.
Барскоон айылында орто мектептер арасында кыргыз СССРинин маданиятка эмгек сиңирген кызматкер, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Муханбет Алыбаевдин жаркын элесине арналган музыкалык сынак болуп өттү. Конкурстун негизги максаты — маданият …
Барскоон айылында Улуу жеңиштин 72 жылдыгы белгиленди. Барскоон айылында бир согуш ардагери, бир тылда эмгектенген жана 19 курман болгон ардагерлердин жубайлары бар.
Түп районуна караштуу Тасма айылында Улуу жеңиштин 72 жылдыгы майрамдалды. Майрамга Карасаев айыл аймагындагы үч айылдын тургундары келип катышты.
Түп районуна караштуу Карасаев айыл аймагындагы “Калмак арык” деп аталган канал бар. Арыктын качан пайда болгону тууралуу Тасма айылынын тарыхчысы Кыдырымыш Масылов менен маек курдук.
Түп районундагы мектептер арасында “Ата-эненин мыкты баласымын” аттуу сынак 3-майда болуп өттү. Райондогу 35 мектептен окуучулар барып катышкан сынакта тасмалыктар “Заманбап жомок” номинациясы боюнча жеңишке жетип, облустук баскычка жолдомо алышты.
Түп районуна караштуу Тасма айылында жайгашкан Асан Сопиев атындагы музей облустук сынакта 1-орунду алды.
Түп районуна караштуу Токтоян айылында ФАП курулуп бүтүп ачылды. Ачылыш аземине ARIS уюмунун жетекчилиги жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын Кубанычбек Мамытов атындагы мектебинде Бириккен Улуттар Уюму тарабынан «Мектеп алдында мөмө-жемиш, бак-дарактарын өстүрүү» долбоору боюнча 200 түп алманын көчөттөрү отургузулду.