А.Кенкөзов атындагы орто мектепте эртең мененкисин окуучулар физкультура жана кара жорго бийин бийлешүүдө.
Айылдагы конуш эли мурда сууну жер алдынан алып кыйналган болсо, эми азыр ыңгайлуу шартта суу чоргосунан ала башташты
Түп районуна караштуу Токтоян айылында 400дөй калк жашайт. Аны жергиликтүү фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) эки кызматкери тейлейт.
Токтояндын 42 жаштагы тургуну Жаңыл Асырбаева мамлекеттен жөлөк пул ала албай келгендигин айтат. Айыл өкмөт кызматкеринин билдиришинче, алардын үй-бүлөдөгү материалдык абалы жакшы, ошондуктан аларга жөлөк пул берилбейт.
Токтоян айылынын 36 жаштагы тургуну Нурлан Маматкулов өзүнүн усталык өнөрү менен айылга салымын кошуп келүүдө.
Түп районуна караштуу Токтоян айылындагы жалгыз мечиттин курулганына он жылдай убакыт болду. Андан бери мечит эскирип калгандыктан, замандын талабына жараша оңдоп түзөөдөн өтөт, деп билдирди мечиттин имамы.