Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Токтоян

Айылда ФАО тарабынан уюштурулган концерт болуп өттү

Токтояндын тургундарынан түзүлгөн топ айыл жашоосунда болуп жаткан көйгөйлөрдү жеткирүү үчүн ар кандай терс көрүнүштөрдү сахналаштырып элге тартуулады.

Токтоян: Көз оорусуна чалдыккан айыл имамы

Буга чейин беш-алты жыл бою айыл имамы болуп келген 37 жаштагы Тыныбек Зундунов көз оорусуна чалдыгып калды. Ал бейтапканаларга барып жылына текшерилип жүрүп, бирок, бул оорусу уламдан-улам күчөп, азыркы абалы жакшы …

Токтоян: Айылда жарым сааттан ашык жааган мөндүр жашылча-жемиштерге зыян келтирди

Токтоян айылына түшкөн мөндүрдүн көлөмү чоң болгондуктан, айыл тургундарынын жашылча-жемиштерине зыян алып келди. Өз эмгектери менен сепкен жашылча-жемиштери куурап, абалдары начарлап калды.

Сарытологой: Айылдагы ФАПты оңдоп түзөө иштери жүрүп жатат

Сарытологой айылындагы ФАПта оңдоп түзөө иштери жүрүп жатат. Көп жылдан бери оңдолбогон ФАП имаратын быйыл айыл өкмөткө кайрылып, атайын бул иш каралып, акча бөлүнүп берилген.

Сарытологой айылында семинар болуп өттү

Түп районунун Сарытологой айылында семинар болду. Семинарды «Токтоян» жамааттык мультимедиа борборунун тренери Адилия Мундукова аталган айылдын 9-11-классынын окуучуларына өткөрдү.

Токтоян айылында айыл чарбаны өнүктүрүү долбоору уюштурулду

Токтоян айылында Швейцариялык айыл чарба өнүктүрүү фонду (ФАО) тарабынан уюштурулган окуу болуп өткөн. Окуунун негизинде долбоор жазылып, жашылчалардын жаңы сортторун өстүрүү пландаштырылып, алар себилген. Жалпысынан бул долбоорго айылдан  46 адам …

Сарытологой: Айылда мечиттин курулушу токтоп турат

Түп районунун Сарытологой айылындагы мечиттин курулушу былтыр ноябрда башталып, кийин бүтпөй калган. Бул туурасында айыл депутатты Кенжебек Балтабаев менен маек курдук.

Токтоянда ыр кесе болуп өттү

Быйылкы тарых жана маданият жылына карата Токтоян айылында ыр кесе болду. Бул ыр кеседе айылга өз салымдарын кошкон белгилүү инсандардын жасаган иштерин чагылдырып, көрсөтүп беришти.

Токтоян: 20 жылдыктар мектепке кол жуугучтарды алып берди

Түп районунун Токтоян айылындагы Коёнкөзов мектебин мындан 20 жыл мурун бүтүп кеткендер башкаларга салыштырмалуу акчаларын пайдалуу коротушууда. Алар мектептеги окуучулардын камын ойлоп, окуучулар үчүн кол жуугучтарды белек кылышты.

Токтоян: Абдынапык агайдын эмгеги жана китепканасы

Токтоян айылындагы маданият үйү Абдынапык Осмонов агайдын эмгегинин аркасында салынган. Андан тышкары өз үйүндө китепканасы да калган.

Токтояндын Жаштар ансамблинин түзүлгөнүнө беш жыл болду

Түп районунун Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов №18 орто  мектебинин Жаштар ансамбли курулуп, алар көптөгөн ийгиликтерге жетишип келүүдө.

Токтояндагы мектеп курулушу улантылабы?

Түп районуна караштуу Токтоян айылындагы мектептин эскилиги жетип калгандыктан, 2014-жылдын январь айынан тарта жаңы мектептин котлованы казыла баштаган. Бирок салынып жаткан мектеп 2015-жылы ноябрь айында токтотулуп, качан улантылаары белгисиз.

Токтоянда жазгы тазалоо иштери башталды

Токтоян айылында жазгы тазалоо иштери жүрүп жатат. Айыл тургундары өз конуштарын тазалап, айылды көркүнө чыгарууда.

Токтоян: Мектеп бүтүрүүчүлөрү ЖРТга даярданып жатышат

Токтоян айылынын бүтүрүүчүлөрү Жалпы республикалык тестке (ЖРТ) январь айынан тарта даярданып жатышат. 

Токтояндын тургундары таза сууга акча төлөбөй жатышат

Токтоян айылынын тургундарынын көбү сууга акча төлөбөй жатат. Алардын көбү 2-3 жылдан бери төлөбөгөн адамдар. Ушунун кесепетинен суу сактагычка сакчы койгонго каражат жетишпейт.

Айылдын тургуну “Токтоян” деген ыр жазып чыгарды

Токтоян айылынын тургуну Алымбек Байгашкайев Ашырбай Коёнкөзов атындагы №18 Токтоян орто мектебинин мугалими. Ал мугалимдик кесиптен тышкары ыр жазуу менен алектенет.

Токтоян: Окучулар райондук сүрөт сынагына даярданууда

«Тарых жана маданият жылына» карата аймактардан атайын сүрөт багытындагы сынак уюштурулуп жатат. Анын максаты — ата-бабалардын калтырган мурасын жана салт-санаасын кагаз бетине түшүрүү.

Токтоян: Ашырбай Коёнкѳзов атындагы орто мектепте англис тил ийрими ачылды

Токтоян айылындагы №18 жалпы орто билим берүү мектебинде англис тил сабагынан кружок өткөрүлүп жатат. Кружокко мектептин каалаган окуучулары катышып алар, англис тилин өздөштүрүп, тилди жакшы үйрөнүшүп билимин дагы тереңдетип жатышат.

Токтоян айылында интернеттин ылдамдыгы жай болгондуктан айыл тургундарына кыйынчылык тудурууда

Токтоян: Интернеттин ылдамдыгы жай болгондуктан айыл тургундарына кыйынчылык тудурууда

  Учурда интернет колдонуучулардын 77%ын Бишкектиктер,10%ын Ош облусундагылар,ал эми 13% гана калган облус,шаарларга тиешелүү.

image

  Интернет биздин келечегибиз дейт 11-класстын окуучусу Гүланда Ибраева.

  «Биздин айыл борбордон алыс жайгашкандыктан интернеттин ылдамдыгы жай жана акча дагы көп сарпталат. Бирок, аг

Токтоянда унаа ичинде мончо салынды

Айылыбыздын тургуну  Эрнис Ыманов маршрут авто унаасынын ичине эки кишилик мончо жасаган. Ал мончо айыл элине кызмат кылууда.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...