Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Месяц: Июль 2015

Лейлек районунун окуучулары жаңы окуу жылынан тарта бирдиктүү формага өтөт

Быйылкы жылы бүткүл Кыргыз Республикасы боюнча мектеп окуучуларынын баары тандоодон утуп чыккан Кыргызстандын бирдей формасын кийишет.

Кызыл-Кыяда инвестициялык форум өткөрүлдү

  Баткен облусу боюнча «айыл чарбасын өнүктүрүү » Форуму Кызыл-Кыя шаарында өткөрүлдү. Бул Форумга Россия, Кытай мамлекеттеринин кыргызстандагы Элчилиги жана Ири инвесторлор, Эл аралык Фонддор, Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу …

Кызыл-Булакты быйыл чөп мол болду

Элде быйыл чөп жакшы, чөп жакшы болгондугу үчүн чөп орук көпкө созулуп жатат. Былтыр бул убакта биз биринчи орукту бүтөт элек, азр биринчи орукту да бүтө элекпиз.

Кызыл-Булактын «Таланты» менен маек

Эргешов Талантбек Садыбаказович өзү тууралуу төмөнкүлөргө токтолду. Мен 1971-жылы ош облусунун ноокат районуна караштуу Т. Кулатов айылынын Кожо-арык айылында жарык көргөнмүн. Ж. Бөкөмбайев атындагы орто мектибин ийгиликтүү аяктап, ош мамлекеттик …

Бүгүн DW Academie семинары жыйынтыкталды

Ысык-Көл областына 20-июль күнү ар бир областардан дикторлор, кабарчылар келип 5күндүк семинарга чогулушкан. Ошол семинар бүгүн жыйынтыкталды.

Алтын-Бешик жайкы эс алуу лагеринде балдар эс алып жатышат

Жайкы эс алуу лагеринде жаш жеткинчектер эс алууда. Бул лагерь 3-бөлүктөн турат. Азыркы убакта жаштардын эс алуу маанайын тартуулайбыз.

Кабарчылар семинар репортаждарын тартышты

Ысык-Көлгө тренингге келген кабарчы, ыктыярчылар өздөрүнүн иштерин бүгүн көрсөтө алды. Алар видео, сүрөт тартуу, веб сайт ачуунун үстүндө иштешти.

Үч-Коргон мультимедиа борборунун жетекчиси жергиликтүү бийликке ыраазычылык кат тапшырды

Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Ахмаджан Абдурахмановго, айылдык кенештин депутаттарына бүгүн 24-июль күнү Жамааттык ЖМКлардын Ассоциациасынын жетекчиси Жусупова Назира ошондой эле «Media RAY» коомдук фондунун директору Арипов Атабек тарабынан Уч-Коргон мультимедиа …

Андарактын «Саркент» жайлоосуна туристтер келүүдө

Айылбызда «Саркент» деген далайга белгилүү кооз жайлообуз бар. «Саркент» жайлоосу өтө кооз жана туристтер үчүн жайлоо. Бул жайлообузду бүткүл Лейлек району билет жана кооз жайлообуз менен сыймыктанат.

Андарак: Төрөт үйүнө жакшы шарт керек

Сумбула айыл округунда эки больница бар. Бирөөсү поликлиника, экинчиси оорукана. Оорукананын ичинде төрөт үйү бар. Ал көптөн бери иштеп азыр шарты жок болуп калган.

Ыссык-Көлдө мультимедиа борборунун кабарчыларына жайкы тренинг өтүп жатат

Ыссык-Көлдө жайкы 2015 семинары өтүп жатат. Бул тренингдин башкы жетекчилери (демөөрчүлөрү) Дойче Велле (Немец толкуну, Dw Akademie) академиясы. Семинар 5-күн болмокчу, беш күндүн ичинде кабарчы, ыктыярчылар веб сайт ачуу, аудио жасоо, видео жана фотомонтаж …

Ооган-Талаалык кик-боксёр өлкөбүздүн атагын алыска жеткирүүдө

Кыргызстандын атын көптөгөн мамлекеттерге тааныткан Ооган-Талаа айылынын чыгаан жигити Козуев Абдыкадыр кик бокс к-1 боюнча 56 таймашка катышып, көптөгөн ийгиликтерге жетишкен.

Ооган-Талаа: Курулуп жаткан спорт залга суу жетишсиз

Мектеп директорунун айтуусу боюнча спорт залдын жуунчу бөлмөсүндө суу жетишсиз, бул мектептин бир чоң көйгөйү.

Ооган-Талаада биринчи жолу бокс беттеши болуп өттү

Ооган-Талаа айылында спорттун бул түрү боюнча мелдеш биринчи жолу өтүүдө.

Аба ырайына байланыштуу быйыл Ооган-Талаада жаңгак болбоду

Апрель айында кар жааганына байланыштуу быйыл айылда жаңгак мөмө бербеди.

ТАШ-КӨМҮР: НАЗГҮЛ СҮРӨТКАНАНЫН КОЖЕЙКЕСИ ТАШТАНБЕКОВА НУРЧАЙЫМ

Назгуль сүрөтканада бизди сулуу, келбеттуу аял тосуп алды. Ал сүрөт салонун ээси Нурчайым Таштанбекова. Ал Аксы районундагы, Ак-Суу айылында төрөлгөн. Нурчайымдын өмүрлүк жары, бир уулу, эки кызы бар. Азыркы мезгилде …

Барскоондо айыл тургундары үчүн 2 боз үй кызмат кылат…

Барскоон айылынын Маданият үйүнүн астында 2 боз үй тигилди.Боз үйлөрдүн сырткы көрүнүшү,жасалгасы окшош болуп,айыл тургундарынын көңүлүн бурууда.

Барскоон айылында кол күрөш мелдеши болуп өттү

19-июлда Барскоон айылында кол күрөш мелдеши болуп өттү. Мелдештин катышуучулары Барскоон айылынын окуучулары болду. Кол күрөш мелдеши башкалардан айырмаланып көл жээгинде өттү.

Барскоон айылында «Сары кыздын тоюу» башталганы турат…

Жай мезгили көлгө түшүү,эс алуу гана болбостон, Барскоон айылынын тургундары үчүн өрүктүн сезонунун башталышы менен байланыштуу.Эл арасында айтылган «Сары кыздын тоюу » өрүктү сатуу мезгили дегенди билдирет.

Кошбулак: Жаңы конуштун тургундары флешмоб өткөрүштү

Кошбулактын күн чыгышындагы кошуна жайгашкан Р. Жолбаев, Ш.Джураев айылдарынын 80 чукул үй курулуп жаткан жаңы конушунун тургундары Өздөрүнүн социалдык инфраструктуралык маселелерин чечүү үчүн көбүнчө жаштардын тобуна мүнөздүү болгон «флешмоб» уюштурду.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...