Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Аялдардын көбү зордук-зомбулукка кабылышканын жашырып келишет. Зомбулукка кабылгандардын басымдуу бөлүгү жаш келиндер. Алар зордук-зомбулукка кабылганын эч кимге айтпастан ичине сактап жүрө беришет же төркүнүнө кетип калышат. (далее…)

Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамындагы адамдарды сатуунун курмандыктарын коргоо жана жардам берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу атайын мекемелер, убактылуу жашап туруучу башпаанек, колдоо көрсөтүү жана жардам берүү борборлору, коомдук бирикмелер жана өкмөттүк эмес уюмдар менен кызматташуу боюнча аудиодон угуңуз: (далее…)

Ноокат районунун Т. Кулатов айыл өкмөтүндө 30-июль «Адам сатууга каршы күрөшүү» күнүнө карата маалыматтык компания Тилебалды Айбашев атындагы орто мектебинин мугалими Матраимова Айиса тарабынан өткөрүлдү.  (далее…)

Замандын талабына ылайык, медиа айдыңындагы социалдык тармактарда Хештег (тор белги #) эмне үчүн колдонуларын баарыбыз эле билсек керек. Ошентсе дагы  кененирээк маалымат менен бөлүшө кетели.                (далее…)

Жаман адаттар — бул биздин жеке жыргалчылыгыбызга терс таасирин тийгизген гана эмес, ошондой эле планетанын «ден соолугуна» терс таасирин тийгизген адаттар. Климаттын өзгөрүүсүндөгү кесепеттерди ар бир адам башынан өткөрүп жатса дагы ага өзүнүн салымы бар экенин ойго албайт.
(далее…)

«Бул материал «Демге дем» Медиа борбору» Коомдук фондунун «Адам сатуунун алдын алуу» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын каржылык колдоосу менен даярдалган. Бул долбоор Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилиги тарабынан каржыланган. Бул жердеги келтирилген сунуштар, кортундулар жана пикирлер, автордун оюн гана билдирет. АКШ Мамлекеттик депортаментинин көз карашына дал келбеши мүмкүн.

Таңнуру Жалалова, Айиса Матраимова

Нарын районуна караштуу Учкун айыл аймагында тоют үчүн көп жылдык чөптөр эки чабылат. Бирок жаздын кеч келиши менен жылдагыдай түшүм албоосу күтүлүүдө. (далее…)

Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында партиялык жана мамлекеттик ишмер. Мамлекеттик жана коомдук ишмер, өндүрүш, тоо-кең, айыл-чарбасынын мыкты адиси Абсамат Масалиевич Масалиевдин 90 жылдыгына карата кичи футбол боюнча мелдеш болуп өттү. Турнир Коммунисттик партиянын лидери Исхак Абсаматович Масалиевдин жаркын элесине арналып, «Элдик собор» коомдук бирикмесинин, «Широта42» Орус географиялык коомунун жаштар клубунун колдоосу менен уюштурулду.

(далее…)

Адам сатуу көйгөйү коомчулуктун көңүлүн бурган объект экенин эске алуу менен мындай көрүнүштөргө каршы күрөшүүдө мамлекеттик институттар, ички иштер органдары, жарандык коом уюмдары тарабынан олуттуу аракеттер көрүлүп жатканын белгилеп кетүү керек. Ошондой иш аракеттин бири 29-июлда Кочкор районунда өткөрүлдү. (далее…)

Нөшөрлөп жааган жамгырдан Нарын районуна краштуу Куланак айылын сел каптады. Окуя 21 – июлда кечки саат 19:30 дар чамасында болгон.

(далее…)

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында  гендердик сезимтал журналистиканын стандарттары боюнча тренинг өткөрүлдү. Тренингге журналисттер жана блогерлер катышышты. Катышуучулар бул тренинг журналистерге эле эмес жөнөкөй адамдарга да керек экенин белгилешти.


Тренингде Ысык-Көл облусунун журналисттери үчүн гендердик теңчилик маселери боюнча маалымдуулукту жана түшүнүктү жогорулатууга, гендердик сезимтал журналистиканын стандарттары менен таанышууга багытталган жана гендердик сунуштарды маалыматтарды чагылдырууда колдонуу боюнча практикумдарды камтыган тренинг уюштурулду.

«Социалдык коомдук технологиялар коомунун буга чейин 3жылдык «Даткайым» долбоору бар болчу. «Даткайым » долбоорунун экинчи фазасы «InKoom» деп аталат.Себеби бул жерде максаттуу топторго мурункулардан бир аз айырмаланып, майыптыгы бар аялдарды да коштук,ошол үчүн инклюзивдүү коом деп — InKoom деп атадык. Долбоор 2022жылдын октябрь айынан бери ишке ашырылып жатат. Долбоордун 2-3 багытточу максаттары жана топтору бар. Алардын эң алгачкысы аялдар, жаштар жана майыптыгы бар аялдар. Аларды ушул коомго аралаштырып, коомго кошуу. Атайын өзүнчө максатыбыз бул Гендердик сезимтал журналистиканы алдыга жылдыруу, ошол максатта баардык облустарда Гендердик сезимтал журналистиканын стандарттары менен тааныштыруу максатында ар бир медиалар өздөрүнүн иш-чарасында, деги эле ошол өзүнүн редакциялык стратегиясына да Гендердик сезимтал журналистиканы киргизсин деген максатта окутууларды жүргүзүп жатабыз.

Бул тренингге журналисттер, журналистик ассоциациялардын мүчөлөрү, өз алдынча иштеген блогерлер, активисттер дагы катышып жатат. Бүгүнкү тренингге жалпылап алганда 30адам катышты. Өзүбүз инклюзивдүү коомду түзүү аракетинде дагы сөзсүз түрдө катышуучулардын окуу тилин да сурап, аларга кайсы тилде материалдарды окууга, тренингди өтүүгө ыңгайлуу экенинин сурап, алардын талаптарына карай, 2топко бөлдүк. Орус тилдүү топ жана кыргыз тилдүү топ болду. Кыргыз тилдүү топто 20адам болду ал эми орус тилдүү топто 10адам катышты.

Мындай тренингдер азыр биз үчүн абдан маанилүү. Себеби биз буга чейин тренингдерде да айтып өттүк, изилдөөлөрдү карасак, медиада дагы аялдардын көрсөтүлүшү абдан аз. Мисалы ошол эле жалпы изилдөөлөргө таянсак, аялдардын чагылдырылуусу 20%ды гана түзөт. Кээ бир жерлерде гана, кээ бир секторлордо  30%га жетиши мүмкүн.

Мисалы жаңылыктарда же болбосо социалдык маселелерди көтөргөн учурларда. Бирок аларда дагы толук кандуу баардык аялдар туура чагылдырылган эмес. Көбүнчө абдан салттуу, стереотиптүү ролдордо, кожойке же болбосо пассивдүү ролдордо чагылдырып, ал эми өзүнүн оюн билдирген, лидер айым, саясатчы же коомдун өнүгүүсүндө өз салымын кошкон аялдар катары, билдирилген контенттер абдан аз. Ошондуктан биз аялдар Кыргызстандын жарымынан көбүн түзгөндүгү үчүн дагы ошол аялдарды туура чагылдыруу абдан маанилүү»-дейт Социалдык технологиялар коомдук бирикмесинин программалык координатору, гендердик эксперт, InKoom долбоорунун эксперти Бактыгүл Исламбекова. Анын айтымында баардык адамдар тең укуктуу жана тең мүмкүнчүлүктүү. Бул долбоордо да мүмкүнчүлүгү чектелген айымдарга ошондой эле мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү керек.


«Бүгүнкү тренингди биздин  интернат-мектепте мурун тренинге катышып жүргөн эжей аркылуу келип калдым. Бул менин биринчи жолку тренингим. Менин буга чейин Гендердик сезимтал журналистика боюнча сабатым жок болчу бирок Гендердик тең укуктуулук боюнча билчүм. Тренингде көп пайдалуу, жаңы нерселерди ала алдым. Мисалы эле азыркы коомдо маалыматтарды ар кандай адамдар бизге кээде туура эмес жеткиргендиги жөнүндө. Аялдарга болгон көз караштар, тең укуктуулук сакталбагандыгы жөнүндө көп маалыматтарды алдым десем болот. Менин жекече оюм боюнча журналистер адамдарга маалыматтарды туура жеткириш керек. Зордук-зомбулук болгон окуянын маанилерин адамдардын кабыл алуусуна, азыркы биздин жашообузга туура маалымат берүү, эки тараптын тең укуктуулугун сактап каралса дейм да. Ошол үчүн бул тренинг журналистерге гана эмес ар бир адам катышуусу керек деп ойлойм»,-дейт тренинг катышуучусу Алина Таалайбек кызы.Окутуу катышуучуларга сертификат берүү менен жыйынтыкталды.

Айназик Кубатбекова

Кызды турмуш куруу максатында урдоо кылмыш болгонуна карабай аны салтка шылтагандар бар. Салттын түпкү мааниси башка болгонун азыркы мажбурлоо экөөнү адаштырбоо керектигин айтышат. Кыргыз Республикасындагы никелердин 20%дан ашыгы кыздарды ала качуу жолу менен жасалган, мажбурланган никелердин үлүшү 6%түзөт.

(далее…)

Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айыл аймагында  июль айында күндүн тепературасы 38-40 градуска чейин жетүүдө.  Айыл тургундарынын көпчүлугү дыйканчылык менен алектенгендиктен ысык уруудан сактануу зарыл. Ысык аба ырайына байланыштуу дыйкандар капуста талааларында, эртең мененки ондон кечки алтыга чейинки убакта ысыкта иштебегенге аракет кылышууда.

(далее…)

Климаттын өзгөрүүсүндөгү кесептерге ар бир адам турмушунда кездешип жатат. Энергияны үнөмдөө жана ресурстарды натыйжалуу пайдаланууну ишке ашыруу үчүн башкача айтканда жылытуу жана муздатуу чыгымдарын азайтууда имараттарды жылуулоодо жашыл каржылоо жүргүзүлөт.
(далее…)

Нарын районуна караштуу Куланак айылында 4 урна желим бөтөлкөлөр үчүн орнотулган. Айылдын тазалыгы жана жашыл экологияны максат кылган жаштар уюмунун  максаттуу иш планы ишке ашып жаткан учуру.

(далее…)

“InKoom– Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдүү коомдун өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү ” долбоору Чүй облусунун журналисттерин, блогерлерин, журналисттик ассоциацияларынын өкүлдөрүн гендердик сезимтал журналистика боюнча 1 күндүк тренингге катышууга чакырды.АталгантрегинггеСокулукрайонундагы Жаңы-Жерайылындагы»Жамааттык медиа борборлору»катышышты (далее…)

Аялдарга карата зомбулукту азайтуу боюнча жергиликтүү бийлик тарабынан атайын иш чаралар уюуштурулуп турат. Азыркы тапта жумуш үстүндөгү ыдык көрсөтүү бул кылмыш экенин түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, семинар-тренингдер өткөрүлүүдө.

(далее…)

Адам сатуунун курмандыгы болуп калбоо үчүн өздөрүн коргоону жана мындай жагдайлардан алдын ала эскертүүнү Жаңы-Жер айыл аймагындагы айылдардан баштадык.  Айылдагы эмгекке жарамдуу жаштардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл, анткени аларда адам сатуунун курмандыгы болуп калуу тобокелдиги жогору.Адам сатууга каршы күрөшүүдөгү эң актуалдуу жана натыйжалуу стратегиялардын бири бул алдын алуу болуп саналат. (далее…)

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айыл аймагындагы, таза суу жетпеген көйгөйлүү бөлүгүн «Ихсан Хария» кайрымдуулук фонду каржылоодо.  Долбоордун алкагында Жаңы-Жер айылындагы жалпы 6067 метр таза суу түтүктөрүн жаңылоо иштери жана таза суу сактоочу резервуардын курулуш иши башталды. Бул долбоордун ишке ашуусу менен Жаңы-Жер айыл аймагы толук таза суу менен камсыз болмокчу.  Долбоордун башталышына Чүй облусунундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Джумагазиев Канат Сагынович,  Сокулук районунун Мамлекеттик администрациясынын башчысы Аким Ташкулов, Илияз Акжигитович жана Ихсан Хайрия фондунун Президенти Магомед Мусаевич катышышты. (далее…)

Билим берүү жана илим министрлигинин сунушу менен Пайтон программалоо тили боюнча окуу курсу иштелип чыкты. Бул 2022-жылы аталган министрлик жаштардын жана аялдардын санариптик сабаттуулугун жана көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча «Санарип Инсан» долбоорун колдоо чечиминен кийин ишке ашып отурат.

Маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү кесиптер учурда эң көп акы төлөнгөн кесиптердин катарында. Бирок бул мүмкүнчүлүктөрдү өздөштүрүү үчүн жарандар тилдик тоскоолдуктарга туш болуп келген. Атап айтканда, өлкөдө программалоо боюнча негизги окуу материалдары орус тилинде болгондуктан, бул орусча билбегендер үчүн чоң көйгөй.
Бул көйгөйдү чечүү үчүн Sanarip Insan долбоору Python программалоо тили боюнча кыргыз тилиндеги курстарды иштеп чыкты. Программалоо менен таанышып, IT тармагындагы кызыкчылыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн аныктоону каалаган жаштар үчүн 70тен ашык видеосабактар жана атайын материалдар түзүлдү. Алар жеке жана мамлекеттик билим берүү жайларынын окуучулары жана студенттери үчүн окуу курстарын, орто мектептердин информатика мугалимдери үчүн Python сабактарын окутуунун атайын методикалык презентацияларын камтыйт. Бул материалдарды жогорку билим берүү системасынын Moodle LMS платформасына да жүктөсө болот.


“Биздин демилгени КР Билим берүү министрлиги колдоого алды. Python эң популярдуу программалоо тилдеринин бири жана Python программисттеринин эмгек акысы улуттук орточо көрсөткүчтөн бир топ жогору. Бул жаштарга чет өлкөдөн жумуш издөөнүн ордуна IT тармагында атаандаштыкка жөндөмдүү мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Биздин курстар жаштарга IT-кесиптерге көбүрөөк ишеним менен кирүүгө жардам берет жана аларды кардарлар менен баарлашуу үчүн чет тилдерин үйрөнүүгө үндөйт деп ишенебиз. Биз бардыгын бул маалыматты достору, балдары жана туугандары менен бөлүшүүгө чакырабыз!»,- деп баса белгилейт “Санарип Инсан” долбоорунун координатору Азиз Солтобаев.
Python программалоо тили боюнча видео сабактар — ийкемдүү жана күчтүү программалоо тилин өздөштүрүүнү сунуштайт. Курс Pythonдун негиздерин үйрөнүүнү жана программалоо жөндөмүн өнүктүрүүнү каалаган жарандар үчүн иштелип чыккан. Бул видеосабактар Python программалоо тилин оңой жана ишенимдүү үйрөнүүгө жардам берет. Python программалоо тили боюнча видеосабактар бул программалоо тилин өздөштүрүп, аны веб-иштеп чыгуу, илимий изилдөө, маалыматтарды талдоо жана башка ар түрдүү тармактарда колдонууну каалагандар үчүн жакшы мүмкүнчүлүк.