Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: kyrgyzmedia

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы жаштар үчүн талап кылынган кесиптер боюнча бекер курстар

Ага Хан Фондунун демилгеси менен Кыргызстандын Тоолуу Жамааттарын Өнүктүрүү Программасы (MSDSP KG) Дүйнөлүк Банктын төрт жылдык “Жаштарды ишке орноштуруу — коомчулукту колдоо программасы” долбоорун “АРАКЕТЧИЛ” жумушчу аталышы менен ишке ашырууда.

Ата-энелерди үмүтсүздүккө түрткөн аутизм

Кыргызстанда аутизм тууралуу түшүнүк кеңири жайылган эмес. Ошондой эле аутисттердин коомго аралашуусу жана билим алуусу актуалдуу көйгөйлөрдүн бири.

Бир мандаттуу округдардан депутаттыкка саналуу гана аял талапкерлар катышат

Жакында эле Борбордук Шайлоо Комиссиясына Жогорку Кеңештин бир мандаттуу 36 шайлоо округдарынан өзүн-өзү көрсөтүү ниетин билдиргендердин саны 381 болгон.

Кыргызстанда журналистика жаатында сапаттуу билим берүүнү өнүктүрүү талкууланды

Кыргызстандын Коммуникаторлор ассоциациясы журналисттика жаатында билим берүүнүн дүйнөлүк кеңешине (WJEC) мүчө болуп кирди жана алар менен өнөктөштүктө WJEC-ЮНЕСКОнун журналистика жана журналистика билиминдеги көйгөйлөр менен чакырыктар боюнча глобалдык консультациялардын алкагында 2021 …

Жарака: Эмне үчүн Кыргызстанда балдар кооптуу шарттарда окушат?

 Мектептин дубалынан чоң жарака кеткен. «Жок, бул жер титирөөдөн кеткен эмес, болгону эски имарат, — дейт Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Турат Арзыкулов атындагы №52 мектебинин директору Максуда Кочорова башын …

Элдин үнү: COVID-19 илдети өнөкөт ооруларды козгоп, мээнин иштөө функциясын бузат

Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы Жаңы-Жер медиа борборунун журналисттери коронавирус илдети менен ооруган айыл тургундарынан сурамжылоо жүргүздү. Себеби айыл тургундарынын арасында COVID-19 илдети менен ооруп айыккандардын өнөкөт дарттары күчөп, жүрөк, …

Өрөөндө мыкты министрлер аныкталды

10-11-апрелде Суусамыр өрөөнүндөгү 5 мектептин арасында «Парламент сүйлөйт» сынагы өттү. Сынак радиодо түз эфир аркылуу өткөрүлдү. 2 күн ичинде мектеп парламентинин 4 министрлери таймашты.

Билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү боюнча ченөө жүргүзүлгөндөн кийин Ош эң төмөнкү натыйжаны көрсөттү

Кыргызстандагы калкынын саны боюнча экинчи орундагы шаар сапаттуу орто билим алуу мүмкүнчүлүктөрүндөгү теңсиздик индекси боюнча рейтингде эң акыркы орунга ээ болду. Ош, тактап айтканда, окутуу шарттарын баалаган критерий боюнча өлкөдөгү …

«Акыл Ордо» таймашы эми Сокулук районунда өткөрүлдү

Суусамыр айыл аймагында өткөрүлүп келген, 6 жылдык тарыхы бар “Акыл Ордо” интеллектуалдык таймашы эми Сокулук районундагы Военно-Антоновка окуу- тарбия комплекс гимназиясында өткөрүлдү. Сынакка жалпы 6 окуучу катышып, өздөрүнүн билим деңгээлин …

Суусамыр: Нооруз тууралуу фактыларды билип алыңыз

21-март Нооруз майрамы салтка айланып, майрамдык салтанат дайыма айылда өткөрүлүп келген. Бирок пандемиядан улам өткөн жылы жана быйыл 2021-жылы да Ноорузга карата майрамдык салтанат болбойт. Себеби, коронавирус илдетин жайылтып албоо …

Элеттик жаш спортчу пенчак силат оюну боюнча ийгиликтерди жаратып келет

Суусамыр айыл аймагына караштуу Биринчи май айылында спорт зал жоктугуна байланыштуу балдардын кайсы бир спорт түрү менен алектенүүсүнө жана машыгуусуна мүмкүн эмес. Бирок, буга карабастан айылдын кичинекей тургуну Эржан Токтосунов …

30%дык мүмкүнчүлүк аялдардын жергиликтүү саясаттагы ролун жогорулата алабы?

Жакында жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайланат. Быйылкы шайлоонун өзгөчөлүгү айылдык кеңештерге аялдар үчүн бөлүнгөн квота 30%ды түзүп, алардын жергиликтүү деңгээлдеги саясатка катышуусуна жол ачылууда.

Белек айылында жамааттык мультимедиа борбору ачылды

Чуй облусунун, Сокулук районунун Белек айылындагы А.Куттубаев орто мектебинде Жамааттык мультимедиа борбору ачылды. Мультимедиа борбор айылдагы жаңылыктарды сайтка жайгаштырып турат.

Ардактуу диктор Бекташ Акматов 85 жашта

Кыргыз радиосунун ардактуу диктору Бекташ Акматов Белек айылында жашайт. Ал учурда 85 жашка толду. Учурда ардактуу диктор үй-бүлөсү менен биргеликте бактылуу карылык кечирүүдө.

Белек айылында таза суу киргизилип жатат

Сокулук районундагы Белек айылына 4 көчөгө таза суу түтүкчөлөрү киргизилип жатат. Бул долбоор АРИС тарабынан колдоого алынган.

Белек айылынан чыккан алгачкы режиссер Аманкул Куттубаев

Чүй облусунун Сокулук районунун Белек айылындагы орто мектеп Аманкул Куттубаевдин наамын алып жүргөн мектеп. Куттубаевдин наамы  мектепке 2004- жылы 12- мартта берилген. Ал мектепте 226 окуучу окуйт.

Ковид боюнча айылдагы абал туруктуу

Сокулук районунун Белек айылында коронавирус оорусу менен ооругандар азыркы учурда катталган жок. Бирок мектепке чейинки балдар арасында сасык тумоого чалдыккан балдар бар экенин мед айым белгиледи.

Интернет оюндары балдарга терс таасирин тийгизүүдө

Учурда элеттик окуучулар арасында интернет оюндары коп ойнолуп сабакка конул бурбай жатышат.Ата-энелер жана мугалимдер телефон оюндары терс таасир берип жатканын айтышууда.

Акын Ч.Калдарова жакында жаңы китебин чыгарат

Сокулук районунун Белек айылынын 85 жаштагы тургуну, акын Чимиян Калдарова 15-марттан кийин жаңы китебин нускамага берет. Ал Белек айылынын тургуну.Жашы 85ке келип калганына карабастан чыгармаларды жазуу менен алек.

Борбор Азияда балдар “жакырчылык тузагына” түшүп калып жатышат

Сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгү бардыгында бирдей болбогондуктан Борбор Азияда балдар “жакырчылык тузагына” түшүп калып жатышат — иликтөө  Казакстанда интеллектуалдык атайын мектептерде бир окуучуга кеткен чыгым катардагы мектептердеги мындай чыгымдардан 6 …

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...