Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: kyrgyzmedia

Көктонду айылындагы чебер айым Айчүрөк Исмайилова

Базар-Коргон районуна караштуу Көктонду айылындагы чебер айым Айчүрөк Исмайилова өзүнүн кол өнөрчүлүгүн көрсөттү. Бул өнөр менен ал 10 жашынан бери алектенип келе жатканын айтат.

Базар-Коргон районундагы эки айылды бириктирип туручу көпүрө жараксыз абалда

Базар-Коргон районундагы Узун көчө айылы менен Ортоңку айылын бириктирүүчү көпүрө жараксыз абалда. Жамгыр жааган сайын жер көчүп, жар болуп жатканын айыл тургундары билдиришти.

Тасма: 40 жыл мугалимдик кесипти аркалаган Кыдырмыш Масылов

Кыдырмыш Масылов Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылындагы Асан Сопиев орто мектебинин мугалими болуп 41 жылдан бери эмгектенип келет. Ал эл агартуунун отличниги наамын алып, мектепте директордук милдетти да …

Түрдүү салат жана кумшекерсиз кыямдарды жасаган багбан айым: Тасманын тургуну Жаңыл

Ысык-Көл облусунун Тасма айылынын тургуну Жаңыл Чингиспаева айылдын кыз-келиндерине кышкы салаттарды, түрлүү кыям, компотторду даамдуу кылып жасоого үйрөтүү  менен көп жылдан бери алектенет.

Ооган-Талаада окуучулар диний экстремизм темасында тегерек стол өткөрүштү

Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылындагы №17-гимназия мектебинде 11-класстар арасында диний экстремизм жөнүндө тегерек стол болду. Сабакта диндин оң жана терс тараптары талкууланды.

Учкун жамааттык мультимедиа борборунун тренери сабак өттү

«Клооп медиа» коомдук фондунун журналистика мектебинен окуп келген Жанара Асанкул кызы алган билимин айылдагы журналистикага кызыккандар менен бөлүштү. Анын тренинги 26-27-февралда болуп өттү.

Кызыл-Булак: Айбашев орто мектебинде Манас тануу сынагы болуп өттү

Т. Айбашев орто мектебинде Манас тануу сынагына Төрөбай Кулатов айыл өкмөтүнө караштуу 9 мектеп катышты. Сынак 26-февраль күнү болуп өттү.

Баетов: Ар ишемби ата-энелер арасында спорттук оюндар өткөрүлөт

“Тарых жана маданият жылына” карата Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектебинде ар аптанын жума жана ишемби күндөрү ата-энелер арасында ар түрдүү спорттук мелдеш өтүп туруу белгиленди.

“American Song Contest 2016” сынагы Ак-Талаада

Ак-Талаа районунда окуучулар арасында «American Song Contest 2016» аттуу англис тилиндеги ырларды аткаруу боюнча сынактын жарым финалы өттү. Бул сынактын максаты — англис тилин өздөштүрү жана АКШнын ырдоо маданиятынын таануу …

Үч-Коргон айылында жашылдандыруу жана тазалоо иштери башталды

Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында жаз мезгили келип, күндүн жылуу болгонугуна байланыштуу айлана чөйрөнү тазалоо жана көрктөндүрүү иштери башталды.

Үч-Коргон айыл өкмөтү 2015-жылда аткарган иштери боюнча маалымат жыйын өткөрдү

Маалымат жыйынында жергиликтүү бийлик ээлери 2015-жылда аткарган иштерин айтып, 2016-жылга карата пландарын бекитишти.

Куланакта математикалык жумалык жана “Сармерден” сынагы болду

Кышында А. Аралбаев орто мектебинде чакан линейкалар, сынактар көп уюштурулду. Себеби 25-январдан 25-февралга чейин математикалык бир айлыкка байланыштуу 6- класстар арасында чакан линейка болуп өтсө, кыргыз тил сабагы боюнча 17-февралда 7-класстар …

«Жаш таланттар-2016» фестивалы Жан-Булак айылында болуп өттү

  Нарын районуна караштуу Жан-Булак айылында “Жаш таланттар-2016” фестивалы 25-февралда болду. Фестивалга беш айыл катышып, ар бир айылдан отузга жакын окуучулар келишти. Окуучулар келген айылдарды тосуп алышып, ар бир мектепке …

Талас шаарында «Терроризмге каршы күрөшөлү» аттуу темада тегерек стол өттү.

26-февральда Талас шаарында ОБСЕнин колдоосунда жана Акыйкатчысынын Талас облустук өкүлчүлүгунүн демилгеси менен  «Терроризмге каршы күрөшөлү» атту темада тегерек стол өтту.

Суусамырда күрөш боюнча мелдеш болуп өттү

23-Февралда  Атамекенди коргоо  күнүнө карата Суусамыр айылында балдар арасындагы күрөш оюну болуп өттү.

Шахмат боюнча мелдеш уюштурулду

К. Конушбаев атындагы орто мектебинде шахмат боюнча мелдеш болуп өттү.

Баетов: Аскердик мелдеш окуучуларды патриоттуулукка тарбиялайт

Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 11-класстын окуучулары арасында  аскердик-спорттук “Зарница” сынагы өттү. Сынак жободо белгиленген тапшырмалардын негизинде өтүп, окуучулар жигердүү катышты.

Учкун: Шарты жок маданият үйү жаңыланабы?

Нарын районуна караштуу Учкун айылында «Чоро Кожомжаров» атындагы маданият үйү союз убагында тургузулган. Учурда болсо анда маданий кечелерди уюштурууга эч кандай ыңгайы жок.

Баетов: Жергиликтүү кеңешке талапкерлерди каттоо аяктады

Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясы бүгүн жергиликтүү кеңешке талапкерлердин документтерин кабыл алууну токтотту.  Үстүбүздөгү жылдын 27-мартында өтүүчү   шайлоого карата 89 талапкер арыз берген.

Куу-Майдан айылында мыкты жигит конкурсу болуп өттү

Ноокат районунун Куу-Майдан айылында мыкты жигит конкурсу болуп өттү. Мыкты жигит конкурсу 23-февралга карата болду.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...