Чүй облусунун Жайыл районунун дыйкандары беденин уругун алууну аяктап жатышат. Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айылында да тургундар бул ишти аяктоодо.
Ак-Талаа районунда кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо өнөктүгү 20-августта башталган. Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Уланбек Казиевдин маалыматына караганда дыйкандардын эмгегин текке кетирбей, кышка калтырбай оруп-жыюу иштерин бүткөрүү болгон аракеттер көрүлүүдө.
Ак-Талаа районунда кылкандуу дан эгиндеринин күзгү түшүмүн коромжусуз жыйнап алуу үчүн аракеттер көрүлө баштады. Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери дан комбайндардын абалын, айылдарда техникаларга жүргүзүлүп жаткан ремонт иштери менен таанышып …
Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылынын Тытты конушуна койлорду жаман илдеттерден арылтып, жуунту үчүн кой жуут пункту салынды.
Базар-Коргон районунда кылкандуу дан эгиндери бышып, дыйкандардын кызуу иш үстүндө экени көрүнүп турат.
Ишкер дегенде эле көз алдыбызга шаарда жашап, ири бизнес түзгөн адам келет. Бирок, коомдо калыптанып калган ой жүгүртүүнү бузуп, тоо этегинде ишкерлик кылган адамдар да жок эмес. Анан калса, биздин …
Бодо малдын сарык ылаңы — курч инфекциялык оорулардын, гастрит, гастроэнтерит, уулуу заттар менен уулануудан улам келип чыгат. Гепатиттин келип чыгуусунуна организмдин жалпы начарлоосу, веноздук системада кандын токтоп калышы мүнөздүү. Алдын …
Жайыл районундагы Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу жана Ставрополовка айылынын тургундарына тамактануунун сапатын жакшыртуу боюнча жардам берилип жатат.
Нарын облусундагы Сөң-Көл жайлоосуна жыл сайын миңдеген туристтер баш багышат. Ал эми өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу, быйыл туристтердин келиши тууралуу Чолпон айылдык жайыт комитетинен сурап көрдүк.
Ат-Башы районунда бир айдан бери «Муктаждарга төрт түлүк мал» акциясы жүрүп жатат. Акциянын негизинде колунда бар, жардам бергенге даяр адамдар муктаж үй-бүлөлөргө мал жандыгын жардам катары беришет. Бул акция эстафета …
Социалдык тармактарда алгач Түп, кийин Тоң районунда жылкылар ылаңдап жатканы туурасында видео тарап, түрдүү пикир жаратты. Арасында жылкылар коронавируска чалдыкты дегендер да болду. Ал эми Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча …
Социалдык тармактарда Ысык-Көлдө жылкылар ылаңдап жатканы туурасында видео тарап, коронавируска байланыштырган учурлар да болду. Иликтөөнүн жыйынтыгында ринопневмония ылаңы аныкталган. Бул кандай ылаң, канчалык кооптуу? Адистин жообу.
Карасан ылаңы мал чарбачылыгына олуттуу зыян келтирет. Ылаң, уйдун этин жана анын сүтүн бузат. Мындай ооруга бүтүндөй бодо мал жугушу мүмкүн. Бирок, белгилерди аныктоо үчүн тез жана өз убагында иш-аракет …
Учурдагы өзгөчө кырдаалга байланыштуу Ак-Талаа районунда социалдык жактан жардамга муктаж. 200 үй-бүлөгө 7 түрдүү жер-жемиштердин уруктары бекер таратылды.
Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын таза суу тутүктөрү 1978-жылдары курулган. Бүгүнкү күндө эскилиги жетип, дээрлик 80% жараксыз абалга келген. 2020-жылдын апрель-май айларында жергиликтүү бийликтин жана айылдын жашоочуларынын биргелешүүсү менен оңдоп …
Базар-Коргон районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмү калкты сууга чөгүп кетүүдөн сактануусун камсыз кылуу үчүн калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Өлкөбүздө карантиндик абал орноп, кыймыл аракет азайганы менен талааларда иш кызып, дыйкандар жаздын ар бир күнүн текке кетирбей иштеп жатышат. Бакай-Ата районундагы Өзгөрүш айыл аймагында 2259 гектар айдоо жер бар. …