Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Башкы жаңылык

Ак-Талаада дан эгиндерин коромжусуз жыйнап алуу аракеттери башталды

Ак-Талаа районунда кылкандуу дан эгиндеринин күзгү түшүмүн коромжусуз жыйнап алуу үчүн аракеттер көрүлө баштады. Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери дан комбайндардын абалын, айылдарда техникаларга жүргүзүлүп жаткан ремонт иштери менен таанышып …

11 Август 2020 жыл 11:55

Кутурма коркунучтуу ылаң!

Кутурма — айыккыс, өлүмгө алып келүүчү коркунучтуу ылаң. Мал жандыктардын саламаттыгын сактоо үчүн бул ылаңдын белгилерин жана алдын алуу жолдорун билиңиз.

7 Август 2020 жыл 22:08

Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имараты жараксыз абалда

Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу  №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имараты учурда жараксыз болуп, имараттын дубалдары чекесинен урап түшө баштаган. Бирок ошондой кыйроо абалына карабастан бул борбордо айыл тургундары дарыгерге …

5 Август 2020 жыл 18:17

Суусамыр: Жаӊы окуу жылына окуу корпусу даяр

Суусамыр айыл аймагынын Кожомкул айылындагы Сапарбек Мырзакматов атындагы орто мектебинин башталгыч корпусунун оңдоо иштери май айынын аягынан бери уланууда. Бул мектеп эски мектеп болгондуктан көп жылдан бери ремонттон өткөн эмес …

5 Август 2020 жыл 18:11

Covid-19 Жети-Өгүз районунда күч алууда

Бүгүнкү күндө Жети-Өгүз районунда абал оор. Жети-Өгүз райондук ооруканада азыркы күндө 150гө жакын адам дарыланып жатат. Ооруканада орун жок болгондугуна байланыштуу Жети-Өгүз туберкулездук санаторияга дагы жатып дарылануучу бөлүм ачылып, ал …

3 Август 2020 жыл 15:37

Ак-Талаада мүмкүнчүлүгү чектелген жубайларга айылдаштары үй куруп беришти

Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу Чолок-Кайың айылынын жашоочулары айылдашы Мухабатбек Календеровго чоң үй куруп беришүүдө. Мухабатбектин жана жубайы экөөнүн тең ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, 2-топтогу майыптар. 4 баласы бар.

2 Август 2020 жыл 12:21

Кулатов: Ооруканага мед жабдыктарды алуу үчүн акчалай жардам берилди

Кулатов айыл аймагындагы Жал айылдык №16 ооруканасына  В.И Ленин атындагы орто мектебинин 1981- жылы туулган 60 бүтүрүүчүнүн атынан ооруканага керектүү болгон медициналык жабдыктарды алуу үчүн жардам  колун сунушту. 

1 Август 2020 жыл 16:50

Каныкей Батырова: Үй-бүлөнү да күн сайын куруу керек…

Каныкей Батырова – ийгиликтүү ишкер айымдардын бири. Ал 20 жашында Орусияда өз бизнесин ачып, 21 жашында алгачкы миллионун тапкан. Бүгүнкү күнгө чейин 17 бизнестин түрү менен алектенген айым бизге берген …

30 Июль 2020 жыл 14:05

Абитуриенттерге адистик тандоо кыйынга турду

Кыргызстанда ЖОЖдого кабыл алуунун 2-туру өтүүдө. Биринчи турдун жыйынтыгы менен бюджеттик орундардын — 45%, ал эми контракттык орундардын — 13% гана абитуриенттер тарабынан тастыкталды. ЖОЖДорго онлайн тапшырууу кандай өтүүдө? Андагы …

29 Июль 2020 жыл 16:28

Күндүзгү стационарга биринчи жолу кычкылтек концентраторун алып келишти

Базар-Коргон районундагы Могол айылдык ооруканасына кычкылтек концентраторун алып келишти.

29 Июль 2020 жыл 16:27

Ак-Талаалык окуучу өлкө Президентинин сыйлыгына татыды

Ак -Талаа районунун Э.Мейманов атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Алмазбекова Сезим Президенттин кабыл алуусунда болуп, мактоо баракчасы, ноутбук жана акчалай белектер менен сыйланды. Сыйлоо салтанаты Ала-Арча резиденциясында болду.

28 Июль 2020 жыл 22:46

Ак-Талаада алдыңкы окуучулар жана сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Ак-Талаа районунда окуу жылын эң жакшы көрсөткүчтөр менен аяктаган, “Алтын тамга” аттестатынын ээлери, республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү, жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упайларды камсыз кылышкан окуучуларга жана аралыктан өткөн ар кандай республикалык …

27 Июль 2020 жыл 23:11

Covid-19: Көлгө түшүүгө ылайыктуу учур эмес

Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын саны акырындап азайып баратат. Ошол эле учурда жарандар дагы коомдук жайларда жүрүү эрежелерин сактабай бара жатканын байкоого болот. Врач — эпидемиолог Жазгүл Убайдилла кызы учурда илдеттен …

27 Июль 2020 жыл 23:02

Аскар Салымбеков тууралуу китепти окуңуз

Адамды жардылыкка, байлыкка да жетелеген анын адаттары. Бул сөздөр Кыргызстандагы алдыңкы бизнесмендердин бири Аскар Салымбеков тууралуу жазылган “Бай бол!” аталышындагы китептин негизги идеясы. Китепте орун алган жакырчылык же байлыкты чакырган …

26 Июль 2020 жыл 23:43

Кочкордун Эпкин айылында күндүзгү бөлүм ачылды

18-июль күнү Кочкор районунун Эпкин айылында күндүзгү бөлүм ачылды. Күндүзгү бөлүм үчүн даярдалган орундуктар мектепке жана мектептин китепканасына жайгаштырылды.

23 Июль 2020 жыл 22:38

Региондордун кесиптик лицейлеринде IT окутулат

2020-жылдын окуу жылынан тарта кесиптик лицейлерде IT адистиги окутулуп баштайт. Мындай окутуу Кыргызстандын беш облусундагы кесиптик лицейлерде орун алган. Кыргызстандын программисттер ассоциациясы бизге окутуунун кандай болоорун жана кимдер окуй ала …

23 Июль 2020 жыл 14:13

Элдин аманаты-элге келип жатат

Бүгүн Ак-Талаа районундагы аймактык ооруканага, күндүзгү дарылоочу жайга жана Жаңы-Талап, Көк-Жар айылдарына экиден, жалпы алты даана кычкылтек концентратору берилди. Аталган каражаттарды Баетов айылдык кеңешинин депутаты Курманбек Абакиров үй-бүлөсүнүн атынан бир …

22 Июль 2020 жыл 22:14

Чүпүрөк беткап сovid-19 каршы канчалык эффективдүү?

Covid-19 вирусуна каршы сооданы кайнатып, буусун жутуп, беткапка спиртти куюп жыттап же мурунду спирт менен жуугандар жок эмес. Чүпүрөк беткап сovid-19 каршы канчалык эффективдүү? Учурда көлгө же бассейнге түшсө болобу? …

21 Июль 2020 жыл 11:22

Ат- Башы: Ак-Жар айылына жаңы айыл өкмөт шайланды

17-июлда Ат-Башы районундагы Ак-Жар айылында айыл өкмөтүн шайлоо болуп өттү. Шайлоого жергиликтүү депутаттардын бардыгы катышып, басымдуу бөлүгү Уланбек Осмоновго добуштарын беришкен.

20 Июль 2020 жыл 16:12
Бейшемби
24 Аяк оона 2026
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...