Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Башкы жаңылык

Сүрөтбаян: Эл ичи — өнөр кенчи

Көл өнөрчүлүк менен өмүр бою алектенген айым жөнүндө баяндап бермекчибиз. Бүгүнкү каарманыбыз Нарын районуна караштуу Куланак айылынын тургуну  Майрамкүл Дүйшекеева. 

28 Сентябрь 2018 жыл 23:41

«Саймалуу-Таш»- ачык асман алдындагы сүрөттүү галерея

Жалал-Абад облусунан болжол менен 200 чакырым алыстыкта жайгашкан Саймалуу-Таш коругу дүйнөдөгү ири петроглиф галереяларынын бири болуп саналат. Ал Тогуз-Торо районундагы Көкарт жайлоосунда жайгашкан.

27 Сентябрь 2018 жыл 15:29

Окуучулар карыларга жардам беришти

Куланак айылына караштуу Абдылда Аралбаев орто мектебинде 26-сентябрь күнү, карыларга арналган иш-чара өткөрүлдү. Буга 8-а классынын окуучулары жана класс жетекчиси Эльзада Иманкулова менен биргеликте, айылдагы карылардын үйүн жыйнап, эшиктин алдын …

27 Сентябрь 2018 жыл 10:10

Өрөөндүк мугалимдер арасында спорттук мелдеш Куланак айылында болуп өттү

Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинде мугалимдер арасында спорттук мелдеш өткөрүлдү. Бул мелдешке Жутакеев, Токтобаев, Жусупов, Аралбаев орто мектептеринин мугалимдери катышышты.

24 Сентябрь 2018 жыл 10:41

Сүлүктүдө 150 жылдыкка даярдык жүрүүдө

22-сентябрь күнү өтүлүүчү Сүлүктүнүн 150 жылдык мааракесине карата даярдык кызуу жүрүүдө.

20 Сентябрь 2018 жыл 16:57

Мектеп окуучуларына китеп жетишпейт

Жаңы окуу жылы башталышы менен мектептеги окуу курал маселеси да жок эмес. Биз бул чыгарылышта Кара-Суу орто мектебинде окуучуларды китеп менен камсыз кылуу маселеси кандай болгондугуна кызыгып, мектептин китепканачысы Айниза Абдрасуловага …

19 Сентябрь 2018 жыл 22:59

Суусамыр айылында жаңы футбол аянтчасы курулуп жатат

Суусамыр айылында Тынчтык кѳчѳсүндѳ кичи футбол аянтчасы курулуп баштады. Буга чейин айылда футбол талаасы болгон эмес, футбол сүйүүчүлөр мектептин артындагы ачык жана шарты жок спорт аянтчасында ойноп келишкен. 

19 Сентябрь 2018 жыл 18:01

Суу чыкпаган кайрак жерди алма бакка айлантууга аракет кылган Ишенбек Шеримбеков

Айылдын өнүгүшүнө салым кошкон Тогуз-Торо районунун Табылгыты айылынын тургуну  Ишенбек Шеримбеков суу чыкпаган, кайрак жерге, тамчылатып сугаруу системасы аркылуу 500 түп алма багын отургузуп өстүрүүдө.

17 Сентябрь 2018 жыл 16:59

Айылда ФАПтын имараты курула баштады

Жайыл районунун Кара-Суу айылында Фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) курула баштаганына аз убакыт болду. Учурда дубалдары жана чатырлары тургузулуп жаткан убагы.

14 Сентябрь 2018 жыл 20:44

Айылда жаңы долбоор жазылып баштады

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн кызматкерлери Ставропол жана Кара-Суу айылдарынын тургундары менен бирге жаңы долбоор жазуунун үстүндө иштөөнү башташты.

14 Сентябрь 2018 жыл 19:28

Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарындагы Тогуз-Торолуктардын ийгиликтери

Жалал-Абад областына караштуу Тогуз-Торо районундагы уз чеберлер жана «Тогуз-Торо жаштар биримдиги»  Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында ийгиликтерге жетишишти.

10 Сентябрь 2018 жыл 23:50

Айылда жаңы ФАПтын имараты салынып баштады

Жайыл районунун Кара-Суу айылында ФАП (фельдшердик акушердик пункт) салына баштады. ФАПтын имараты Кара-Суу айыл аймагынын Женбаева Насипа жетектеген өкмөттүнүн администрациясынын жана айыл тургундарынын долбоорлор менен иштешинин жетишкендиктери.

4 Сентябрь 2018 жыл 20:31

Август кеңешмесинде мугалимдер сыйланды

Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмүнүн август айындагы кеңешмесинде райондук бардык мектептеринин  мугалимдери катышты.

31 Август 2018 жыл 22:10

Сүлүктүдө кенчилердин майрамы кызуу белгиленип жатат

Август айынын акыркы жекшемби күнү белгиленүүчү кенчилердин кесиптик майрамы Сүлүктү шаарында кызуу белгиленип башталды.

30 Август 2018 жыл 12:32

Эржан Осмоналиев бий сынагынан биринчиликти алды

Даярдаган: Айнуру Керимбаева Радиомост, Талас  

29 Август 2018 жыл 14:22

Электр тармагындагы маселелер түз эфирде талкууланды

«Суусамыр FM» жамааттык радиосунун түз эфиринде электр тармагы тууралуу түз эфирде маек болуп, эфирдин коногу катары Суусамыр участкалык электр тармагынын жетекчиси ашыр уулу Чынгызбек чакырылган. Программанын жүрүшүндө электр тармагын тейлөөчү …

27 Август 2018 жыл 0:29

Тогуз-Торо районунун мектеп окуучулары лагерге барышты

Тогуз- Торо райондук профсоюз уюму тарабынан каржыланып, 30 окуучу  Ысык-Көл облусундагы «Улан” пансионатына барышты.

26 Август 2018 жыл 22:04

Эл өкүлдөрү Тогуз-Торо районундагы көйгөйлөр менен жеринде таанышты

Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Касымалиева жана Кенжебек Бокоев Тогуз-Торо районуна келип, жергиликтүү эл менен жолугушту. Бул тууралу  Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Касымалиева төмөндөгүлөрдү билдирди. “Тогуз-Тородогу эл менен жолугушуу абдан жакты. …

25 Август 2018 жыл 23:04

Дан эгиндерин жыйноо аяктоодо

Жайыл районунун Кара-Суу айылында дан эгиндерин чабуу аяктап бара жатат.

5 Август 2018 жыл 23:42

Айыл таштандыдан арылбай жатат

Нарын районунун Учкун айылында таштандыларды жок кылуу жана айылды таза кармоо максатында 3 айдан бери ишембилик өткөрүлүп келет. Бирок, бул иш-чарага карабастан, айылдагы таштандылар көбөйүүдө.

4 Август 2018 жыл 23:23
Ишенби
14 Бештин айы 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...