Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Билим берүү

Баетов айылында бала бакча ачылат

Жарактан чыгып калган мечитти  бала бакча  кылып оңдошууда.  Бул демилгени Баетов айыл   өкмөтүнүн башчысы  Амангазиев Талант Турусбекович көтөргөн.

25 Апрель 2015 жыл 17:52

Тасма: Жаш бөбөктөр алгачкы китеби алиппе менен коштошушту

А.Сопиев атындагы №19 Тасма мектебинин 1- классын аяктап жаткан окуучулардын «Кош алиппем» аттуу майрам болуп өттү. Майрам жыл сайын жаз айында белгиленип келет.

25 Апрель 2015 жыл 17:19

Тасма: Айыл эли балабакчага муктаж.

Сүрөттө бала бакчага пландаштырылган мекеме Тасма айылынын тургундары көп жылдар бою бала бакчага муктаж болуп келишет. Эгерде айылга бала бакча ачылса анда балдардын аң сезими өсүп ,келечеги кеңеймек дейт айыл …

25 Апрель 2015 жыл 9:15

9-майга карата «Эрдик залы» уюштурулду.

А.Сопиев атындагы №19 Тасма жалпы орто билим берүү мектебинде     Улуу Ата Мекендик Тасма айылынан  согушта курман болгон жана кайтып келип курман болгон инсандарды унутпай ар дайым эстеп, таанып жүрүүгө,»Эрдик залы» …

24 Апрель 2015 жыл 23:34

Тасма: «Көп балалуу Динара Артыкбаева жардамга муктаж.»

  Тасма айылында көп балалуу Динара Артыкбаева учурда сегиз баланын энеси, эң улуу баласы 17 жашта. Бул үй-бүлө акча каражатына муктаж, жөлөк пул алса дагы аз, эч нерсеге жетпейт 8 …

24 Апрель 2015 жыл 6:31

Куу-Майдандагы китепканага 40 жылдан ашты

Куу-Майдандагы айыл өкмөтүнүн имаратында турган №3 китепкана тээ 1970-жылдары түптөлүп ошодон бери иштеп келе жатат. Айлыгы аз, билинбеген түйшүктүү эмгеги менен бул китепканада канчалаган эжекелерибиз элге кызмат кылышты, дейт китепкананын азыркы …

23 Апрель 2015 жыл 17:12

Тогуз-Торо: «Жыл мугалими- 2015» конкурсу аяктады.

18-19-апрелде  Тогуз-Торо  районунда «Жыл  мугалими  2015» конкурсунун  райондук  туру  откорулду.  Райондогу  мектептерден  12 мугалим  катышты.

22 Апрель 2015 жыл 21:30

Кызыл-Туу: Мүлкүбат мектеби жаңы асма шамдар менен жабдылды

2015-жылдын 11-апрель күнү Токтогул районунун Кызыл-Туу айылынын Мүлкүбат орто мектебине жаңы асма шамдар орнотулду.  Анткени эски асма шамдар жарактан чыгып, мектептин коридору караңгы болуп турган.

19 Апрель 2015 жыл 15:49

Тасма: Мектепте химия сабагынан ачык саат өттү

Тасма айылындагы А. Сопиев атындагы №19 жалпы орто билим берүү мектебинде химия сабагы боюнча семинар болуп өттү. Бул семинарга Түп району боюнча химия сабагын берген 20 мугалим келип катышты. Семинардын максаты, …

19 Апрель 2015 жыл 15:22

Токтоян: Мектепке Ашырбай Коёнкөзовдун аты бекеринен коюлган эмес

Мектепке Ашырбай Коёнкөзовдун ысымы бекеринен коюлган эмес. Ал согуш талаасында көптөгөн эрдиктерди көрсөтүп, башка жоокерлерге үлгү болгон. Биз сөз козгойлу деген баатыр Токтоянда туулган. 

18 Апрель 2015 жыл 16:09

Бакай-Ата: Ленин мектебинде азык-түлүк программасы уланууда

Бакай-Ата айылында В. И. Ленин атындагы орто мектеби Орус Федерациясынын колдосуу менен ишке ашырылып келген БУУ ДАПнын жана Кыргыз Республикасынын долбоорун алкагында Өкмөтүнүн «Мектеп тамактандыруусун оптималдаштыруу» доллбоорун алкагында пилоттук мектеп болуп дүйнөлүк, …

17 Апрель 2015 жыл 15:51

Барскоон: Кендирбаев мектебинде кезектеги акыл ордо география темасында болду

Биринчи коомдук каналдагы кадимки акыл ордо сыяктуу эле орто мектепте да акыл ордо теэ-тез өткөрүлүп турат. Мугалимдердин колдоосу жана окуучулардын аракети менен уюшулган иш чара көпчүлүктүн көнүлүн бурууда.

17 Апрель 2015 жыл 15:30

Куланак орто мектебинде ысык тамак очокто жасалат.

Куланак орто мектебинде электр жарыгы өчкөн учурда ысык тамакты очоко жасоого туура келет. Айылда подстанцияларда ремонт журуп свет өчүрүлүүдө. Электр жарыгы ар кандай жаратылыш кубулуштарына байланыштуу көп өчөт. Мектепте электр …

17 Апрель 2015 жыл 15:21

Токтоян: Айылыбыздагы Адилет кичинекей болсо да техникаларды оңдойт

Токтояндык Адилет Аманбек уулу 9-класстын окуучусу. Өзү кичинекей болсо дагы азыртадан машинанын моторун жасап, ар кандай бузулган майда-чүйдө техникаларды жасоо менен алектенет.

17 Апрель 2015 жыл 12:42

Сынакта баш байгеге ээ болду

Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектептин 4-классынын окуучусу Айгерим Байтерекова Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган көркөм окуу боюнча облустук сынакта баш байгени жеңип алган.

16 Апрель 2015 жыл 21:42

Терек-Суу: Мектепте комуз ийрими иш алып барууда

Терек-Суу айылындагы № 12 Курама уулу Турусбек атындагы орто мектебинде окуучулардын талантын ачуу жана өнөр казынасына тартуу максатында чакан ийримдер ачылган, алардын бири комуз ийрими. Бул ийрим мектептин маданият тармагына …

16 Апрель 2015 жыл 12:37

Терек-Суу: Мектепте Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгы белгиленди

Адабият дүйнөсүндө акындардын алпы болгон Алыкул Осмонов быйыл 100 жашта. Кыргыз журтчулугуна өлбөс, өчпөс таланты менен из калтырган, «жаратканга миң мертебе калп айтса да, ырына бир мертебе калп айтпаган» акын …

16 Апрель 2015 жыл 12:29

Андарак: Мугалимдер айылдык волейбол мелдешинде 3-орунду алды

Андарак айылынын Манас орто мектебинин спорт залында мугалимдер арасында волейбол боюнча спорттук мелдеш өткөрүлдү. Оюн бир күнгө созулду.

16 Апрель 2015 жыл 11:32

Ханнс Зайдель фондунун Орто Азиядагы башчысы Доктор Макс Майер Сүлүктүгө келди

Ханнс Зайдель Фондунунун Орто Азиядагы башчысы Доктор Макс Георг Майер иш сапары менен Сүлүктү шаарында болду. Максаты Фонддун каржылоосу менен Президенттин алдындагы башкаруу Академиясынын магистр программасынын бүтүрүүчүлөрүнүн иштери менен танышуу жергиликтүү …

16 Апрель 2015 жыл 10:22

Токтоян: Мектепте башталгыч классынын Алиппе майрамы болуп өттү

Токтоянда 1-класстын Алиппе майрамы болду. Бул майрамда кичинекей балдар дикломация (ыр) гана айтышпастан бийлешип, чакан сценкаларды коюшуп айтор өзүнчө шаң менен өткөрүлдү.

15 Апрель 2015 жыл 19:02

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...