Кызыл-Туу айылынын Саадаш Абдылдаева атындагы орто мектебинин окуучуларын Польшадан келген Эвелена «Кыргыз асманынын алдында» деген долбоору менен тааныштырып кетти. Балдар асмандагы жылдыздарды телескоп менен кɵрүүнү үйрɵнүштү.
Токтогул районунун Терек-Суу айылындагы Эргеш көчөсүндө кудуктан жер алдынан насос менен сордурулуп алынган таза суу чыгат. Айылдагы үч көчөнүн эли айына 20 сомдон төлөп, ушул жерден таза суу алып пайдаланышат.
Токтогул районундагы айтылуу Узун-Акмат дарыясынын башында алтын кени бар экендиги СССР мезгилиндеги геологиялык чалгындоолордон аныкталган.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагынын талааларында каракурт көбөйдү. Быйыл каракурттан жабыркагандардар каттала элек. Өткөн жылы төрт адам жабыр тарткан.
Мен сɵз кыла турган айым, биздин мектепте 4 жылдан бери биомаданий ар түрдүүлүк жана салттуу билимди окутуу боюнча мугалимдерди жана окуучуларды үйрɵтүп келген Жанар Алгожоева эже болмокчу.
Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылынын мал доктуру Бакыт Чороевге «Арис» программасы тарабынан мотоцикл ыйгарылды.
Нарын районуна караштуу Жерге-тал айылында Улуттук каада-салт фестивалы болуп ɵттʏ.Фестивалда кɵчмɵн кыргыз элине тиешелʏʏ болгон улуттук буюмдар,улуттук каада-салт, оюндар кɵрсɵтʏлдʏ.
Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айылынын тургундары ɵздɵрү каражат чогултуп, кɵчɵлөрдү жарыктандырып алышкан. Аудио: Жерге-Тал айылынын көчөлөрүнө тургундар өздөрү жарык коюшту
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагынын жайлоолорунда быйыл мал өлүмү көп катталууда. Бул илдеттерге каршы вакциналардын жетишсиздигинен улам болууда.
Бүгүнкү күндө уюлдук телефонсуз жашообузду элестетүү кыйын. Муну заманбап адам тана албастыгы анык. Уюлдук телефон башында байланыш үчүн гана колдонулса, кийинчерээк анын жазуу китепчеси, сааты жана ойготуучу коңгуроосу пайда болду. …
https://www.playbuzz.com/attokurovaumutai10/5-16-2017-10-43-20-am
Сумбула айыл аймагынын Айна-Таш жайытында 8-июль күнү “Картошка талаа күнү” аттуу семинар болуп өттү. Семинарга ар кандай уюумдар, райондун, айыл өкмөттөрүнөн келген фермер-дыйкандар катышты.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагынын Андарак, Искра айылдарына «Кыргыз телекомдун» демилгеси менен кабелдик интернетке туташтыруу иштери жүрүп жатат. Кабелдик интернет август айынан баштап иштейт.
Лейлек районунун Сумбула айыл аймагында тезек кургатуу иши кызуу жүрүп жатат. Айылда кыштын узак болгондугуна байланыштуу отун көп керектелет.
Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын тургуну Дилбар Кулчаева он жылдан бери шырдак жасап эмгектенет. Ал бир шырдакты он миң сомдон сатат.
2017-жылы кар көп жаагандыгына байланыштуу Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынында «Чоң-Арык — Тамга-Терек» жолдоруна жер көчкү түшүп, малчылардын жолун бөгөп калган. Малчылардын жайлоого көчүүсүн тездетүү максатында көчкүнү тазалоо үчүн Токтогул …
Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылындагы мектептин, ФАПтын оңдоо иштерине жана китепкананын салынышында «АРИС» программасынын салымы чоң. 2017-жылы бул программа менен айылдагы мал доктурга алыскы жердеги тургундардын үй жандыктарына дары жеткирип …
Талас шаарындагы жамааттык “Радиомост” үналгысында 6-июнь күнү JICA уюмунун ыктыярчылары түз эфирде конок болушту.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагында күндүн ысып кеткенине байланыштуу быйыл чөп чабык иштери эрте башталды. Бул тууралуу Сумбула айыл өкмөтүнүн жер адиси Бахридин Өмүрзаков билдирди.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагында быйыл өрүктүн түшүмү жылдагыдан мол болду. Учурда айыл тургундары бактарындагы өрүктүн түшүмүн жыйнай баштады.