Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Медиатека

Смартфон үчүн төртүнчү сынактын жыйынтыгы

    Клооптун 2015-жылы уюштурган «Күз-2» жана 2016-жылы уюштурган «Кыш-1» журналистика мектебинин тренерлери өз айылдаштарына алган билимин бөлүшүп, жаңылык жазуунун негиздерин үйрөтүшкөн. Тренерлердин сабактарына катышкан ыктыярчы-кабарчылар алты ай (март — август) аралыгында сынак …

5 Сентябрь 2016 жыл 17:05

Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы мектепте окуу башталды

Жайкы мезгилдеги ремонт иштеринин ар кандай себептеринен улам кечеңдеп, жаңы окуу жылына кирбей калуу коркунучунда турган Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев мектеби 1-сентябрда окуу процессин баштады.

3 Сентябрь 2016 жыл 22:09

Айтылуу Акмөөр сулуунун айкели тургузулду (фото)

Эгемендиктин 25 жылдыгын утурлай Ак-Талаанын Баетов айылында Соң-Көл периси  Акмөордүн эстелиги ачылды. Ал Мурзалымбеков көчөсүндө жайгашкан Тарых музейинин кире бериш жерине коюлду.

2 Сентябрь 2016 жыл 21:52

Эгемендүүлүк күнүндө Ак-Талаалыктар парадга чыгышты (сүрөт баян)

Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата Баетов айылында парад болду. Ага бардык мекеме-ишканалар, билим берүү мекемелери ар кандай ураан, чакырыктар менен чыгышты.

2 Сентябрь 2016 жыл 19:04

“Ак-Талаанын Ардактуу атуулу” наамы бир катар адамдарга берилди

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата Ак-Талаа районунда ар кыл тармакта өз салымдарын кошкон бир катар инсандарына райондун “Ак-Талаа районунун ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды.

2 Сентябрь 2016 жыл 15:30

Каржы сабаттуулугун жогорулатуу — жакырчылыктан чыгуунун жолу

Каржылык сабаттуулук — биринчи кезекте адамдын каржылык чечимди кабыл алууда анын кесепеттери менен тобокелдиктерин эсептеп чыгууга зарыл болгон маалыматы. Учурда көпчүлүк эл насыя менен тиричилик өткөрүп жатканы белгилүү.

2 Сентябрь 2016 жыл 0:38

Көчмөндөр оюнуна Ак-Талаадан төрт спортчу барат

Ысык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өтүүчү Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнундагы мелдештерге катышуу үчүн  Ак-Талаа районунан төрт спортчу барат.

30 Август 2016 жыл 22:53

Ат-Башы: Ала кийиздин жасалышы

Канча кылым карытып жол басып өтсө дагы, кыргыз ала кийизинин жасалышы ошол бойдон муундан муунга өтүп келет. Жүнгө жан кийирип, ала кийиз жасаган уз айымдардан ала кийиздин жасалыш тартиби менен …

29 Август 2016 жыл 23:31

Куланак айылындагы корук маселеси

Куланак айылындагы айдоо аянтында эркин жүргөн жылкыларды көрүп, Учкун айыл өкмөтүнө караштуу Куланак айылынын кароолчусу Имангазы Кыдыралиев менен маек курдук.

29 Август 2016 жыл 23:22

Тасма: Мектеп окуучулары жайкы эс алууну кандай өткөзүштү?

Акырындап мектеп окуучуларынын жайкы каникулу бүтүп бара жатат. Биз окуучулар жайкы эс алууну кандай өткөзгөндүгү тууралуу маек курдук.

27 Август 2016 жыл 6:32

Куу-Майдан айылына төрт бөлмөлүү мектеп курулууда

Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов мектебинин жанына төрт бөлмөлүү мектеп курулууда.

26 Август 2016 жыл 0:09

Куу-Майдан айылындагы комузчунун сыры

Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын тургуну Убайдилла Рустамов айылдагы комуз жасаган жыгач уста. Комуз жасоо ал үчүн кесип эмес, ата-бабасынан калган өнөр.

25 Август 2016 жыл 22:57

Агартуудагы алдыңкылар сыйланышты

Мугалимдердин август кеңешмесинде өткөн окуу жылынын жыйынтыгы менен ишинде алдыңкы көрсөткүчтү берген билим берүү мекемелери жана агартуучулар, тарбиячылар жана оңдоп-түзөө иштерин мыкты жасаган мектептер, бала бакчалар грамоталар жана акчалай сыйлыктар …

25 Август 2016 жыл 18:34

Механизатор Оконов 20 жылда 4 комбайн курап чыгып, дан эгиндерин жыйноого колдонуп келүүдө

Ак-Талаа районундагы Чолок-Кайың айылынын 52 жаштагы тургуну Жеңишбек Оконов 20 жылдан бери 4 комбайн курап, аларды дан эгидерин жыйноого колдонуп келет.

25 Август 2016 жыл 18:00

Мугалимдердин август кеңешмеси өттү

Ак-Талаа районунда мугалимдердин август кеңешмеси өтүп, ага 18 жалпы билим берүүчү орто мектептердин жана бала бакчалардын тарбиячылары, ошондой эле акимдин орун басары А. Сулайманов жана билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги катышты.

25 Август 2016 жыл 17:18

Барскоон: Жергиликтүү ишкер Мирлан мырзанын эмгек артындагы иштери

Күндөн-күнгө автоунаалардын көбөйүшүнөн улам унаа жуучу жайларга муктаждык жаралат. Барскоон айылында мындай жайлардан бирөө болсо дагы–дагы кардарларды тейлеп, өз иштерин улантууда.

25 Август 2016 жыл 12:38

Ооган-Талаа: Сезондун мөмө-жемиш бизнеси

Ооган-Талаа айылында жай мезгилинде гаражда мөмө-жемиштерди алып кургатышат. Элден жемишти беш сомдон сатып алаарын айтат Укубаев.

24 Август 2016 жыл 16:55

Бакай-Ата: Оорукананын бөлүмдөрү кайра жаңыланууда

Бакай-Ата айылындагы ооруканадагы бөлүм кайрадан жаңыланууда. Мындан 40 жыл мурда курулган оорукана Саламаттыкты сактоо министрлигинин тендери аркылуу акча каражаты бөлүнүп кайрадан жаңыланууда.

24 Август 2016 жыл 11:23

Могол айыл аймагында жаңгак уурдагандарга 2000 сомдон айып пул салынат

Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагында жаңгак терим жакындаган сайын уурулук каттала баштайт. Бул тууралуу Могол айыл аймагынын башчысы Эркин Турдукулов билдирди.

24 Август 2016 жыл 7:18

Бакай-Ата: Ленин атындагы орто мектебинде күнөскана курулууда

Күнөскананын курулуушу бүткөндө 1-сеньтябырда салтанатуу түрдө кызыл лента кесилет. Күнөсканын башкы максаты — 1-4-класска чейинки балдарды пайдалуу тамактар менен камсыз кылуу.

23 Август 2016 жыл 16:43

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...